300 метр узундуктагы жөргөмүш желеси

Аба-ырайынын өз мезгилинен ысык болушу жана чиркейлердин көбөйүшү жөргөмүштөрдүн санын арттырганы божомолдонууда.

1053703
300 метр узундуктагы жөргөмүш желеси

Грециянын батыш жагындагы Аитолико районунда 300 метр узундуктагы жөргөмүш желеси табылды.

ВВС Түркчөнүн берген маалыматына караганда адистер, эл арасында коркуу жараткан тордун мезгилдик фактор экенин жана Tetragnatha түрүндөгү жөргөмүштөрдүн жупташкан убактарында ушунчалык чоң желелерди өрө алганын айтууда.

Аба-ырайынын өз мезгилинен ысык болушу жана чиркейлердин көбөйүшү жөргөмүштөрдүн санын арттырганы божомолдонууда.

Фракиянын Демокритус университетинин молекулярдык биология жана генетика адиси проф.Мариа Чацаки, ысык аба ырайы, ным жана тамак-аштын молдугу ушундай жөргөмүштүн түрлөрүнүн көбөйүшү үчүн ыңгайлуу чөйрө жаратканын белгилеп: «Жөргөмүштөр, эми мындан пайдаланууда. Кандайдыр бир шаан-шөкөт өткөрүшүүдө. Жупташып көбөйүүдө жана жаңы муун жаратууда. Шаан-шөкөттөрү бүткөн соң өлүшөт»,-деди.

Чацаки, мындай жөргөмүштөрдүн адамдар үчүн зыяны жок экенин жана аймактын флорасына да зыян тийгизбей турганын айтты.



Тектеш кабарлар