Марстагы суунун эмес кумдун изи экен

Марска байланыштуу теория бузулду

851976
Марстагы суунун эмес кумдун изи экен

Илимпоздор Марстын бетиндеги коюу терең сызыктардын суу эмес кум агымынын изи экенин билдиришти.

Аризона университети, Дарем университети жана Планета илимдер институтунан илимпоздор, Кызыл Планетанын бетиндеги тар, коюу түстөгү агымдын издеринин Американын Улуттук авиация жана космостук агенттигине (НАСА) таандык Марсты изилдөө спутнигине (MRO) жайгаштырылган «HiRISE» телескобу тарабынан тартылган көрүнүштөрдү иликтеп чыгышты.

Изилдөөнүн негиздөөчүсү Колин Дундас, «Кайталанган аска сызыктары» деп аталган миңдеген сызыктын 151инин иликтенгенин айтты.

Илимпоздор Марста суу болушу мүмкүн экенин бирок мунун жашоого шарт түзө тургандай деңгээлде эмес экенин белгилешти.

Изилдөөнүн жыйынтыктары, Американын Геологиялык изилдөөлөр борборуна таандык «Nature Geoscience» журналында жарыяланды.

НАСА 2015-жылы Кызыл Планетада жылуу айларда туздуу суу агымына байланыштуу күчтүү далилдерди топтогонун билдирген болчу.



Тектеш кабарлар