OpenAI 2024-жылдагы шайлоолордо жалган маалыматка каршы турууга даярданып жатат

Өз билдирүүсүндө OpenAI шайлоо кампанияларында өзүнүн ChatGPT тил моделин жана DALL-E 3 сүрөт генератор технологиясын колдонууга уруксат бербей турганын билдирди.

2089453
OpenAI 2024-жылдагы шайлоолордо жалган маалыматка каршы турууга даярданып жатат

ChatGPT тил моделин иштеп чыгуучу OpenAI фирмасы, 2024-жылы дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө боло турган шайлоолордо жасалышы мүмкүн болгон жалган маалымат аракеттерине каршы жаңы тиркемелерди иштеп чыкканын жарыялады.

Быйыл маанилүү шайлоолор АКШда, Индияда жана Улуу Британияда өтөт.

Өз билдирүүсүндө OpenAI шайлоо кампанияларында өзүнүн ChatGPT тил моделин жана DALL-E 3 сүрөт генератор технологиясын колдонууга уруксат бербей турганын билдирди.

«Биз биздин технологияны демократияны бузуу үчүн колдонууга жол бербейбиз»,- деди OpenAI.

Компания ар кандай программалык каражаттарды иштеп чыккандыгын жана бул каражаттардын, ChatGPT тарабынан түзүлгөн тексттерге бул тууралуу шилтеме тиркей турганын, ошондой эле колдонуучуларга DALL-E 3 аркылуу кандайдыр бир сүрөттөр түзүлүп түзүлбөгөнүн аныктоого жардам берерин айтты.

ChatGPT тил моделинин тез ийгилиги дүйнөлүк масштабда жасалма интеллект революциясына жол ачты. Бирок бул ийгилик ошондой эле мындай каражаттар интернетте массалык жалган маалымат таратып, шайлоочуларга таасир этиши мүмкүн деген көптөгөн эскертүүлөргө алып келди.

Шайлоодогу жалган маалымат боюнча мындай кооптонуулар көптөн бери эле бар. Ал эми эксперттер мазмундун жасалма же манипуляция экенин түшүнүү оңой эмес учурларда, абдан күчтүү жасалма интеллект текст жана сүрөт генераторлорунун коомчулукка ачык болушу коркунучту күчөтөөрүн айтышат.



Тектеш кабарлар