Китептер баяны-1/16

Яхя Акйүздүн «Түрк билим берүү тарыхы: Б.з.ч. 1000-Б.з. 2013-жылдары» аттуу китеби.

456305
Китептер баяны-1/16

Урматтуу китеп күйөрмандары, өткөн жылдагы программаларыбызда белгилеп өткөндөй, «Китептер баяны» уктуруусун даярдаган топ катары сиздер үчүн өзгөчө китеп коллекциясын даярдаганбыз. Бул китеп коллекциябыз Түркиянын тарыхы, экономикасы, маданияты, саясаты жана социалдык абалы тууралуу жазылган маанилүү китептертерден турат. Биз ар бир уктуруубузда китеп коллекциябыздан бир китепти тандап алып, ал китептеги маанилүү жана кызыктуу маалыматтарды сиздерге баяндап беребиз.

Бүгүнкү уктуруубуз үчүн тандалып алынган китеп «Түрк билим берүү тарыхы: Б.з.ч. 1000-Б.з. 2013-жылдары» деп аталат. Китептин автору - белгилүү түрк илимпозу Яхя Акйүз. Китеп 2013-жылы «Пегем Академиясы» тарабынан басылып чыккан. Китеп 530 барактан турат.

Кадырлуу китепкөйлөр, Яхя Акйүздүн «Түрк билим берүү тарыхы: Б.з.ч. 1000-Б.з. 2013-жылдары» аттуу китеби түрк билим берүү тарыхына тийешелүү негизги маалыматтардын баарын ичине камтыган. Бул китепте түрктөрдүн исламга чейинки доорунан, башкача айтканда, биздин заманга чейинки 1000-жылдан биздин замандын 2013-жылына чейинки үч миң жыл аралыгында түрк билим берүү чөйрөсүндө болуп өткөн бардык орчундуу окуялар баяндалган.

Биз азыр Яхя Акйүздүн китебиндеги Осмон кансарайындагы мектептерге байланыштуу маалыматтарды сиздер менен бөлүшөбүз:

Осмон кансарайында «Эндерун», «Шехзадеган» жана «Мешкхане» деген 3 башка мектеп болгон.

«Эндерун» мектеби Осмон дөөлөтүнүн медреселерден кийинки экинчи маанилүү билим берүү жайы болгон. Падыша мамлекетинин башкаруу иштерин ага берилип кызмат кылган жана мыкты таалим-тарбия алган кишилерге гана ишенип тапшыра алмак. «Эндерун» мектеби дал ушундай кишилердин бир бөлүгүн тарбиялаган. Негизинен бул мектеп христиан балдар ислам динин кабыл алышкандан кийин аларга билим-тарбия берген жана алардын бийликке келишине шарт түзгөн окуу жайы болгон.

«Эндерун» мектебине окуучулар кантип кабыл алынган? 3-5 жылда бир жолу падыша милдеттендирген мамлекеттик кызматкерлер 8 жаштан 20 жашка чейинки христиан балдар менен боз уландар арасынан ден соолугу чың, сымбаттуу жана тың болгондорун тандап алышчу. Ислам динин кабыл алган бул балдар түрк-ислам жашоосун, түрк тилин үйрөнүү үчүн дыйканчылык менен алектенген Анадолудагы түрк үй-бүлөөлөрдүн жанына жайгаштырылган. Бул үй-бүлөөлөрдүн жанында 3-5 жыл жашашкандан кийин алар «Ажеми огланлар» мектебине киришкен. Ал жерде аскердик даярдыктан өтүшкөн жана алгачкы билимди алышкан. Булардын бир бөлүгү сынак аркылуу «Топкапы» деген кансарайда жайгашкан «Эндерун» мектебине кабыл алынган.

«Эндерун» мектебине кабыл алынган окуучуларды «ич уландар» деп аташкан. Алар «Эндерунда» үч түрдүү таалим-тарбия көрүшкөн: Биринчиден алар кансарайда эмгектенүү аркылуу ишти практика жүзүндө үйрөнүшкөн. Экинчиден диний илимдер жана айрым позитивдүү илимдер боюнча билим алышкан. Үчүнчүдөн өздөрүнүн шыгына жараша дене тарбия же искусство багытында өнөрлөрүн өркүндөтүшкөн.

