Техникалык инфраструктурадан институттук көлөмдү арттырууга чейин ТИКА долбоорлору...

Түркиянын жардам мекемелери-4

1141656
Техникалык инфраструктурадан институттук көлөмдү арттырууга чейин ТИКА долбоорлору...
TİKA Makedonya 1.jpg
Tika_Tiran Üniversitesi yurtları onarımı_10_Serdar Çam.jpg
TİKA-TSE Azerbaycan
tika peru .jpg
tika gambiya.jpg
tika kirgizistan.jpg

Урматтуу окурмандар, «Түркиянын жардам мекемелери» аттуу уктуруубузда үч аптадан бери Түркиянын кызматташтык жана координация агенттиги башкармалыгы (ТИКА) тууралуу сиздерге маалымат берүүгө аракет кылдык. Бул аптадагы программабызда ТИКАнын долбоорлоруна жалпы шилтеме берген соң, ТИКА темасын бүтүргөн болобуз.

Техникалык инфраструктурадан институттук көлөмдү арттырууга чейин ТИКА долбоорлору...

1995-жылга чейин тууган өлкөлөрдө экономикалык,социалдык жана маданий иш-чараларды жүргүзгөн ТИКА, ал күндөн тарта билим берүү жана маданий кызматташтык иштерине басымдуу орун берип келди. Өзүңүздөр билгендей бардык нерсенин башы квалификациялуу, жакшы жетилген адам ресурсуна ээ болууга байланыштуу. Ушул себептен ТИКА 1995-жылдан кийин билим берүү иш-аракеттерин ылдамдатып, ар түрдүү өлкөлөрдө мектептерди, китепканаларды, лабораторияларды куруп, университеттерге техникалык жабдуу жардамдарын берди.

2000-жылдар менен башталган процессте дүйнө жүзү глобалдашты жана глобалдашуунун таасири чыгыштан батышка чейин бир топ аймакта сезилди. Бул мезгилде бир тилде сүйлөгөн өлкөлөрдүн өнүгүү темасында ээ болгон бурулушка параллель түрдө ТИКАнын аймакта жасаган долбоорлору, институттук көлөмдү арттыруу долбоорлоруна айланды. Өлкөбүздүн жана ТИКАнын орток тарыхый мураска ээ болуудан келип чыккан акылуу сыймыгы менен ата-балардан калган жерлер үчүн ишке ашырган долбоорлору уланып жатат.

Өлкөбүздүн дүйнөдө жана аймагында маанилүү актер абалына келүү аракетинин уландысы катары 2000-жылдардан тарта тышкы саясат түшүнүгүбүз маанилүү өзгөрүүгө ээ болду. Бул өзгөрүүнүн негизинде ТИКА иш алып баруу аянтын кеңейтти. 2002-жылы 12 болгон Программа координациялоочу кеңсе санын 2011-жылы 25ке, 2012-жылы 33кө жеткирди. Түркиянын кызматташтык жана координация агенттиги башкармалыгы (ТИКА) бүгүнкү күндө 59 өлкөдө 61 Программа коондинациялоочу кеңсеси менен 150 өлкөдө ишин жүргүзүүдө. Өлкөбүз жүргүзгөн активдүү жана принциптүү тышкы саясатка караштуу түрдө иш алып барган өлкөлөрдүн саны күн өткөн сайын көбөйүүдө. Түркия, ТИКА аркылуу дос, тууган жана тектеш өлкөлөргө карай жасаган иштеринин негизинде тынчтык алкагын түзүү аракетин кылууда.

ТИКА, мамлекеттик мекеме жана уюмдар, университеттер, бейөкмөт уюмдар жана жеке менчик секторлордун арасында кызматташтык механизми милдетин аткарууда, бул секторлордун актерлорун биргелеше пайда табуу үчүн жолугуштурууда жана Түркиянын өнүгүүгө карай жардамдарын катоого алууда.

2002-жылы өлкөбүздүн өнүгүүгө карай жардамдары 85 миллион АКШ доллары болуп турганда бул сан 2017-жылы 8 миллиард 120 миллион АКШ долларына жогорулатылды. Ошол эле убакта Түркия дүйнөдө эң көп гуманитардык жардам берген өлкө болуп саналат.

ТИКА, кеңселери орун алган өлкөлөр менен катар 5 материкте 150гө жакын өлкөдө өнүгүүгө багытталган кызматташтык иштерин жүзөгө ашырууда. Өлкөбүз ТИКА аркылуу Тынч океандан тартып Орто Азияга чейин, Жакынкы Чыгыш жана Африкадан тартып Балкан, Кавказ өлкөлөрүнө, Латын Америкага чейин бир топ өлкө менен маалыматын жана тажрыйбасын бөлүшүүдө.

Урматтуу угармандар, алдыбыздагы аптада «Түркиянын жардам мекемелери» программабыздын жаңы бөлүмүндө амандашабыз...



Тектеш кабарлар