Кутубузга кат келди-3

Кыргызстандык   журналист  Турдубек Осонов Түркия жергесинде  бир нече жолу болуп, өзүнүн  эскерүүлөрүн,  Анкара шаары тууралуу ырларын жазган.

686706
Кутубузга кат келди-3

Урматтуу окурмандар, «Кутубузга кат келди» аттуу программабызды улантабыз. Бул программага угармандар өздөрүнүн каалоо-тилектерин, эскермелерин, Түркия тууралуу эсинде калган окуяларын жаза алышат.

Анда , бүгүнкү программабызды баштасак,

Кыргызстандык   журналист  Турдубек Осонов Түркия жергесинде  бир нече жолу болуп, өзүнүн  эскерүүлөрүн,  Анкара шаары тууралуу ырларын жазган.  Былтыр ТРТнын "Түркия үнү"  радиосунда  бир ай чыгармачылык командировкада болгон.  Мына ошолор тууралуу  автордун эскерүүлөрүн радиоугуучуларга   сунуш кылабыз. Ал мындайча эскерет:

“Мен ТРТда бир ай иштегеним  мага көп нерселерди берди. Дүйнөгө таанымал түрк теле радиосунун тарыхы, азыркы иштери менен жакындан таанышып, алар менен бирге иштештим. Бизди Түркия үнү радиосунун кыргыз бөлүмүнүн башчысы Алмазбек  Асанбаев ары бери ээрчитип,  ТРТнын бардык иш-аракеттери менен тааныштырды. Заманбап видеоаппараттар менен иштеген түрк коллегаларымдын иштерине, иштөө  шарттарына суктандым. Ошол эле учурда ишке өтө жогору маани берээрин да түшүндүм. Мисалы, Алмазбек бир эле маалда диктор, корреспондент, котормочу, продюсер. Түйшүгү түмөн. Анкарадагы кыргыздардын уюмунун жетектөөчү тобунун мүчөсү да. Чуркап иштеп баардыгына жетишет. Кыргызстандан барган журналисттерди Алмаздын мына ушундай сапаттары ыраазы кылды. Ошол эле учурда  бизге ГИД болгонго да үлгүрүп, Анкара шаарын кыдыртып да турду маал-маалы менен.

ТРТда 15 телеканал жана 37 тилде тилде радиоберүүлөрү жана 40 ашык тилде веб барактары бар. Ушунун өзү эле Түркия мамлекети маалыматка абдан чоң маани берерин көрсөтүп турат. ТРТнын түзүлгөнүнө аз эле убакыт болсо да  кыска убакыттын ичинде өнүгүп кеткен. Техникалык жабдуусу  дүйнөлүк стандартта. Алардын ичинде кыргыз тилинде радио-теле берүү өзгөчө орунда турат. Себеби, көптөгөн телерадио, агенттикте иштеген журналисттер ТРТда байма-бай практикадан өтүп турушат. Бул албетте абдан жакшы тажрыйба алмашуу деп билем. Бул иште да Алмазбектин салымы абдан чоң.

Дагы бир айта кетүүчү окуя бул. «1995-жылы Кыргызстандагы Манас 1000 мааракесин ТРТ толук бойдон телеге  тартып, дүйнөгө түз алып көрсөткөн. Ал азыр толугу менен ТРТнын архивинде сакталып турат. Ал эми 1999-жылы Манастын балалык чагын мультфильм кылып тартышкан. Ал дагы ТРТнын  архивинде  күнү бүгүнкүдөй сакталып турат”.

Ал эми автор Түркияга биринчи баргандагысын төмөндөгүчө баяндап берди:

“1992-жылдын март айында Кыргызтелесинин бир нече журналистти алгачкы ирээт алыскы Түркияга сапар алдык. Түркияга түз самолет жок. Чартердик рейс менен Грузияга учмай болдук. Түркияда окуган кыргыз жаштары менен кошо март айынын башында чет мамлекетке жүрүп кеттик. Биринчи жолу чет мамлекетке чыгып жатсак жүрөгүбүз элеп-желеп болуп, тезирээк эле жетсек экен деп тилейбиз. Түркия менен чек аралаш Батумиге чейин самолет менен учуп келип, андан ары автобус менен кетмей болдук.

