Билим жолунда-90

«Түркия стипендиялары» программасына мүчө болгон студенттер үчүн керектүү маалыматтар.

348286
Билим жолунда-90


Биз дүйнөнү өнүктүрүп, аны дагы да жакшы жерге айландыра тургандай күчкө ээбиз! Белгилүү болгондой эки жумадан бери «Билим жолунда» уктуруубузда «Түркия стипендиялары» программасына мүчө болгон студенттер үчүн керектүү маалыматтарды бөлүшүп жатабыз. Бул жумада да токтогон жерден сиздерге маалымат берүүнү улантабыз. Түркияга келгенден кийин эмне кылышыңыз керек эми ушул тууралуу айтып берели.
Аэропорттон жашай турган адреске баруу;
Стамбулдагы «Ататүрк» же болбосо Анкарадагы Эсенбога аэропортуна келгенде паспорт текшерүүсүнүн дароо чыга беришинде орун алган жана сизге билдирилген күндөрдө кызмат көрсөтө турган «Түркия стипендиялары» программасынын тосуп алуу бөлүмүн көрөсүздөр. Тосуп алуу бөлүмүндөгү кызматкерлер сиз бара турган акыркы жерге чейинки сапарыңыз тууралуу маалымат беришет. Ички каттам байланышы аркылуу билим ала турган шаарларга каттай турган студенттер эгерде барган аэропорт транзиттик болсо жүгүн албастан, транзиттик эмес болсо жүгүн алып ички терминалга баруулары керек.
Стамбул жана Анкарага жакын шаарларга болсо автобус менен жете алышат. Аэропорттон автовокзалга чейин бар болсо тосуп алуу бөлүмү даярдаган унаалар менен, жок болсо өз мүмкүнчүлүктөрү менен бара алышат.
Жатаканаларга жайгашуу жана катталуу:
Билим ала турган шаарга барганда сиздерге билдирилген жаткана адресине баргыла жана жооптуу кызматкерлерге чакыруу баракчасы менен жатаканага жайгаштыруу документинин көчүрмөсүн көрсөтүп каттоодон өткүлө. Жатаканага катталуу иштеринде алгач паспорттун көчүрмөсү жана 5 даана фотосүрөтүңүз керек болот. Университетке катталгандан кийин студенттик документтериңизди да жатаканын директорлугуна беришиңиз керек.
«Түркия стипендиялары» программасынын алкагында жатаканаларда жашаган студенттерден кандайдыр бир акы алынбайт. Сиздерге билдирилген жатаканаларга өз мөөнөтүндө катталбасаңыз жана жатаканалардан чыксаңыз экинчи жолу акысыз коноктоо мүмкүнчүлүгү камсыздалбайт. Жатаканаларда жашап жүргөн мезгилде жатакананын эрежелерине шайкеш келүү керектигин эсиңиздерге сала кетели.
Университетке катталуу;
Жатаканага катталуу иштери аяктагандан кийин жайгашкан университеттин эл аралык студенттик кеңсеси же ректорлугуна караштуу студенттик иштер кеңсесине барып керектүү документтерди тапшырыңыз.
Университетке катталуу үчүн керектүү документтер төмөнкүлөр;
Эң акыркы бүтүргөн окуу жайдан алынган диплом же бүтүрүү кагазы,
Эң акыркы бүтүргөн окуу жайдан алынган транскрипт,
Бакалавриат студенттери үчүн лицейди бүтүргөндүгүнө байланыштуу күбөлүк,
Студенттин визалуу паспортунун түп нускасы жана өздүк документтери менен жарактуулук мөөнөтүн көрсөткөн беттеринин көчүрмөсү,
Университеттер талап кылган учурда улуттук же эл аралык сынактын жыйынтык документтери,
Бар болсо түрк тилин жетиштүү деңгээлде билгендигине байланыштуу документ,
Акыркы 6 айдын ичинде тартылган 8 даана фотосүрөт,
Унутпаңыздар! Каттоодон өтүп жатканда дилом менен транскрипттин түп нускасы менен бирге түркчө котормолору да жаныңызда болушу керек. Эгерде бул документтердин котормолору, чет өлкөдөгү түрк өкүлчүлүктөрүндө бекитилбесе, Түркиядагы нотариустарда акча төлөп тастыктата аласыздар.
Түркчө даярдык курсуна катталуу;
«Түркия стипендиялары» программасынын алкагында ар бир студенттин С1 деңгээлинде түркчөнү жетиштүү билгендигине байланыштуу документке ээ болушу керек.
Эгерде түркчө билсеңиз жана жетиштүү деңгээлде билгендигиңизге байланыштуу документти университетиңиз кабыл алган Түрк тилин үйрөтүүчү борбордон алган болсоңуз окуу жайдагы билим алууну түз эле баштай аласыз. Түрк тилин билип бирок жетиштүү деңгээлде билгендигиңизге байланыштуу документиңиз жок болсо жарыяланган күндөрдө университетиңиздин Түрк тилин үйрөтүүчү борборунда өткөрүлө турган сертификат сынактарына катыша аласыздар. Түркчө билбеген же жетиштүү деңгээлде билгендигине байланыштуу документи жок студенттер болсо Түркия стипендиялары программасынын интернет барагында билдирилген Түркчө үйрөтүү борборуна талап кылынган документтер менен чогуу барып, каттоодон өтүшү керек.
8 айга созула турган Түркчө билим алуу убагында сабактарга катышып жана сиздерге сунуштаган программага шайкеш келсеңиз ийгилигиңизди маанилүү өлчөмдө арттырат. Академиялык жылдын аягында С1 деңгээлинде ийгиликтүү экениңизге байланыштуу документти алып, тийиштүү мекемелерге тапшырышыңыз керек.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар