Батыш тууралуу кандай позицияда туруу керек?

Глобалдык перспектива-30

1019435
Батыш тууралуу кандай позицияда туруу керек?

Батыш тууралуу кандай позицияда туруу керек?

Акыркы эки жүз жылдан бери Батыштан тышкаркы коомчулуктардын дээрлик бардыгында аз же көп кандайдыр бир батышташуу процесси болууда. Бул абал негизинен Батыштын жана анын цивилизациясынын бул процессте жетишкен үстөмдүк кылуучу мүнөзүнөн келип чыгууда.  Батыш менен күрөшүүлөрүндө жеңилип калган коомчулуктар, чечүүчү жол катары белгилүү катышта батышташуу процессине кирүүдө.

Батыштан тышкаркы коомчулуктардын Батышка жеңилип калууларынын себеби шексиз бир гана Батыштагы өнүгүүлөр эмес. Бул коомчулуктардын өз тарых, салт, маданият жана цивилизацияларынан өздөрүн замандын талаптарына жараша кайрадан өндүрө албоолору, өздөрүнө таандык кадамдары менен келип чыккан муктаждыктарды же туш болгон коркунучтарды жое албоолору, учурдагы абалдын балким эң маанилүү себеби болуп саналат. Бул коомчулуктардын келечектеги жүз жылдарда жашоолорун уланта алуулары үчүн өздөрүнө таандык атайын кадамы, онтологиялык көз карашы, эпистемологиялык түшүнүк менен изилдөөлөрүн улантуулары керек...

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүлдүн темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

Бул коомчулуктардын ушундай изденүүлөрү шексиз уланууда. Бирок жашоо дагы уланууда. Батыштан тышкары коомчулуктар «алгач өздөрүн жаңыласын, андан кийин Батыш менен мамиле түзсүн» делбейт. Бир тараптан бул аракетин улантып жатканда, экинчи тараптан табигый түрдө чыгыш, батыш, түндүк жана түштүк менен карым-катнаштарын улантууга аргасыз. Анткени жашоо токтогон жок. Бул жерде өзүнүн онтологиялык абалын аныктабастан Батыштан тышкаркы коомчулуктардын Батыш жана анын цивилизациялары менен кандай байланыш кура тургандары, Батышка карата кандай позицияда боло турганы жөнүндө суроо эске түшөт. Ислам цивилизациясы сыяктуу чоң цивилизациялар кечээ эле пайда болуп, тамыры жок цивилизациялар эмес. Көп жылдардан ашкан тажрыйбалары, ар башка коомчулуктарды жанаша чогуу жашатуу тажрыйбалары менен учурда ансыз деле өз деңиз маяктарына, түптүү шилтемелерге ээ. Бул деңиз маяктары бүгүнкү күндө туш болгон маселелердин чечилиши үчүн болушунча сабак берип турат. Ал эмес бир дин катары исламдын келиши да бир жолкуда эмес, турмуштун ичинде кездешилген абалдарга байланыштуу, кудум эле убакытка жайылган сыяктуу.

Батыштан тышкаркы коомчулуктар, өздөрүн өз коомчулуктарынан көп багыттуу кайрадан  өндүрүү аракеттери уланып жатканда Батыш тууралуу кандай мамиле же турумда болот эле?

Бул маселенин жообу кечээ да маанилүү болчу, ал эми бүгүнкү күндө андан да манилүү. Батыштын акыркы эки жүз жылдык процессте бүткүл дүйнөдө таасири дагы да арткан абалда. Андан да маанилүүсү бүгүнкү күндө Батыштан тышкаркы коомчулуктардан он миллиондогон адам Батышта жашап жатат. Ичинде жашаган аймактары менен Батыш коомчулуктарынын ортосунда кура турган байланыш абдан маанилүү болуп саналат.

Керек болсо баскынчы саясаттары себеби менен Батыштан тышкаркы коомчулуктарда, керек болсо ассимиляция саясаттарынын себеби менен Батышта жашаган батыштын тышынан келген коомчулуктарда Батышка каршы туруу абдан жайылган. Батыштын басып алуусу же ассимиляция саясаттарына дуушар болгон адамдардын каршы туруу сезимдери түшүнүлсө болот. Муну менен бирге кээде бул каршы туруу сезими бир гана батыш менен чектелип калган жери жок, жашоонун бардык тармактарын камтууда. Анти-батышчыл, анти-заманбапчыл, анти-капиталист, анти-ааламдашуучу мамилелер бардык тармактарда көрүнүүдө. Каршы туруу сезими кээде жеке кишилердин Жаратканга жумшабаган күчтү каршы турган нерсеге жумшоого чейин созулууда. Заманбапташууга, глобалдашууга, Батышка, сионизмге, бүткүл дүйнөнү алаканында калчап, жашоонун бардык тармагын курчап, каалаган бардык нерсеге ээ болгону сыяктуу теңирдик күчкө кабылууда.