Мурунку СССР менен Түркиянын чек арасы темир дарбаза менен тосулган. Алыстан мечиттин мунарасы, Түркиянын ай, жылдызы бар кызыл желеги көрүнөт.

Башкаларчылап далайга күткөн жокпуз. Бизди жетектеп барган республиканын тышкы иштер министрлигинин кызматкери Дилде Сарбагышева эженин аракетинен улам, чек арадан көп зарыкпай өтүп жаттык.

Эшигин көрүп төрүнө өт дегендей, чет мамлекетке кадам таштаган учурубуз автобустан башталды. Жолоочуларды тейлеген шыпылдаган шайдоот жигиттер автобус ордунан козголгондо эле, колубузга бирден нымдуу салфетканы карматты. Аны менен колубузду аарчыдык. Кийин суу берди. Иши кылып чай пайын берип тейлеп жатышты. Анын ичинде даараткана болот дегенге биз кийинчерээк таң калбай калдык. Шоопурдун жардамчылары алыс жолдо кайсы жерде канча жүргүнчү менен баратканын телефон аркылуу кабарлап жатты. Ошентип, Батумиден Стамбулга чейин он сегиз саат жол жүрдүк.Биз барган март айы Рамазан майрамы экен. Орозо айынын бүткөн маалына туш келиптирбиз. Кыздар 9, балдар 12 жаштан баштап, орозо кармашат. Ооз ачканда жалгыздап отурушпайт. Атайын чогулуп ооз ачышат да, андан кийин чер жазыша, далайга чейин сүйлөшүп отурушат.

Биз ооз ачкан далай жыйындарына катыштык. Стамбулдагы Түрк дүйнөсү фондусунун жетекчиси, профессор (маркум) Туран Язган мырза бизди ар бир барган жерде элге тааныштырып, алыстан бир тууган- кардештерибиз Ала-Тоодон келишиптир деп, дайыма бизди тааныштырып, сөз берип турду. Биз кыргызча сүйлөйбүз. Сөзүбүз канчалык деңгээлде түшүнүктүү болгонун билбейбиз. «Ала-Тоо», «Кыргыздар» деген сөздөрдү укканда шатырата кол чаап жиберишет. Биз деле алардын сөздөрүнүн баарын эле түшүнө бербейбиз.

Бирок кыргыз тилине окшогон көп сөздөрүн угуп калып жаттык. Түрк тилин тез эле өздөштүрүп алса болот экен. Түрктөрдүн кыргыз элине болгон кызыгуусу, боор тартуусу зор экенин ошондо байкадык. Жалпы Түркияга таанымал адамдар, окумуштуулар, белгилүү артисттер, кино ишмерлери менен жолугушуп, аралаша отуруп сүйлєштүк. Биринен бири єтүп, кыргыздардын саны, үрп-адаты, анда жашаган улуттар туурасында суроолорду берип жатышты.

Түркияда ар кандай тагдыр менен барып калышкан көптөгєн кыргыздар бар экенин билдик. Тилекке каршы, алардын бардыгы менен кєрүшүүгө чолобуз тийген жок. Адана шаарында он түтүндөн ашуун боордошторубуз бар. Алардын арасында оокат-аштуу турган Абдул Хамид Өзгөн аганын үйүнө бир топ күн өргүдүк.

Хамид Өзгєн аганын үйүнө Кыргызстандан баргандын баары эле кайрылышат окшойт. «Камбаркан» ансамбли мейманда болуптур. Үйүндє кыргыз калпак, камчы, Кыргызстан жөнүндө видеокассеталар кєп экен. Ал эми Аданадагы кыргыздар бул үйгє  байма-бай каттап, Кыргызстан жєнүндє маалыматты ушул жерден алып турушат.

Биздин Аданага келгенибизди угуп, Ван кєлүнүн жанындагы Улуу Памирлик кыргыздардан Адана шаарында окуп жатышкан эки жигит келди. Меттехан менен Шарафиддин биз менен таза кыргызча сүйлєшүп отурушту.

Адана шаарында Көр-Шермат, Жаныбек казынын тукумдары бар экенин уктук. Дегеле бул жердеги кыргыздардын тилеги эле Ала-Тоону бир кєрүш экен. Кудай буюрса, ага да жол ачылат деп ишенемин. Кай жерде болбосун кичи пейил, ийкемдүү, маданияттуу түрктєр алыстан келген бир туугандар катары бардык жерде жылуу кабыл алып жатышты. Кыргызстан жєнүндє, кыргыз элинин жашоо турмушу жєнүндє сурап, Түркия жєнүндє эмне ойлойсуңар дешип, бизге кайдыгер карашкан жок.

Анкарада болгон учурда Түркиянын ТРТсында болуп, ал жердеги кесиптештер менен тааныштык. Буга чейин Кыргызстанда болуп келген тележурналисттерди да таап алдык. Бизди тосуп алып, узатып жүргєн Жамгыр бей ТРТнын Евразия каналында иштечү. Ал кыргыз тилине жакыныраак сөздөрдү көп билет экен. Айрым учурларда бизге тилмеч да болуп берди. Биз теле студияларын аралап көрдүк. Жамгыр бей: «Кыргызстандан келген телевизиончу кардаштар» – деп бизди баардыгына тааныштырып жүрдү. Айрымдары бизди эски таанышындай кабыл алып, ийиле саламдашса, кээ бирөөлөрү таңкала карап, кыргыздар деген силерсиңерби дегенсип, таң кала карашат. Бизди биринчи жолу көрүп отурса ошентишет да. Айрымдары биз жөнүндө дегеле кабары жок. ТРТнын информация тармагын жетектеген мүдүр Ахмед бей биздин оператор Кубан Мырзабаев көтөрүп жүргөн «Ветакам» видеокамерасын кызыга карап: – Бул эски го, – дейт.

 

– Оо, кокуй, мындай камерадан бизде экөө эле. Ошону өөп-жыттап колдонобуз, – деп түшүндүрүп берсек, каткырып калды.

– Бизде силердикинен жаңы, Ветакам-СП камералары бар. Биз аларды колдонбой калганбыз. Эскирип калды. Складда жыйылып турат.

– Ошолордон кыргыз кардаштарыңарга бир-экини бербейсиңерби– деп тамашаласам, күлүп калышты.

– Болоор эле. Канча болсо бере беребиз, бирок жогору жактан уруксаат сураш керек, – деди Ахмед бей. Мен ичимден, бул иш бышпаган нерсе турбайбы деп унчукпай калдым. Ахмед бей:

– Түркиянын Премьер-министри Сулейман Демирелден интервью алгыңар келсе, биз уюштуруп беребиз. Бул колубуздан келет, – деп калды. Илгиртпей эле макул болдук. Ал он беш мүнөттөй телефон менен бир нече кишилер менен биздин көзүбүзчө сүйлөштү.

Анын сөздөрүн толук түшүнгөн жокпуз. Бир гана «Кыргызстан», «кардаштер» деген сөздөрүн угуп, өзүбүзчө түкшүмөлдөп турдук. Бир жумадан кийин бизди кабыл алмай болду.

– Ага чейин Түркияны кыдырып келсеңер болот, – деп Ахмед бей бизге карап жылмайып койду.

 – Бирок, башбаканга (премьер-министрге) кандай суроо бересиңер, ошону алдын ала даярдап беришиңер шарт. Ич ара кеңешип беш-алты суроо камдап, түркчө котортуп бермей болдук.

– Эң жакшы болду, – деп Жамгыр бей да сүйүнүп кетти. Ошондо башбакандан (түркчө премьер-министр) камера сурайсыңар, – деп кулагыбызга шыбырады.

 

ДЕМИРЕЛЬ МЕНЕН ЖАРЫМ СААТ

Арадан бир жума өткөндөн кийин убадалашкан мөөнөттө ТРТга кайрылып келдик. Сулейман Демирель менен жолугушканга даяр болуп турабыз. Тез эле машинеге түшүп алып, Анкарадагы өкмөт башчысынын имаратына келдик. Ошол кезде Түркиянын жогорку окуу жайында окуп жаткан Айгүл Эрик кызы бизге тилмеч болуп берди. Оператор камераны

коюп, микрофонду даярдап, мен бере турган суроолорду кайталап, даяр турдук.

Жыйырма мүнөттөн кийин Сулейман Демирель эки жардамчысынын коштоосунда кирип келди. Орто бойлуу, ак саргылынан келген өкмөт башчысы биз менен жылмайып учурашты. Башымдагы ак калпагымды көрүп: «Шапкаң эң сонун экен» – деп суктанып койду.

