Антальяда туризмдин чордону Түнектепе
Асма жол менен Түнектепеге 8,5 мүнөттө жетүүгө болот
Туризмдин жүрөгү Антальядагы Түнектепеде согот...
Премьер-министр Бинали Йылдырым 11-февралда расмий ачып берген жана 10 миңи чет элдик болжол менен 50 миң киши келген Сарысу-Түнектепе асма жолу, туристтерге бир канча метр бийиктикте укмуштуудай көрүнүш тартуулоодо.
Бир айдын ичинде орто менен 50 миң киши кыдырган Сарысу-Түнектепе асма жолу ар кайсы өлкөлөрдөн келген чет элдик туристтерди кызыктырып жатат. Сарысудан 650 метр бийиктиктеги Түнектепеге асма жол менен 8,5 мүнөттө жеткен туристтер Антальянын көз жоосун алган кооздугуна күбө болушууда.
Түнектепедеги социалдык жайларда чайын, кофесин ичкен жергиликтүү жана чет элдик туристтер Антальянын асмандан көрүнүшүндө фотосүрөткө түшүп кетишет.
Тектеш кабарлар
SpaceX Polaris Dawn экипажы Жерге кайтып келди
Миссия 1400 км рекорддук бийиктикке жетип, Аполлон доорунан берки эң бийик адам орбитасына жетти.