Түркиянын жаңы көз карашы-14

Акыркы мезгилдеги Жакынкы Чыгыш саясатына сереп салуу.

473653
Түркиянын жаңы көз карашы-14

Болбой калды, келишимди буздуң!

Үстүнө жашыл чапан кийген улгайган адам устаканага капыстан кирип келди. Андан күтүлбөгөн шамдагайлык менен куралын аны карап калгандарга бура салып туш келди аткылап кирди. Түздөн-түз үстүнкү кабаттагы офиске баруучу тепкичтерден чыгып барып маңдайында коркуп титиреп турган жана колундагы куралды да туура кармай албаган адамга атырылып:

-Мен сага балага кепил болом дегем. Бир маселең бар болсо мени менен сүйлөшкүн дегем. Убадаңа турган жоксуң, баланы өлтүрдүң!- деп адамды кежигеден алып башын үстөлгө такады жана атактуу жергиликтүү акценти менен; -Болбой калды, келишимди буздуң...дааң! Бир жолу ок атылды жана айланага кан чачырады....

Келишим термини, берилген убадалар жана ыктымалдуу жыйынтыктарына байланыштуу жогоруда бергим келген сахна атактуу Каракчы киносунан алынган.

Түркияда коомчулук, көптөн бери көркөмдүгү, актерлору жана максаты так белгилене албаган кандуу сценарийдин ичинде чабалактап турат. Тез арада токтотулушу үчүн «бала өлтүргүч» экенинен шек саналган кишини да кечиргидей абалга келди. Бир коркунуч сыяктуу турмушубузга аралашты, албарсты баскансып үстүбүзүдү басып калды. Биздин демибизди бууган бул жаман түштөн тез ойгонгубуз келет. Адамдарыбыз жыпар жыттанган жаз айларын жашоону, жайлоолордо гүлдөргө бөлөнүүнү ушунчалык сагынышкандыктан ар бир Нооруз күнүн жалгыз эле ошол жаздын эмес, өз тагдырынын да жазы сыяктуу карай башташты.

АК партия бийлиги менен бирге жазды сүйүнчүлөгөн чилделер чыга баштады, адамдар жаздын келе турганына ишене башташты.

Ал эми уюм жана анын жактоочулары бул абалга бөгөт коюш үчүн ар түрдүү жолдорду сынашты. АК партия бийлиги жүргүзүп жаткан чечүүчү жол процессин уюм жана жандоочтору толук 11 жолу (Даглыжа,Актүтүн, Решадие, Силван, Урфа, Жейланпынар ж.б.) кандуу кыймылдар менен токтотууга аракет кылышты. А бирок АК партия бул тоскоолдуктарга карабастан жолун улантты. Акыркы чилденин чыгышы менен жаздын келишин каалады.

Аймактын адамы, өзгөрүүнүн бардык процесстерин дароо байкаган тажрыйбага жана жеке кишилик маалыматка ээ. Топракка түшкөн жылуулуктун кантип кыртышты ысытканын, сууга түшкөн жулуулуктун кантип жамгырды-сууну жумшартканын жана абага түшкөн жылуулуктун кантип атмосфераны сыдырым желге айлантканын миңдеген жылдар бою жыл сайын сынады жана көрдү.

Бул жазда да кудум эле Нооруз менен бирге өлкөгө жана тоолорго тынчтык келишин, жаз келишин талап кылышты. Өздөрүнө таандык болбогон бул талаштын тез арада бүтүшүн каалашты. Мамлекет, уюм жана анын атынан бир канча талаптарды сөз кылгандардын бардыгынын айткандарынан бир жол картасын белгилеп бул жаздын туулушун камсыздаганга аракет кылды. Сүйлөшүүлөр башталды. Сүйлөшүүлөр тереңдешти. Так эле бактар ойгоно турган мезгил келип жеткенде террордук уюм кайра-кайра кандуу кыймылдарын жана интригаларын баштады.

Бир топтон кийин абалдын түсү өзгөрдү. ПКК жана жандоочтору келишимди бузушту. Уюмдун корбашчысы жөнөкөй бир чыгыш куулугун кылып зомбулукту күчөтүп өз келечегин кепилдикке ала турган тузак курду. Ушунчалык жагымсыз куулук болгондуктан ар бир убакта «мен эчтеке каалабайм, эркиндигим маанилүү эмес» деп жатканы менен чындыгында жалгыз каалоосу өзүнүн жеке кишилик келечеги болчу.

Зомбулук күчөйт, кан көлдөйт жана бул абалдан кутулуш үчүн өлкө жана саясий актерлер, ал эмес Түркия Улуу Улуттук Жыйыны ага чакырык салып, кел бизди куткар дегидей абалга түшмөк. Чебердик менен сахналанган сценраий болчу бул. Өлкөдө жана аймакта кан көлдөп, хаостук атмосфера болмок, адамдар кайда бара тургандарын биле алышпай шашкалактап калышмак.

Чындыгында сүйлөшүүлөрдүн максаты күрттөргө жазды сүйүнчүлөө болчу. Канкор мыкаачыларга эмес. Эми террор уюму саясий уландысы аркылуу мурдагы күндөрүнө кайтып расшифровкаланган кандуу сценраийди кайрадан манипуляция кылгысы келип жатат.

Буга эми эч ким ишенбейт. Ишенбегендердин башында күрттөр турат. ПКК жана жандоочтору өз кылмыштарын шылтоо кылышып процессти бүтүрүштү. Сүйлөшүүлөрдү бүтүрүшүнүн негизги себеби да иштердин жолунда баратышы эле, жолунда эмес болсо андай кылмак эмес.

Булардын бардыгы уюмдун жүзүндөгү тынчтык жана демократия беткабын түшүрдү. Негизги ниетинин күрт маселеси болбогону көрүндү. Аймактагы кайсы атуулга микрофон узатылса бул түзүлүштүн башкы максатынын күрттөр болбогонун айткан сүйлөмдөр угулуп жатат.

Адамдар, ХДП (ПКК) менен тынчтык үмүтү болгондуктан сүйлөшүлүшүн бекитишкен. Ал эми бул уюмдун эми тынчтыкты каалабаганы ачык түрдө көрүндү. Буга да карабастан курула турган жаңы сүйлөшүү үстөлүнө улутубуз эч качан колдоо көрсөтпөйт.

Ушундан улам менин жеке оюмча бул топ менен жаңы сүйлөшүү болбойт. Менин оюмча жаңы процесстин башталышы мүмкүн эместей. Демирташ соттолбостон, Өжалан өлүм жазасына тартылбастан, Карайылан кежигеден алынбастан жана буларды пешка катары колдонгон колдор сындырылбастан кайрадан сүйлөшүү болбойт.

Йылдырым Беязыт университетинин Адам жана коомдук илимдер факультетинин социология бөлүмүнүн окутуучусу проф.др Мазхар Баглынын темага байланыштуу баамдоосун окудуңуздар.



Тектеш кабарлар