Билим жолунда-91

«Түркия стипендиялары» программасы аркылуу Түркияга келээр алдында жана келгенден кийин эмне кылуу керек.

389344
Билим жолунда-91


Бир канча жумадан бери «Билим жолунда» уктуруубузда «Түркия стипендиялары» программасына мүчө болгон студенттердин Түркияга келээр алдында жана келгенден кийин эмне кылуулары керектиги жөнүндө маалыматтарды берип келе жатабыз.
Түркия стипендиялары тууралуу маалымат бериле турган акыркы бөлүмүбүздө сиздерди эмнелер күтөт кулак салыңыздар.
Түркияга келгенден кийин виза мөөнөтү бүтө электе өлкөдө убактылуу жашоого уруксат алуу үчүн кайрылышыңыз керек. Уруксат документи түркчө даярдык үчүн 1 жыл, андан кийин болсо билим алуу деңгээлине жараша жогорку окууга чейинки окуу үчүн 2 жыл, бакалавриат үчүн 4 жыл, магистратура үчүн 2 жыл, докторантура үчүн 4 жылдык мөөнөткө берилет. Кайрылуу үчүн жолугушууну күн мурунтан белгилеш үчүн e-ikamet.goc.gov.tr интернет адресине кирип бланканы толук толтуруңуз. Өлкөдө убактылуу жашоо үчүн кайрылуулар эң кеч 90 күндүн ичинде жыйынтыкталат жана уруксат кагазы сиз белгилеген адреске жөнөтүлгөндүктөн бланканы толтуруп жатканда адрести туура жазгага аракет кылыңыздар. Жолугушууну күн мурунтан белгилеп жатканда фотосүрөтүңүздү системага киргизүүңүз зарыл, ошондуктан компютериңизде сакталган фотосүрөтүңүз даяр турсун. Кайрылуу бланкасын толтурганда жолугушуу күнү, кайрылуу номери жана керектүү документтер көрсөтүлгөн уруксат кагазы үчүн кайрылуу бланкасы түзүлөт. Бул бланка менен жолугушуу күнү жана саатына чейин өлкөдө мыйзамдуу жашоого укуктуусуз.
Жолугушуу үчүн белгиленген күн жана саатта документтериңиз менен бирге сиз жашаган шаардагы Областтык көчтү башкаруу директорлугуна барыңыз.
Уруксат кагазыңызды же паспортуңузду жоготуп алсаңыз дароо тийиштүү макамдарга кайрылып эң кеч 15 күндүн ичинде жаңысын алышыңыз керек.
Ал эми узартуу үчүн уруксат кагазыңыздын мөөнөтүнүн акыркы 60 күнүнөн тарта кайрылсаңыз болот. Кандайдыр бир акча төлөбөш үчүн же өлкөгө кирүүгө тыюу салынбаш үчүн уруксат кагазынын мөөнөтү бүтө электе сөзсүз узартууга кайрылыңыз.
Чет өлкөлүктөргө берилүүчү өздүк кагазынын номери
Чет өлкөлүктөргө берилүүчү өздүк кагазынын номери- Түркиядагы медицина, банк иштери сыяктуу бардык расмий иштерде талап кылына турган маалымат болуп саналат.
Өздүк кагазыңыздын номери өлкөдө жашоого уруксат алгандан кийин система тарабынан автоматтуу түрдө белгиленет жана уруксат документиңизде жазылат.
Медициналык камсыздоо
Түркияда билим алып жүргөн кезде Түркия Республикасы тарабынан тартууланган бирдей, кеңири жана сапаттуу тейлөөлөрдөн пайдалануу үчүн «Жалпы медициналык камсыздоонун» алкагына киресиз.
Медициналык камсыздоодон пайдалануу үчүн өздүк кагазынын номерин «Түркия стипендиялары» тобуна система аркылуу билдиришиңиз керек. Андан кийинки процесс болсо сиздин атыңыздан «Түркия стипендиялары» программасы тарабынан жүргүзүлөт.
Өздүк кагазыңыздын номерин белгилегенден кийин менчик ооруканаларда кошумча үлүшүн төлөп, мамлекеттик ооруканаларда болсо акысыз дарыланып, доктордун жазган дарыларын кандайдыр бир аптекадан кошумча үлүшүн гана төлөп сатып алсаңыз болот.
Банк эсеби
Айлык стипендиялар ар бир айдын 25де сиз үчүн ачылган Вакыфбанк эсебине киргизилет.
Айрым маалымат жана сунуштар
Түркияда жүргөндө паспорт же уруксат кагазыңызды сөзсүз жаныңызда алып жүрүңүз.
Түркиядагы расмий мекемелердин иштөө мөөнөттөрү көбүнчө 09:00-17:00 арасында болот.
Билим берүү жана социалдык жашоого байланыштуу маселе, пикир жана сунуштарыңыздарды 0850 455 0 982 номерине чалып Түркия стипендияларынын байланыш борборуна билдире аласыздар. Айрыкча «Түркия стипендиялары» программасынын фейсбук жана твиттер барагына мүчө болуп, актуалдуу өзгөрүү жана жарыяларга байкоо салсаңыздар болот.
Эгерде «Түркия стипендиялары» программасынын кайрылуу системасындагы аты жөнүңүз, паспортуңузда жазылгандар башкача болсо Түркияга келээр алдында паспорттун көчүрмөсү менен бул абалды «Түркия стипендиялары» тобуна сөзсүз электрондук почта аркылуу билдириңиз. Бул билдирүү Түркиядагы бардык расмий иштериңизде маселе жаралбашы үчүн маанилүү.
Меймандостугу менен таанылган түрк адамдары менен байланыш курууда эч кыйынчылык болбойт деп ойлойбуз. Башка өлкөдө жашай баштаган ар бир адам ал өлкөнүн маданиятына көнбөшү мүмкүн. Бул процессти жеңилдетүү үчүн адамдар менен мүмкүн болушунча көп байланыш куруп жана маселеңизди айлана чөйрөңүздөгүлөр менен бөлүшүүдөн эч качан тартынбагыла. Биз Түркияга көнүү процессинин аябай бат өтөөрүнө жана өзүңүздү кыска мөөнөттүн ичинде бул өлкөнүн бир бөлүгү катары сезээриңизге ишенебиз.
Сиздердин Түркиядагы окуулаңыздарга ийгилик каалайбыз.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар