Индияда жапайы айбанаттар адамдарга кол салууда

Индиянын жапайы жырткыч айбанаттардын кол салуусунан 79 киши каза тапты.

1055119
Индияда жапайы айбанаттар адамдарга кол салууда

Индиянын Уттараханд провинциясында акыркы 1,5 жылда жапайы жырткыч айбанаттардын кол салуусунан 79 киши каза тапты.

Жергиликтүү басма сөздүн Токой чарба министрлигинин жарыясына таянып берген маалыматына караганда жырткыч айбанаттар айрыкча дыйкан чарбасындагы 11 миң малды кырып, 1180 гектардык талаа аянтын зыянга учураткан.

Эл өзүн коргоо максатында отурукташкан аймакка жакын токой аянттарында орто эсеп менен 7400 жырткыч айбанатты өлтүргөнү белгиленген.

Отурукташкан аянттардын токой аянттарын көздөй кеңейишинин себебинен коргонуу инстинкти менен жаныбарлардын адамдарга кол салгандары маалымдалууда.

Айбанаттардын адамдарга кол салуусунун башкы себептери катары плансыз жайгашуу жана токой аянттарынын бузулушу катары көрсөтүлүүдө.

Табигый жашоо аянттары тарыган жырткыч айбанаттардын тамак табыш үчүн адамдар жашаган жерлерге бет алгандары, ушул себептен кол салуу көбөйгөнү маалымдалган.

Өлкөдө адамдарга карай жырткыч айбандардын кол салуусу көбөйгөнүнө басым жасалып, анын ичинен эң көп илбирстердин кол салуусу күчөгөнү баяндалган.



Тектеш кабарлар