Астрономдор жаңы планета табышты

Астрономдор Күн системасынан тышкары, атмосферасында суу молекулаларынын бийиктиктерге көтөрүлгөндө ысыган стратосферага окшош катмары бар “башка планетаны” табышты.

784048
Астрономдор жаңы планета табышты

Англиянын Ексетер университети жана Америка Кошмо Штаттарынын Мэриленд университетинин окумуштуулары дүйнөдөн болжол менен 900 жарык жыл алыстыктагы “WASP-121b” аттуу Юпитердин чоңдугундай ысык газ планетасынын, Күн системасындагы планеталарга окшош атмосферанын өзгөчөлүктөрүн көрсөткөнүн билдирди.

Американын космостук изилдөө борборунун (НАСА) Хаббл космостук телескобундагы спектроскопия шайманын колдонгон окумуштуулар, жарыктын ар  түрдүү толкун узундугунда планетанын атмосферасында  кандай кыймылдаганын изилдешти.

Суу молекулалары атмосферада ысыктыктын өзгөчөлүктөрүнө карата, мурдатан болжолдонгон жарыктын  деңгээлине жетет.

Муздак абада суунун буусу жарыкты жаап, жогору температураларда  молекулалар ачыкка чыккан энергия менен жаркырайт.

Изилдөөчүлөр WASP-121bдеки суу молекулаларына жасаган байкоолордо  жогорулаган сайын суу молекулаларынын жарыктыгынын көбөйгөнү, бул учурдун планетада Күн системасындагы планеталардын көпчүлүгүндө байкалган окшош күчтүү стратосферанын бар экенинен кабар бергенин айтышкан.

Изилдөөнүн жыйынтыктары “Nature” журналына жарыяланды.

 


Этикеткалар: #НАСА , #молекулалар , #Юпитер

Тектеш кабарлар