Түркия терезесинен Жакынкы Чыгыш-37

Ливияда биримдиктин камсыздалышында ДЕАШка каршы жеңиштин ролу.

570873
Түркия терезесинен Жакынкы Чыгыш-37

Ливияда бийлигин куруу күрөшүн жүргүзгөн Улуттук макулдашуу өкүмөтүнө караштуу куралдуу күчтөр Сирте шаарын ДЕАШтан тазалап жатат. Мысрата согушкерлеринин 80 пайызын түзгөн Улуттук макулдашуу өкүмөтүнүн күчтөрү май айынан бери Сиртеде ДЕАШка каршы согушууда. Акыркы маалыматтарга караганда ДЕАШ жалгыз гана шаардын үч мааласында болушун улантууда. Улуттук макулдашуу өкүмөтү жагынан алып караганда ДЕАШтын Сиртеден сүрүлүп чыгышы абдан маанилүү. Бул жеңиш Улуттук макулдашуу өкүмөтүнө Ливияда күчүн көрсөткөн калган эки өкмөткө жана Улуттук макулдашуу өкүмөтүн дагы эле тааныбаган согушкер күчтөргө  өзүн кабыл алдыруу жагынан чоң мүмкүнчүлүк берет. 1-августтан бери Улуттук макулдашуу өкүмөтү АКШдан да аскердик жардам алууда. Американын атайын операциялар бөлүктөрүнүн  мысраталык согушкерлерге колдоо көрсөтүшү менен катар Американын учактары да ДЕАШ буталарын бомбалоодо.

Андай болсо Американын аскердик жардамынын жыйынтыгында  ДЕАШка каршы жетишилген ийгилик Улуттук макулдашуу өкүмөтүнүн бийлигин түзүп Ливиянын жеринин бүтүндүгүн камсыздоосуна алып келеби?

Бул жерде эң маанилүү жагдай өлкөнүн чыгышынын абдан чоң  бөлүгүнө өкүмдарлык кылган Тобрук шаарындагы Эл өкүлдөр мажлиси өкмөтүнүн Улуттук макулдашуу өкүмөтүн таанып тааныбай турганында жатат. Бириккен Улуттар Уюму колдогон Улуттук макулдашуу өкүмөтү курула электе Эл өкүлдөр мажлиси өкмөтү Ливиянын эл аралык коомчулук тарабынан таанылган өкмөтү катары ишин улантып жаткан болчу. Учурдагы шарттарда Египет жана Булуң өлкөлөрүнүн активдүү колдоосуна ээ болгон Эл өкүлдөр өкмөтү, Мысрата согушкерлерин өнөктөш катары көрүүдөн көп душман катары кароодо.

Эл өкүлдөр мажлиси өкмөтү кызмат мөөнөтү толгонуна карабастан дагы эле ишин улантууда. Айрыкча 2015-жылы жетишилген макулдашууну тынымсыз бузуусун улантууда. Улуттук макулдашуу өкүмөтү үстүбүздөгү жылдын апрель айында Триполиде ишин баштаганда Эл өкүлдөрү мажлисинин мүчөлөрүнүн көпчүлүгү Улуттук макулдашуу өкүмөтүн жактаган мамиледе болчу. Бирок коркутуу менен катар ар түрдүү тоскоолдуктардын себебинен Эл өкүлдөрү мажлиси өкмөтүнүн мүчөлөрү чогулуп Тобрук өкмөтүн жое турган Ливиянын саясий келишимин бекитишкен. Бул тоскоолдуктардын кылынышындагы чоң үлүштү Тобрук өкмөтүнүн аскердик күчүн башкарган генерал Халифе Хафтер милдеттенген.

Хафтердин эң чоң атаанадшы ДЕАШка каршы тынымсыз согушкан мысраталык согушчан күчтөр. Мысратылыктар Ливияны ДЕАШтан тазалоо күрөшүн жүргүзүп жатканда, Хафтер Триполиге каршы өз өкүмдарлыгын кеңейтүү аракетинде. Бул аракеттин бир бөлүгү катары Хафтер аймактын эң чоң шаары Бингазиден  баштап өлкөнүн чыгышындагы шаарлардын жаран мэрлерин да өзүнө таандык аскердик командирлер менен алмаштырып койду. Айрыкча Улуттук макулдашуу өкүмөтү жана Сирте операциясы менен кошо анын ар түрдүү пландарын мыйзамсыз деп жарыялады. Америка өкмөтүнүн Сирте операциясына болгон колдоосун да мыйзамсыз кийлигишүү катары көргөндөрүн белгиледи.