Шексиз Батыш жана цивилизациясынын ичинде каршы чыгылышы керек болгон көп сандаган элемент бар. Жаңылыш болгону, ишенимдүү түрдө жасалган баа берүүлөрдөн кийинки каршы чыгуулар эмес, тобу менен каршы чыгуулар болуп саналат. Балким чарасыздык, жеңилүүчүлүк, курчалгандык, эзилүүчүлүк сезиминин ичинде бардык нерсеге каршы чыгуу жана каршы чыккан нерсеге теңирдик күч сыяктуу кароо жеке кишилер үчүн тынчтантуучу болушу мүмкүн. Эл массаларына, өзгөчө жаштарга ылайыктуу болуп көрүнүшү мүмкүн. Каршы чыгуунун себебинен көп нерсе кулатылышы мүмкүн. Бирок каршы чыгуу же бир нерсенин терсин жасоо менен оригиналдуу айтымы болгон эч бир нерсе курула албайт. Бир адамдын, идеологиянын, көз караштын өзүн каршы турган нерсеси аркылуу толуктоосу, аны каршы чыккан нерсеси белгилөөсү, калыптандырышы дегенди берет. Каршы чыгуу аркылуу өзүн аныктоо тескерисинче каршы чыкккан нерсеге багынып берүү болуп саналат.

Экинчи тараптан бир реакция көрсөтүүгө каршы чыгуу аркылуу жайгашуу, абдан жай алдырганына карабастан курчалгандыкты дагы да тереңдештирүүдөн, турмуштан, дүйнөдөн жана чындыктардан дагы да алыстатуудан башка эмне салым кошо алат? Бир гана каршы чыгуу аркылуу жайгашуу адам өзүн суракка алуусун, каршы турган нерсенин ырасталышын жана ыктымалдуу кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн дагы жойгондуктан, негизинен чечилбөөчүлүктү жана ичинде турган чарасыздыкты дагы да тереңдетет. Ушундай каршы чыгуучулук көбүнчө ага каршы жайгашуулар тарабынан да катуу колдоо алат. Хашхашилер менен кресттүүлөрдүн ортосундагы карым-катнаш бүгүнкү күндөгү радикалдык агымдар менен батыштык айрым чалгындоо уюмдарынын ортосундагы карым-катнаштар бул абалдын так мисалы болуп саналат. Чындыгында бүгүнкү күндө муктаждык болгон нерсе бизди дагы да курчаган чечилбөөчүлүктү тереңдеткен, барган сайын ичин көздөй жабылган, жеңүүчүлүк психологиясы менен бардык нерсеге каршы чыккан, бардык нерсени четке каккан эмес, өзүнө ишенүү менен маселени чече алуу болуп саналат. Ушул себептен каршы туруунун тартуучулугуна, сөздүн чебердигине, реторикалык кооздоолорго, интеллектуалдык кобуроолорго кабылбастан, акыл-эстүүлүк жана ишенимдүү түрдө бардык тарап менен байланыш түзүш керек.

Маселе ушул жагынан алынганда «батышка карата» эмес, «батыш тууралуу» кандай позицияда туруу керектиги жөнүндө суроо менен сөздү баштоо керек. Анткени «батышка карата» сөзү маселенин башында эле каршы турууну айгынелейт. Каршы туруу менен жасала турган ар түрдүү позиция бизди өз жолубуздан адаштырып, тескерисинче каршы чыккан нерсенин белгилөөчүлүгүнө багынып берүү менен жыйынтыкталат. Берки тараптан «Батышка карата» позицияда туруу изденүүсү табигый түрдө Батышты борборго алган турумга ээ болуу болот. Чындыгында батыштан тышкаркы коомдордун өз ишенич, маданият жана цивилизацияларын борборго алып позицияга туруулары керек. Биз тараптан болсо көз карашыбызды табигый түрдө ислам жана цивилизациясы, өз тарыхыбыз жана маданиятыбыз белгилеши керек. Андай болсо бүгүнкү күндүн шаттарында Батыш тууралуу кандай турумга, көз карашка ээ болушубуз керек?

Бул талкуу негизинен жаңы талкуу эмес. Эки жүз жылдан ашык өтмүшү бар. Бул тажрыйбалардын негизинде баа берүүлөрүбүздү улантабыз.

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүл.



Тектеш кабарлар