Рүмейса Гелги дүйнөдөгү эң узун бойлуу аял
Дүйнөдөгү эң узун киши да Түркияда жашайт.
Рүмейса Гелги дүйнөдөгү эң узун аял наамын алды.
Sputnik кабарына караганда, Карабүк шаарынын Сафранболу районунда жашаган 24 жаштагы Рүмейса Гелги 2 метр 15 сантиметрдик бою менен дүйнөдөгү эң узун аял катары Гиннестин рекорддор китебине кирди.
2014-жылы эң узун жаш аял наамын алган Рүмейса май айындагы өлчөөлөрдөн кийин болсо дүйнөдөгү эң узун аял болуп калды.
Бойдун ашыкча узарышына алып келген Weaver дартына чалдыккан Гелги, бул оорусуна байланыштуу дөңгөлөктүү отургуч жана түрткүч колдонот.
Дүйнөдөгү эң узун киши да Түркияда жашайт.
Султан Көсен 2 метр 51 сантиметрдик бою менен дүйнөдөгү эң узун адам болуп, Гиннестин рекорддор китебине кирген.
Тектеш кабарлар
«Seven Seas Voyager» Антальяда
"Seven Seas Voyager" круизинин кийинки багытынын Санторини порту болоору маалымдалды.