15-июль: Мыкаачы роботтордун кандуу козголоңу

Глобалдык перспектива-28

1010562
15-июль: Мыкаачы роботтордун кандуу козголоңу

15-июль: Мыкаачы роботтордун кандуу козголоңу

Түркиянын тышында жашагандар, текшерүүдөн чыккан роботтордун, атайын вирус берилип текшерүүгө алынган адамдардын  же өздөрүнө атайын миссия жүктөлгөн бузуку сектанттардын адамзат үчүн жараткан коркунучун жана буга каршы жер шарын коргош үчүн жүргүзүлгөн баатырларча күрөштү бир гана кинолордо көргөн болушу мүмкүн.

Түркия 2016-жылы 15-июлда дал ушундай окуяны башынан өткөрдү. Мамлекеттин ичине кирген, атына ФЕТӨ делген, кинолордогу сыяктуу нормалдуу убактарда бала жүздүү көрүнгөн, бирок вирус же буйрук берилгенде жаныбарга айланган бузуку диний ишеничтин мүчөлөрүнүн аскердик төңкөрүш аракетине дуушар болду.

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүлдүн темага байланыштуу баамдоосун угуп жатасыздар.

Ал түнү эмне болду?

Түрк куралдуу күчтөрүнөн баштап мамлекеттин эң маанилүү мекемелеринин арасына кирип кеткен ФЕТӨнүн мүчөлөрү АКШда жашаган жолунан адашкан диний лидери Фетуллах Гүленден алган буйрук менен 2016-жылы 15-июлда аскердик төңкөрүш кылууга аракеттеништи. Ичкеридеги адамдарынын да жардамдары менен айрым мамлекеттик мекемелерди басып алышты. ТРТ, СNN Түрктөн баштап айрым радио жана телеберүү мекемелерин басып алышты. Согуш убактарында дагы бомбаланбаган Парламентти бомбалашты. Эл тарабынан шайланган президентти колго түшүрүш үчүн турган жерине операция жүргүзүштү. Бул кылыктарына каршы бүтүндөй Түркияда көчөлөргө чыккан миллиондогон адамдардын үстүнө роботтошкон адамдары менен ок чыгарышты. Жарандардын үстүнө жана жарандык мекемелерге согуштук учактары менен бомба жаадырышты. Адамдар танкалардын жолуна чыгып, үстүнө чыгышты, астына жатышты. Натыйжада; бир канча сааттын ичинде жүздөгөн киши шейит болуп, миңдегени жаракат алышты...

Бүткүл дүйнөгө демократия сабагы...

Президент Режеп Таййип Эрдогандын чакыруусу боюнча Түрк улутунун демократиясын жана келечегин куткаруу үчүн ортого салган күрөшүүсү кинолордо дагы көрүнбөгөндөй түрдө баатырларча болгону эле... Бүтүндөй Түркиядан миллиондогон адам көчөлөргө чыкты. Жаран калк, мамлекеттик мекемелерди жана аскердик мекемелерди курчады. ФЕТӨгө мүчө аскерлер аларга ок аткандарына карабастан артка чегинишкен жок. Ал түнү мен да көчөлөрдө болчумун. Менин да жакын тааныш кишилерим, жолдошторум, адамзаттын, манкурттар, мээси айлангандар, франкенштайндар же бузуку секта мүчөлөрү тарабынан туткун кылынбоосу үчүн акыйкаттыкка багыт алып басышты.

Түркия мындан мурда да төңкөрүштөргө дуушар болгон. Бирок алгач ирет өз калкына түздөн-түз кол салган, ушунчалык кандуу төңкөрүш аракетине туш болгон эмес. Бардык көз караштагы миллиондогон адамдар төңкөрүш аракетине каршы жумалап көчөлөрдү кайтарып турушту. Өлкөсүн, келечегин, намысын, демократиясын, адамзатты коргоп чыгышты. Миллиондогон адам жумалап көчөлөрдө турганына карабастан, бир дагы мушташ, бир дагы талап-тоноо, уурдоо болгон жок, мындайча айтканда кумурсканы дагы сыздатышкан жок. Түркияда катардагы адамдар, жаран калк, «эң мыкаачылык төңкөрүш аракетине эң демократиялык жана тынчтыкчыл түрдө кантип бөгөт коюлса боло турганын» бүткүл дүйнөгө иш жөзүндө көрсөттү.

