10-Ноябрь Ататүрктү эскерүү күнү

Түркия Республикасынын куруучусу Мустафа Кемал Ататүрктүн дүйнөдөн кайтканына 78-жыл болду...

608005
10-Ноябрь Ататүрктү эскерүү күнү

Бүгүн Түркия Республикасынын куруучусу жана алгачкы президенти Мустафа Кемал Ататүрктүн арабыздан ажыраган күнүндө дагы бир жолу урматтоо менен эскерүүдөбүз. Чанаккале согушу убагында көрсөткөн ийгилиги менен таанылган Мустафа Кемал 1-Дүйнөлүк согуштун жыйынтыгында Осмон империясынын жеңилген тарапта болушу жана өлкөнүн жерлеринин жеңген тарап тарабынан басылып алына баштоосуна катуу капа болду. Ошондон кийин Түрк улутуна жол башчылык кылып Боштондук согушун баштады. Бул күрөштүн ийгиликке жетиши менен Лозаннада түзүлгөн тынчтык келишмиминин жыйынтыгында Түркия Республикасы курулду жана Мустафа Кемал алгачкы президенти болду. Андан соң Ататүрк фамилиясын алган лидер, аткарган төңкөрүштөрү менен заманбап коомчулуктун түзүлүшүнө чоң салым кошту. Улуу жол башчы Мустафа Кемал Ататүрктү дагы бир жолу урматтоо менен эскеребиз...



Тектеш кабарлар