Глобалдык перспектива-4

Сирия: Адамзат үчүн лакмус кагазы

896677
Глобалдык перспектива-4

Сирия: Адамзат үчүн лакмус кагазы

Проф. др. Кудрет Бүлбүл

Кээде оор кыйынчылыктар чоң сабак болот. Бирок бул сыноолор болбой эле койсо дейсиздер. Бул абал балким эң көп, артта өтө оор сыноолорду калтырган Сирия маселеси үчүн жарактуу. Араб жазы, берки жабык коомчулуктар сыяктуу Сирияга да терең таасирин тийгизди. Сирия элинин ондогон жылдардын кара кышынан, баскынчы режимден кутулуу үчүн баштарын көтөрө баштаганда, алар туш болгон нерсе эмне каалагандарына байланыштуу түшүнүү аракети эмес, диктатор режимдердин негизги реакциясы болгон эзүү кыймылы эле.

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүлдүн темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

Европа кызыкчылыктарынын жээкке чыгышы...

Ирандын өз аскерлери менен бирге жеке өзү согушта орун алуусу, Орусиянын Асад режимине колдоо көрсөтүүсү жана батыштык өлкөлөрдүн чечүүчү жол табуу перспективасынын болбошу сыяктуу себептерден Сирияда жарандык согуш дагы да тереңдеди. Жүз миңдеген адам көз жумду же өлтүрүлдү. Миллиондогон адам өлкөсүн таштап кетүүгө аргасыз болду.

Европа Биримдиги өлкөлөрү, Сирия маселесине баш калкалоочулар алардын каалгасына барганга чейин эч көңүл бөлүшкөн жок. Баш калкалоочулар чек ара капкаларына баргандан кийин, батыштыктар көрсөткөн мамиле адамзат үчүн уят кылуучу эле. Буга чейин плюрализм, чогуу жашоо, адам укуктары, тең укуктуулук, эркиндик, жашоо укугу сыяктуу көптөгөн темаларда дайыма башкаларга сын айткан Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн көпчүлүгү, бул баалуулуктарга байланыштуу биринчи сынактан өтпөй калышты. Баш калкалоочулардын да бул баалуулуктарга татыктуу адамдар экени көрмөксөнгө салынды. Европа өлкөлөрүнүн көбүнүн жалгыз каалоосу, баш калкалоочулардын өздөрүнүн өлкөлөрүнө келүүлөрүнө бөгөт коюлушу болду. Бул жагдайдан кийин жээкке чыгып калган Айлан бөбөктөр сыяктуу багар-көрөрү жок, чарасыз, алсыз бөбөктөр эмес, негизи Европа Биримдигинин кызыкчылыктары эле.

Түркия: Европадагы демократияга салым кошкон өлкө...

Баш калкалоочулар темасында, Иордания, Ливан жана Түркиянын да Европа Биримдиги сыяктуу саясаттарды жүргүзүп, каалгаларын адамдарга жаап салганын элестетип көрөлүчү. Мындай абалда миллиондогон качкын-көчмөн Европа өлкөлөрүнүн каалгаларына бармак. Ал эмес Европа Биримдигине жете алган өтө аз сандагы баш калкалоочулардын да бул өлкөлөрдө адамдык сапатка жатпаган мамилелерге дуушар болгонун, күчөгөн фашисттик жана нацисттик агымдарды күүлөгөнүн ойлогонубузда, анда Европанын адамдык жана баалуулук кризиси дагы да тереңдемек.

Түркия өзү жалгыз 3,5 миллион сириялыкты өз жерлеринде кабыл алуусуна, Сирия темасында ачык каалга саясатын жүргүзүп жатканын жарыялаганына карабастан, бул саясаттарды жүргүзгөн бийликтеги партия добуштарын арттырууда. Түркиянын бир гана Килис шаары жалгыз өзү багып жаткан баш калкалоочулардын саны көптөгөн Европа өлкөсүнө салыштырмалуу дагы көп. Бир Европа өлкөсүнүн 130 баш калкалоочуну кабыл ала алаарын билдиргенине Килистин губернаторунун жообу өтө тарыхый эле. Килистин губернатору: «Ал өлкө убара болбой эле койсун мен ошончосун өз үйүмө деле бага алам»,-деген болчу.

Европада болсо партиялар мигрант, чет өлкөлүк, баш калкалоочу жана Исламга каршы саясаттары аркылуу бири-бирилери менен ат салышып, добуштарын арттырууга аракет кылып жатышат. Австрияда «бир дагы баш калкалоочуну кабыл албай турганын» убада кылган партия, шайлоону жеңип чыкты. Көпчүлүк Европа өлкөсүндө фашист жана нацист партиялар жогорулап баратат. Айрым өлкөлөрдө коалиция түзүп жатышат. Ашкере оңчулдар жогорулабасын деп центрист оңчул жана солчул партиялар да көпчүлүк өлкөдө радикалдашууда. Барган сайын өзүмчүл болгон жана келечекти карарткан Европанын бул кризиси, адамдар үчүн өтө олуттуу коркунучтарды камтууда. Учурда Еропада дагы деле экстремизмге ообогон  демократиялуу партиялар бийликке келе алган болсо, мында баш калкалоочулар темасында Түркия жана аймак өлкөлөрүнүн адаттан тышкаркы аракеттеринин маанилү орду бар.

Иранга жана араб өлкөлөрүнө дээрлик эч бир баш калоочунун барбагандыгы болсо өзүнчө токтолушу керек болгон тема болуп саналат.

«Зайтун бутагына» каршы каралоо пропагандасы...

Келип жеткен жерде, ДЕАШтын жеңилүүгө учуратылганына карабастан дүйнөлүк актерлордун Сирия маселесинин чечилүүсүнө эмес тереңдетилишине карата саясаттары көңүл бурууда. Бул абал тилекке каршы Сирияга гана тиешелүү эмес. Ооганстанда, Иракта, Ливияда, Сирияда «Эл аралык коалиция» кийлигишкен эч бир жерде бул өлкөлөргө ырааттуулук келген эмес. Тескерисинче өлүм, көз жашы, чоң көчтөр менен бул өлкөлөр жашалгыс абалга айланган. Бул абалдын бардык чыгымдарын да аймак өлкөлөрү төлөөгө аргасыз болгон жана аргасыз болууда. Ошондуктан ушул сыяктуу кризистерге каршы эң биринчи чечүүчү жол табуу үчүн эч бир акы төлөбөй турган эл аралык коалиция эмес, аймактык коалиция изделиши керек. ДЕАШ жеңилүүгө учуратылып, жарандык согуш токтоо босогосуна келгенине карабастан, АКШнын ПЙД/ЙПГге миңдеген фуралык курал-жарак колдоосун улантышы жана ЙПГни «чек ара күчүнө» айландырууга байланыштуу билдирүүлөрүнө Түркия менен аймак өлкөлөрүндө акылуу түрдө катуу каршылык көрсөтүлдү. ПКК жана ПЙД, булар Түркия менен аймак өлкөлөрүндө он миңдеген адамды кыргынга салган террордук уюмдар болуп саналат. Ладиндин Аль-Каидасынын АКШнын чек арасындагы бир аймакта «чек ара күчүн» түзүүсү АКШда кандай түшүнүк жаратса, ПЙДге курал-жарак берилиши жана «чек ара күчү» билдирүүсү, Түркия менен аймак өлкөлөрүндө ошондой түшүнүк жаратат. Түркия өзүн коргоо, аймактык ырааттуулук, адамдарды бул террордук уюмдардын туткунунан куткаруу жана өзүнө багыттала турган жаңы көч толкунуна бөгөт болуу максатында «Зайтун бутагы» (тынчтык) операциясын баштады.

Түркиянын бул мыйзамдуу операциясы, айрым чөйрөлөр тарабынан бурмаланып жатат. «Зайтун бутагы» кыймылынын эң маанилүү себептеринин бири, Сириянын жеринин бүтүндөгүн коргоо. Анткени АКШ колдогон ПЙД/ЙПГ террор уюмдары Ирактан Жер ортолук деңизге чейинки аймакка кадам-кадам жайгашууда жана Сирияны бөлүүдө.

Түркиянын терроризмге каршы кыймылы күрттөргө карай жүргүзүлүп жаткан сыяктуу көрсөтүлүүгө аракет кылынууда. Усама бин Ладинге каршы жүргүзүлгөн операция арабдарга каршы эмес, кандайча террорго каршы болсо Түркиянын жасаганы да дал ошондой. Ондогон жылдардан бери коркунуч жаратып келе жаткан уюмдун чек арада террордук аймак түзүүсүнө урусат бербөө. Ал эми ПККнын Сириядагы уландысы ПЙД/ЙПГнин эң коркунучтуу кол салууларды аларды колдобогон күрттөргө кылгандарын Түркияда жана аймакта жашагандар абдан жакшы билишет.

ПЙД/ЙПГ өз аймагында аларга колдоо көрсөтпөгөн күрттөр, арабдар, түркмөндөр жана мусулман болбогон топторго карай этникалык тазалоо кылып жатат. Мындан качкан миллиондогон адам Түркияга жана аймак өлкөлөрүнө баш калкалаган абалда. Бул жагдайда суралышы керек болгон суроо, АКШ колдогон терордук уюмдун аймактын чыныгы ээлеринин кайра кайтуусуна эмне себептен уруксат бербегини? Түркиянын операциясы, аймакты террордон тазалап, бардык этникалык жана диний элементтердин өз өлкөсүнө кайтуусуна да каалга издеп жатат.

Бардык согуштар сыяктуу албетте бир күнү бул согуш да аяктайт. Эң негизгиси, артка карай караганыбызда көбүнөн ажырган болсок да ушул жана буга окшогон согуштарда, келечектеги муундарга калтырыла турган кайсы баалуулукту коргой алганыбыз жана куткара алганыбыз маанилүү.

Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүл.



Тектеш кабарлар