1990-жылдарда Тяньаньмэнь аянтында, намыстуу кытайлык бир жигит Кытайдын танкаларынын жолуна туруп берген. Мээлери бирөөнүн башкаруусуна өтпөгөнү үчүн бул мамилени көргөн кытайлык аскерлер артка чегинишкен. Бул баатырларча кыймылды бүткүл дүйнөнүн медиасы көрдү жана алкоого алды. Түркияда болсо бузуку диний ишеничтери менен адамдыктан чыккандары үчүн ФЕТӨнүн мүчөлөрү танкаларды адамдардын үстүнө айдашты. Жалгыз бир кишинин эмес, бүтүндөй бир улуттун баатырларча туруштук берүүсүн болсо дүйнөлүк медиа дээрлик көрмөксөнгө салды. Эл аралык коомчулук тарабынан да жетиштүү түрдө мактоого алынбаса дагы бул дастан, бул сыймык, күбө болгондор тарабынан эч качан унутулбайт.

ФЕТӨ деген эмне?

ФЕТӨнүн эмне экени эл аралык коомчулук тарабынан тилекке каршы дагы деле жетиштүү түрдө түшүнүлө элек. Кыскача ФЕТӨ деп аталган (Фетуллахчы террор уюму) мүчөлөрүн, лидерине тымызын ишенич менен байлаган, өзүнүн бузуку диний ишеничтеринин алкагында дүйнө курууну максаттаган уюм болуп саналат. Лидери шайланган куткаруучу катары көрүнүүдө. Байлангандар да өздөрүн тандалгандар катары эсептешет. Ушул алкакта бүткүл дүйнөнү «куткара тургандай» ишеничке ээ болуп алышкан. Ушул максат менен бардык өлкөлөрдө, аймактарда, шаарларда, соттордо имамдары бар.  Лидери Фетуллах Гүлен болсо бир өлкөнү эмес бүткүл дүйнөнү куткара турган «ааламдын имамы» катары кабыл алынган. ФЕТӨ террор уюму ушул себептен глобалдык кыймыл болуп саналат.

ФЕТӨ, мүчөлөрүн ушул культка ишендириш үчүн узун жана татаал билим берүү процессине киргизет. Бул процессте мүчөлөрү толугу менен коомдон ажыратылат.  Атайын чөйрөлөрдө, атайын ырым-жырымдар менен толугу менен өздөрү ишенген жана өздөрү билген ишенич менен ички дүйнө жаратылат. Бул процессте мүчөлөрү акырындык менен үй-бүлөлөрүнөн, өздөрү ичинде жашаган улуттардын баалуулуктарынан, тынчтык жана ынтымак дини болгон исламдын көптөгөн кылымдардын ичинде пайда болгон жорумунан алыстатылат. 1970-жылы башталган кыймыл тарыхка, салтка жана цивилизация перспективасына ээ болбогон тамырсыз кыймыл болгону үчүн мүчөлөрү бир топтон кийин бир гана өздөрү билген жана өздөрү ишенген бузуку ишеничке ээ болушат. Балдары ФЕТӨнүн мектептеринде окуган үй-бүлөлөр, бир аз көңүл буруп байкап көрүшсө, балдарынын акырындык менен өздөрүнөн алыстаганын көрүшөт.

 Кандайдыр бир түрдө кайрадан калыптанышкандан кийин ФЕТӨнүн мүчөлөрү, атайын, жашыруун жана ыйык миссияга ээ болгонун ойлогон адамдарга айланышат. Мындан кийин алардын абдан «ыйык» максаттары бар. Бул максаттарга жетиш үчүн аларга берилген эң негизги буйрук эч качан өздөрүнүн ичиндегисин ачык көрсөтпөөлөрү, кандай абал болсо да өздөрүн жашыруулары болгон. Өздөрүн жашыруу жана максаттарына жетиш үчүн ар түрдүү ыкмаларды колдонуу эми алар үчүн мыйзамдуу болгонсуйт. Анткени бардык жасалгандар мыйзамдаштырылып, бир гана өздөрү билген жана ишенген «ыйык» максаттары бар. Бул үчүн ар түрдүү ишеничте, кийимде, идеологияда көрүнө алышат. Азирети Мевлананын «же болгонуңдай көрүн, же болбосо көрүнгөнүңдөй бол» философиясынын тескерисин кылып, эч качан болгонундай көрүнүшпөйт. Ниеттери башкача болгондуктан негизи көрүнгөнүндөй да болушпайт.

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүл.



Тектеш кабарлар