Жайланып отургандан кийин өзү бизге суроо берип, ал-жайыбызды биле баштады. Биз өзүбүздү тааныштырып, кандай максат менен келгенибизди, кай жерлерди кыдырып чыкканыбызды саймедиреп айтып бердик. Мурун даярдалып берилген суроолорду бере баштадык. Интервью бүтөөр-бүткөнчө кыябын таап, камера сурайм деген ой жадымдан кеткен жок. Суроолордун арасында берсемби, бүткөндөн кийин сурасамбы деп бушайман боло баштадым. Сурай турган учур ушул. Эгер мында сурай албасам, анда түрктөр айткандай иш тамам болот. Шашылбай, жыйырма мүнөттөй интервью берди. Басма сөз кызматтын өтүнүнчү боюнча мурунтан даярдалып берилген суроолорубуздун алкагынан да чыгып кеттик. Чет мамлекеттин жетекчиси менен алгачкы ирээт жолугуп жаткандан кийин суроолорубуз, таанышуу маанайында гана болду. Бизди эч ким шаштырган деле жок.

Интервью аяктаганда оператор: – Кичине тартып алайын, бир аз сүйлөшүп отуруп туруңуздар, – деди. Сулейман Демирел бизден:

– Түркия жактыбы? – деп сурап калды. Биз «абдан» дегенден башка жооп айткан жокпуз.

– Силер да абдан жактыңар, – деп ар бирибиз менен кол алыша коштошту.

– Урматтуу Демирел мырза, менин сизден бир өтүнүчүм бар эле,– дедим. Айта бериңиз, дегендей кулак түрүп калды. Менин видеокамера жагынан жардам берсеңиз деген сөзүмдү, Айгүл төкпөй-чачпай которуп берди. Ал кунт коюп угуп туруп: – Макул, эки камера белек кылалы, силер макулсуңарбы? – деп өз жагын карап койду.

Жардамчылары блокнотторуна бир нерселерди жазып алышты. Премьер кеткенден кийин Жамгыр бей колумду кысып, куттуктады.

– Иш бүттү, буюрса эки камера аласыңар. Өзүңөр менен кошо ала кетесиңер, – деп калды жылмайып. Биз сүйүнгөнүбүздөн өкмөт үйүнөн кандай чыкканыбызды да билбей калыптырбыз.

Түрк коллегалар айткандай бизге Стамбулдан эки Ветакам камера, штатив, кассета, лампа, толгон-токой шаймандары менен берилди. Стамбулдун аэропортунан Ташкентке учуп, андан автобус менен Кыргызстанга келгенбиз»-дейт Турдубек Осонов агай...

Турдубек Осонов айгайдын ошондой эле ыр жазган жагы да бар экен, эскерме менен бирге ыр да жазып жибериптир:

 

Анкара

Түркиянын Анкара,

Кыдырабыз таң кала.

Көрө албадык түтүндү,

Сактайт экен бүчүрдү.

 

Түркиянын Анкара,

Адыр-адыр кең талаа.

Айланыптыр шаарга,

Күрүнүп турат шаңкая.

 

Түркиянын Анкара,

Өсүп жатат баш калаа.

Жашыл токой көбөйүп,

Үлгү болду башкага.

 

Түркиянын Анкара,

Түтүнү жок баш калаа.

Абасынын тазасы ай,

Көрүнүп турат кең талаа.

 

Жердин баары карайгай,

Көбөйтөт экен талабай.

Жашылы көп болсо деп,

Күндө тигип санабай.

 

Түркиянын Анкара,

Жашыл район Чаңкая.

Алты миллион калкы бар,

Меймандостук салты бар.

 

Жолду курат түбөлүк,

Түшүп калбайт үбөлүп.

Бийик тамдар көп эмес,

Көңүлдө калат көп элес.

 

Адырларда тамдары,

Боз үй өңдүү көрүнөт.

Кыйма-чийме жолдору,

Чач сыяктуу өрүлөт.

      

Түркияны түптөгөн,

Өнүгүүнү күчтөгөн.

Мустафа Кемал Ата түрк,

Мекен сактап күч менен.

 

Түрктөрдүн атасы.

Ишинде жок катасы.

Көзү өтсө да, басылбайт,

Түрктөрдүн азасы.

Турдубек Осонов агайга ден-соолук, чыгармачылык ийгилик каалайбыз...



Тектеш кабарлар