Англияда дүйнөнүн эң ичке алтыны жасалды

Өзгөчө 2 өлчөмгө ээ болгон дүйнөдөгү эң ичке алтындын медициналык каражаттар менен электр жана кибернетика индустриясында колдонула тургандыгын белгилешти.

1249003
Англияда дүйнөнүн эң ичке алтыны жасалды

 

Phys.orgдун билдирүүсүнө караганда Leeds университетинин окумуштууларынын изилдөөлөрүндө 0,47 нанометр ичке болгон 2 атом калыңдыгындагы жана адамдын тырмагынан болжол менен бир миллионго кичинекей болгон алтын жасашты.

Өзгөчө 2 өлчөмгө ээ болгон дүйнөдөгү эң ичке алтындын медициналык каражаттар менен электр жана кибернетика индустриясында колдонула тургандыгын белгилешти.

Окумуштуулар эң ичке алтындын өтө тез диагноз алууга муктаж болгон медициналык тест приборлорунда жана сууну тазалоо системеларында колдонулган жасалма эритүүчү ферменттин да негизин түзөт деп ишенишет.

Алтындын жасалуусунда колдонулган бул ыкма нано материалдын жасалуусу үчүн дагы маанилүү бир ачылыш боло тургандыгын белгилеген иш тайпасынын жетекчиси Сунжи Ие, суунун астында жашыл түскө айланган жана сырткы түзүлүшү боюнча балырга окшогон алтынды “алтын балыр” деп атаганын айтты.

Жүргүзүлгөн иштин кеңешчиси профессор Стефен Евантс да ичке алтындын түрдүү секторлордо колдонулган ири өлчөмдөгү алтындар менен бирдей кызматты аткара ала тургандыгын, бул көрүнүштүн да алтын сыяктуу баалуу заттан сөз болгондо маанилүү экономикалык оң таасирлер тийгизе турганын айтты.

Изилдөө толугу менен “Advanced Science” журналына жарыяланды.



Тектеш кабарлар