Тынч океандагы таштанды үймөктөрүндө жаңы деңиз түрлөрү пайда боло баштады

Cbsnews кабарына караганда, Тынч океандагы таштанды үймөктөр боюнча изилдөө жүргүзгөн илимпоздор алардын 70 пайыздан ашыгын жээкте жашаган деңиз жандыктары түзөрүн аныкташкан.

1976682
Тынч океандагы таштанды үймөктөрүндө жаңы деңиз түрлөрү пайда боло баштады

Жаңы изилдөө Тынч океандын ортосундагы пластик жана таштанды үйүлгөн үймөктөрдүн айланасында жээктеги деңиз түрлөрү пайда боло баштаганын көрсөттү.

Cbsnews кабарына караганда, Тынч океандагы таштанды үймөктөр боюнча изилдөө жүргүзгөн илимпоздор алардын 70 пайыздан ашыгын жээкте жашаган деңиз жандыктары түзөрүн аныкташкан.

Окумуштуулар 2018-жылдын ноябрынан 2019-жылдын январь айына чейин таштандыдан чогулткан 105 буюмду, анын ичинде балык уулоочу торлорду, аркандарды жана бөтөлкөлөрдү карап чыгышкан.

Бул таштандылардын 2/3 бөлүгүнүн жээктеги жана ачык деңиздерде жашаган бул түрлөрдүн уясына айланганы байкалган.

Изилдөөчүлөрдүн биргелешкен билдирүүсүндө, ачык деңиздерде жашаган аталган түрлөрдүн табылышынын жаңы нерсе эместиги, бирок таштандылар көбөйгөн сайын калдыктардын жыштыгы жана түрдүүлүгүнүн көбөйөрү жана мунун жаңы экени белгиленди.

Билдирүүдө,«Биздин натыйжалар океан чөйрөсү жана калкып жүрүүчү пластикалык үймөктөр жээктеги деңиз түрлөрүнө абдан ыңгайлашарын көрсөтүп турат. Өмүр баяны бар бул деңиз жандыктары ачык океанда аман калып, көбөйүп, татаал популяцияга жана массалык түзүлүшкө ээ болот»,делген.

Пластисфера (пластикалык экосистема) азыр жээктеги деңиз түрлөрүнө популяциясын ачык океанды көздөй кеңейтүү жана пелагикалык (деңиз жамааттары) коомчулугунун туруктуу бөлүгү болуу үчүн укмуштуудай жаңы мүмкүнчүлүктөрдү бере аларын баса белгилеп, ал ошондой эле океан коомчулугун жана экосистемалык процесстерди түп тамырынан бери өзгөртө турганын, анан бул чөйрө түрлөрдүн дисперсиясына жана биогеографиялык өзгөрүүлөргө алып келээрин, ал чоң мейкиндик масштабындагы жылыштардын потенциалдуу кесепеттери менен өзгөрүшү мүмкүн экендиги баса белгиленди.

Изилдөө Nature Ecology & Evolution журналында жарыяланды.

Жакында жасалган дагы бир изилдөөдө өзгөчө кырдаалдарга чара көрүлбөсө, 2040-жылга чейин океандардагы пластик калдыктарынын көрсөткүчү 2,6 эсеге көбөйөрү айтылган.



Тектеш кабарлар