Миниатюралык көргөзмө өтүп жатат
«Көп улуттуу Осмон империясынын аялдары» аттуу миниатюралык көргөзмө ачылды
Маданият министрлигинин чебери Нуртен Үнвер жана окуучулары тарабынан даярдалып 41 аялдын келбети орун алган «Көп улуттуу Осмон империясынын аялдары» аттуу миниатюралык көргөзмө ачылды.
Түркия Улуу Улуттук Парламентиндеги «Мустафа Нежати» атындагы маданият борборунда көркөм өнөр сүйүүчүлөрүнө тартууланган көргөзмөдө, Осмон доорунун тарыхына из калтырган көп сандаган аялдын сүрөттөрү көрсөтүлүүдө.
Нуртен Үнвер миниатюранын өзгөчөлөнгөн искусство экенин, көргөзмөдө Осмон империясы үч материкти башкарып турган мезгилге таандык ар түрдүү этникалык тектерден 41 аялдын келбетинин орун алганын белгиледи.
Ошондой эле миниатюрага өзгөчө айымдардын чоң кызыгуу көрсөтүп жатканын айтты.
Көргөзмө 12-мартка чейин уланат.
Тектеш кабарлар
SpaceX Polaris Dawn экипажы Жерге кайтып келди
Миссия 1400 км рекорддук бийиктикке жетип, Аполлон доорунан берки эң бийик адам орбитасына жетти.