Айрыкча Хафтер жана анын Эл өкүлдөр мажлисинин ичиндеги шериктештери, Улуттук макулдашуу өкүмөтүнүн толук мааниде функциясын аткарышы үчүн ташталышы керек болгон айрым кадамдарына бут тоскону да көрүнүүдө. Ливиянын Диалог тобу тарабынан кабыл алынган Ливиянын саясий келишиминин талабы боюнча келишимдин дагы Улуттук макулдашуу өкүмөтүнүн дагы Эл өкүлдөр мажлиси өкмөтү тарабынан бекитилиши керек. Бул бекитүү камсыздалган учурунда Эл өкүлдөр мажлиси өкмөтүнүн жоюлушу жана Эл өкүлдөр мажлиси өкмөтүнүн Улуттук макулдашуу өкүмөтүнүн мыйзамдуу мажлиси катары Триполиде да ишин жүргүзүүсү көздөлгөн. Улуттук макулдашуу өкүмөтүн үстүбүздөгү жылдын апрель айында Триполиде кызматын баштаганда Эл өкүлдөр мажлиси өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн көбү Улуттук макулдашуу өкүмөтүн колдогон мамиледе болчу. Бирок жыйынтык апрель айында күтүлгөндөн абдан башкача болуп чыкты. Добуш берүүгө катышкандардын 61и келишимди жана өкмөттү четке какса, жалгыз бир мүчө макул добушун берди. Калгандары болсо арсар болушту. БУУнун карамагында жаңы бир кабинеттин түзүлүшү үчүн Ливиянын диалог жыйналышы кайрадан Тунисте башталды.

Хафтер жана чыгыштагы шериктештеринин албетте АКШ жана эл аралык коомчулукка каршы тургудай күчү жок. Бирок Тобруктагы Эл өкүлдөр мажлиси өкмөтү аркасын Египет, Бирикен Араб Эмирликтери жана Сауд Арабияга жөлөп алган.

Акыркы убактарда Франция жана Италия да Хафтерге кыйыр түрдө колдоо көрсөткөн күчтөрдүн арасына кирди. Италия, Франция менен биргелешкен кыймыл боюнча Хафтерге колдоо көрсөтүүдө. Франциянын бул изденүүсүндө Ливиядагы мамилесин белгилеген негизги фактор болсо Египет. АКШга каршы өзүнө автономиялуу аймак ачкысы келген Египет, Франция жана Орусия менен карым-катнаштарын өнүктүргөн жана өзүнө салыштырмалуу автономиялуу аянт куруп алгандай.

Италия жана Франциянын Хафтерди жактаган мамилеси, ачык түрдө түзүлүшүнө салым кошкон Ливия улуттук макулдашуу долбооруна терс болуп саналат. Ошол эле учурда эки өлкөнүн шериктештери АКШнын улуттук саясаты менен карама-каршы келген мамиле көрсөтүүлөрүнө алып келүүдө.

Ошондуктан Ливияда чечим табуу үчүн ливиялыктарды сүйлөшүү үстөлүнө олтургузуу жетиштүү болбойт. Алгач аларды чечим табуу үстөлүнө олтургузууга аракет кылгандардын өздөрүнүн Ливия саясаттарын макулдаштырышы керек. Бул жерде АКШга чоң милдет жүктөлөт. Эгерде Ливия бүтүн бойдон калышы керек болсо АКШ башында турган батыштык өклөлөрдүн саясаттарына шайкештик киргизип, ар башка жергиликтүү актерлордун үстүндө ойноодон баш тартуулары керек.

Керек болсо ливиялык актерлордун чогулуусунун камсыздалышы, керек болсо Ливиянын тышындагы актерлордун саясаттарынын шайкеш келтирилиши жагынан Сиртеде ДЕАШка каршы жүргүзүгөн согуштун ийгиликтүү жыйынтыкталышы абдан чоң мааниге ээ. ДЕАШтын Сиртеден чыгарышы Улуттук макулдашуу өкүмөтүнүн өлкө ичинде дагы эл аралык коомчулуктун назарында дагы позициясын бекемдей турган салым кошот.

 



Тектеш кабарлар