Ислам тарбиясы-14

Ислам дининин алдыңкы өзгөчөлүктөрү

467367
Ислам тарбиясы-14


Ислам дининин эң негизги өзгөчөлүгү тевхид (Жалгыз Кудай) ишеничи болуп саналат. Мааниси жагынан биригүү дегенди туюнткан тевхид, Алланын бар экенин, жалгыз экенин жана теңдеши жок экенин билүү жана ага ишенүү дегенди билдирет. Бул ишенич «Лаа илааха илла Алла» келимеси менен айтылат. Ушундан улам буга келиме-и тевхид деп айтылат.

Куранда «Лаа илааха илла Алла» келимесинин мааниси: Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен Аллах Жалгыз! Аллах эч кимге муктаж эмес! (Ал) төрөбөгөн жана төрөлбөгөн! Ага эч ким теңдеш эмес! деп жазылган.

Аллага эч ким тең келе албайт. Ал баарынан Улук, баарынан Чоң. Эгерде асмандар менен жерде Алладан башка кудайлар болсо, анда (алар) бузулуп кетээр эле.

Анан да, Ага асмандардагылар менен жердегилердин баары таандык. Силерде болсо эч кандай далилдер жок. Аны билбей туруп, Алла тууралуу айта аласыңарбы? Ал эч бир топко же кишиге жакын же алыс эмес, Алла Таала бүткүл ааламдардын Раббиси!

Тевхид, жалгыз гана Аллага ибадат кылууну, ага жакын болууну, бир гана андан жардам суроону, ага ишенүүнү талап кылат. Алланын буйруктарын жактыруу жана шарттарына шайкеш келүү да тевхиддин талабы. Ыйман келтирүүнүн ар түрдүү жүрүм-турумдарга багыт бериши тевхиддин чагылуусу болуп саналат. Ушундан улам Ислам цивилизациясынын бардык иштеринде тевхид ишеничинин чагылуусу байкалат.

Исламдын дагы бир өзгөчөлүгү да бүтүндөй ааламды камтыганы. Алла тарабынан жөнөтүлгөн диндердин арасында тил, аймак жана тарыхый жараян айырмачылыктары бар. Бирок ишенич негиздери жана ибадат түшүнүгү менен адилеттүүлүк, сүйүү, жардам көрсөтүү сыяктуу түшүнүктөр жакшы, ал эми тескериси жаман болгону сыяктуу негизги ааламдык чындыктар диндердин орток өзгөчөлүгү болуп саналат. Ушундан улам вахийге байланыштуу бардык диндер окшош болуп, Ислам- Азирети Адамдан бери уланып келе жаткан вахий салтынын уландысы жана акыркысы болуп эсептелет. Ошондуктан Ислам жалпы ааламдык болуп саналат. Жер жүзүндөгү бардык адамдарды жана кыямат күнүнө чейинки мезгилди камтыйт. Исламдын негизги булагы болгон Курандын билдирүүлөрүнө, кыямат күнүнө чейинки бардык мезгилдер кирет жана бүтүндөй адамдарды, ал эмес жиндерди да камтый тургандай өзгөчөлүктө.

Мурдагы диндер белгилүү мезгил менен чектелүү болсо же белгилүү коомчулукка кайрылса, Ислам бардык мезгилдерге жана бардык адамдарга, ал эмес жаратылгандардын бардыгына кайрылат. Куран бир гана белгилүү топко эмес, бүтүндөй адамдарга багытталат. Ошондуктан Эй адамдар, Эй адам баласы сыяктуу кайрылуулар колдонулган. Азирети Мухаммед Пайгамбар да: «Эй, Адамдар! Мен силердин баарыңар үчүн Алланын элчисимин. Асмандар менен жердин кожоюндугу – Аллага (гана) таандык! Андан башка кудай жок. Ал – тирилтет жана өлтүрөт. Аллага жана Алланын сөздөрүнө ишенгиле, жиберилген пайгамбар-элчисине ишенип, аны ээрчигиле. Балким, Туура Жолду табаарсыңар»,- деген.

Ислам адамдарды коомдук абалы же жынысына жараша бөлбөйт. Анын принциптери, адамдын жеке жана коомдук жашоосунун бардык тармактарына жарык чачат. Дүйнөдөгү баалуулуктардын бардыгы Исламга негизделет. Адам укуктары, чынчылдык, ишенимдүүлүк, адилеттүүлүк, тең укуктуулук, кары-картаң, бала жана аялдардын укуктарын коргоо, эмгектенүү, тынчтыкчыл сыяктуу бүтүндөй ааламга багытталган принциптердин баарын Ислам дини жактырууда жана сунуш кылууда.

Адамдын аң-сезимине баа берүү да Исламдын өзгөчөлүктөрүнүн бири. Ислам түшүнүгүнө караганда акыл-эс, адамга Алла тарабынан берилген күч болуп саналат. Адам бул күчтүн негизинде жакшы, жаман, пайдалуу жана зыяндуу нерселерди билет. Адамды башка жандыктардан айырмалаган акыл-эс, анын эң жогорку сапаты болуп эсептелет. Куранда «Акыл калчабайсыңарбы?» деп адамдарды акыл-эстерин колдонууга чакырган.

Ислам дининде акыл-эс, диний буйрук жана тыюу салууларга баш ийүүнүн биринчи шарты болуп саналат. Ыйман келтирүү акыл-эске негизделет. Ошондуктан Исламда акыл-эстин сакталышы негизги максаттардын бири катары кабыл алынган жана убактылуу мөөнөткө болсо да акыл-эстин функцияларынын жоготушуна себепчи болгон ичимдик, бангизат ж.б колдонууга тыюу салынган. Ой-жүгүртүүнүн дагы бир түрү болгон салыштыруу, диний буйруктардын төрт негизги булагынан бири катары кабыл алынган жана Ислам укугунда көп колдонулган.

Исламдын дагы бир алдыңкы өзгөчөлүгү адамга жаратылгандардын арасында өзгөчө баа берилиши болуп саналат.

Куранда «Албетте, Биз инсанды эң мыкты - тегиз турпатта кылып жараттык»жана Адам уулдарын (балдарын) эң сонун жана эң баалуу кылдык» деп буйрук кылган. Ошондуктан адамдын тубаса укуктары кол тийбес экени айтылат. Ар бир адамга, Алла Таала жараткан барктуу жандык катары мамиле кылынат. Адамдын ишеничи, жынысы, улуту, коомдук абалы ага баа берүүдө таасирдүү эмес. Ислам түшүнүгүндө, жаратылганды жараткандан улам сүйүү жана ага жакшы мамиле кылуу, Аллага болгон ыйман келтирүүнүн эң жогорку негизин түзүүдө. Куранда «Кеңиричиликте да, жетишсиздикте да Алла жолунда сарптагандар, ачуусун сабыр менен баскандар, адамдарга кечиримдүү болгондор – (ушулар такыбалар)! Алла – жакшылык кылуучуларды сүйөт!» деп жазылган.



Тектеш кабарлар