«Эндерун» мектебинде практикалык билим жети бөлмөдө үйрөтүлгөн. Бул жети бөлмө жети баскыч сыяктуу болгон десек жаңылышпайбыз. Окуучулар бир бөлмөнүн иштерин 1-2 жыл бойу аткарышкан. «Кичине» менен «чоң» деген бөлмөлөрдөгү окуучулардын негизги иши тамга таанып, окуганды үйрөнүү жана башка бөлмөлөргө чыгуу үчүн даярдык көрүү болгон. «Кушчулар» бөлмөсүндөгү ич уландар падышанын аңчылыкта колдонгон куштарын багышкан. «Сеферли» деген бөлмөдөгү ич уландар падышанын кийим-кечесин карашкан. «Килер» деген бөлмөдөгү окуучулар кансарайды тамак-аш менен камсыз кылышкан. «Казына» бөлмөсүндөгү ич уландар казынаны жана падышанын баалуу буюмдарын карашкан. «Хас» деген бөлмөдөгү окуучулар болсо ар дайым падышанын жанында болуп, ага кызмат кылып, буйруктарын ишке ашырышкан. Бул бөлмө окуучулар үчүн эң жогорку баскыч болуп саналган. Эндерун мектебинин «Хас» бөлмөсүндөгү бардык иштерди үйрөнүп бүткөндөр 5-7 жылда же болбосо жаңы падыша бийликке келгенде кансарайдын сыртындагы маанилүү бир жерге дайындалчу. «Эндерун» мектебин бүтүрүп кызматка дайындалуу «чыгуу» деп аталган.

Кансарайдагы «Шехзадеган» мектеби канзаадаларга башталгыч билим берген окуу жай болгон. Бул жерде канзаадалар куран окуганды үйрөнүшкөн. Мындан сырткары «Шехзадеган» мектебинде диний маалыматтар берилген, практика жүзүндө намаз окуу сыяктуу нерселер үйрөтүлгөн.

Кансарайдагы үчүнчү мектеп болгон «Мешкханеде» шыктуу ич уландарга музыка сабагы берилген.

Урматтуу китеп күйөрмандары, «Түрк билим берүү тарыхы: Б.з.ч. 1000-Б.з. 2013-жылдары» аттуу китепте Осмон кансарайларындагы билим берүү жайлары боюнча маалыматтар берилгенден кийин «Осмон падышалары кантип даярдалган?» деген суроого жооп берилген. Бул жоопту сиздерге кызкача баяндап берели:

Падыша уулду болгондо алгач аны «уста» деген жаш кыздар багышкан. Канзаада сүттөн чыгарылгандан кийин аны «Хас» деген бөлмөдөгү «агалар» карашкан. Бул агалардын эң улуусун «баш лала» деп аташкан.

Канзаада 5-6 жашка толгондо муфтий катышкан салтанаттуу жыйын өткөрүлүп, канзаадага сабак өтүлө баштачу. Осмондуктар канзааданын мугалимин «муаллим-и султани» дешкен. Бул мугалим канзаадага куран окуганды үйрөтчү. Айта кетчү нерсе, канзаада «Шехзадеган» мектебине да барууга тийиш болгон.

Канзаадалар 15 жашка чыкканда облустарга жиберилген. Бир аганын коштоосунда кайсыл бир облуска жиберилген канзаада ошол жердин башкаруучусу болуп дайындалган. Канзаадалар ал жакта атайын жалданган мугалимдерден сабак алып, кол өнөрчүлүктү өздөштүрүшкөн. Канзаадалар 16-кылымдын аяктарынан тартып облустарга жиберилбей, кансарайдагы бийик дубалдар жана шамшат дарактары менен курчалган «капас» аттуу имаратта тарбиялана баштаган. Канзаадалар бул жерде капастагыдай жашоо жашашкан, бирок бул жердеги тартип падышанын мүнөзү менен тыгыз байланышта болгон. Падыша коркок болсо капастын тартиби ашыкча катуу болгон. Эгер падыша диндар жана мүнөзү жакшы болсо канзаадалардын имаратындагы шарттар да салыштырмалуу мыкты болгон. Мисалы, Селим III капас имаратындагы алгачкы жылдарында аябай жакшы тарбия алган. Музыка сабагын алып, ыр жазган. Француз тилин үйрөткөн мугалими болгон. Селим III 1789-жылы такка чыкканга чейин «капаста» жашаган.



Тектеш кабарлар