Дүйнө калкынын саны

Дүйнө калкынын саны өсүүдө

799871
Дүйнө калкынын саны

Дүйнө калкынын (7,4 миллиард) 36,3 пайызын Кытай менен Индияда жашагандар түзөт.

Дүйнөлүк банктын көрсөткүчтөрүнө караганда, 1960-жылы орто эсеп менен 3 миллиард киши болгон дүйнө калкы 1970-жылы 3,7 миллиард, 1980-жылы 4,4 миллиард, 1990-жылы 5,3 миллиард, 2000-жылы 6,1 миллиард, 2010-жылы 6,9 миллиард, 2016-жылы да 7,4 миллиард адамга жетти.

Дүйнө калкынын саны ушул жылдын аягында 7,6 миллиард кишиге, 2050-жылы болсо 9 миллиард кишиге жетээри божомолдонууда.

Көрсөткүчтөргө караганда 1 миллиард 378 миллион 665 миң киши жашаган Кытай Эл Республикасы калкынын көптүгү боюнча дүйнөдө биринчи, ал эми 1 миллиард 324 миллион 171 миң калкы менен Индия экинчи орунда турат.

Түркия 79 миллион 512 миң калкы менен дүйнөдө 18чи орунда турат. Түркиянын калкынын ушул жылдын аягында 80 миллион кишиге, 2034-жылы да 90 миллион кишиден ашаары божомолдонууда.



Тектеш кабарлар