Түркиянын жаңы көз карашы-10

Өзгөргөн дүйнөдө Түркиянын жаңы көз карашы.

463511
Түркиянын жаңы көз карашы-10

Террор маселеси барган сайын өзгөрүп баратат. Бул маселени жарандык саясат менен чечүү темасындагы бардык киришүүлөр бөлүүчү террор уюму тарабынан четке кагылды.

Террордун соңуна чыгарылышы үчүн мамлекеттин жана Түркиянын коомдук пикиринин ПКК террор уюму менен байланышы болгон кээ бир саясий кыймылдарга көрсөткөн толеранттуулук бүттү, аларга берген мүмкүнчүлүк калган жок. Коопсуздукчул чара көрүүлөрдөн натыйжа чыкпай калганы көрүнгөндө, өкмөт демократиялык жолдор менен кайрылды. Бул жол да калган жок. Жарандык саясат аркылуу маселелердин чечилүү эрки чындап эле баалуу утуш болмок. Балким террор уюму бул утушка да ээ болушубузду каалаган жок.

Бүгүнкү күндө маселени баш аламандуу кылган эки тема бар, биринчиси эң ылайыктуу чечүүчү жолдун уюм тарабынан четке кагылган болушу. Экинчиси да ПКК менен күрт маселесинин ортосунда курулган мажбур себеп байланышынын толугу менен жасалма экенинин билиниши.

Ар бирибиздин же ар кимдин оюнда бул тема мындай элестеп турчу: мамлекет ээ болгон расмий идеологиянын себебинен этникалык маселелер жаралууда жана бул маселелер зомбулуктун булагын түзүп жатат. Бул маселелер чечилгенде ПКК террору да токтойт.

Ал эми ал маселелер чечилсе дагы ПКК террору токтогон жок. Анткени ПКК, чындыгында күрт маселесинин чечилиши үчүн эмес, чечим табууга бөгөт болуш үчүн курулган. ПКК бул маселе аркылуу корбашыга айланган.

Бүгүнкү күндө Түркиянын демократиялашуу процессине балта чапкан негизги актер террордук уюмдун саясий уландысы болгон партия болуп эсептелет. Мындан мурда бул маселе демократия болбогону үчүн чечилбей келген, эми болсо террор өзү демократиялык механизмдин иштөөсүнөн пайдаланууда. Ал эмес демократияга каршы кол салууларын да «демократия жана тынчтык» маскасын жамынып алып жасоодо.

Түркиянын коомдук пикири, жарандык саясаттын маселе чечүү жөндөмдүүлүгүн Адилеттик жана өнүгүү партиясы бийлиги менен бирге тапты. Адамдар маселелердин демократия жана саясат менен чечилишин абдан жактырышты. Мунун абдан маанилүү жагдайды камсыздаганын өздөрү жашап көрүштү.

Мунун кадимки мисалы диний абийир тармагында жана өзгөчө баш кийим (жоолук) эркиндигинде көрүндү. Түркиянын коомдук пикири, саясат аркылуу эң татаал темалардан бири болгон, көпчүлүк убакта этникалык жагдайдан дагы көп режимдин иштөөсү менен байланыштырылган баш кийим (жоолук) маселесинин чечилүү тажрыйбасынан иш-аракетке өтүп күрт маселесин да бул жол менен чечиле турганын ойлоду.

Чындыгында адамдар күрт маселеси чечилсин деп ХДПга (ПКК) добуш берип жатканда арка тарапта башка сценарий бар эле. Бул сценарий элди маселени чечпөөгө түртүү болчу.

Анда эмне үчүн?

Анткени ПКК террор уюму, элге ачык жарыялай албаган бир канча максаттарды коюп алган. Өзгөчө аймак калкынан жашырган жашыруун күндөлүгү бар экени аттын кашкасындай белгилүү. «Чындап эле ПКК эмне каалайт?»-десеңиз, буга күрттөрдүн атынан жооп бере турган жагдай жок.

Муну билбей жатканыбыздын негизги себеби ПККнын күрт маселесинин үстүнө отуруп алганы жана ошол эле учурда күрттөргө жана күрттөрдүн мекени болгон Түркияга каршы корбашы түрүндө башкалар тарабынан пайдаланылып жатканы. Ким үчүн же кимдин колу менен колдонулуп жатат, бул темада жетиштүү маалыматыбыз жок деп ойлойм.

А бирок биз билген бир чындык бар; ПКК, таркап кетпеши үчүн күрт маселесинин уландысын камсыздаган стратегия жүргүзүүдө. Бул жаңы абал жана маалымат, бул үчүн да ПКК менен эки тармакта күрөшүү фронту ачылды менин оюмча, бирөө аны корбашы катары колдонгондор менен эсептешүү, экинчиси болсо саясий ой-жүгүртүү тармагы болуп эсептелет.

Түркия мындан мурда террорго каршы жалгыз коопсуздук күчтөрү менен күрөш жүргүзүп келген. АК партия бийлигинде демократиялашуу менен да күрөштү. Жаңы Түркияда болсо пикир жана акылы менен күрөшүүгө аргасыз. Пикир күрөшүн жүргүзө турган командага муктаждык бар.

Йылдырым Беязыт университетинин Адам жана коомдук илимдер факультетинин социология бөлүмүнүн мугалими проф.др Мазхар Баглынын темага байланыштуу баамдоосун окудуңуздар.



Тектеш кабарлар