Билим жолунда-84

Европа менен Азияны бириктирип турган, көздүн жоосун алган кооз шаар-Стамбул.

337233
Билим жолунда-84

1,5 жылдан бери Түркиянын ТРТ үнү радиосунда эл аралык билим алуу жана билим берүүгө байланыштуу ар түрдүү суроолорго жооп берүүгө аракет кылып келе жатабыз.
Силер кызыккан шаарлар, университеттер туурасында өзүнүн ишинде компетенттүү адистерден сурап, так жоопторду сиздер менен бөлүшөбүз.
Фейсбуктагы баракчабыздагы ТРТ Билим жолунда программасына жөнөткөн билдирүүлөрүңүздө эң көп кызыккан жана таанытылышын каалаган шаар болуп эсептелген бир жер бар. Ал кайсы шаар деп ойлойсуздар? Албетте, бул-Стамбул! Сиздердин кызыгууңарды дагы арттырбай, дүйнө тарыхына багыт берген бул кооз шаарды бирге тааный баштайлы.
Стамбул Европа менен Азияны бириктирген, көздүн жоосун алган, тарыхта бул шаар үчүн бир топ согуштар болуп, эч ким бирине бири ыраа көрө албаган, ортосунда деңиз жайгашкан, адамдар деңиз жээгине карап суктана тургандай кооз шаар.
Келгиле алгач мифологиялык саякатка чыгалы.
Стамбул көпүрөсүнүн тарыхтагы жана чет тилдеги аты “Босфор”, эски Грек мифологиясында айтылганына караганда Теңирлердин падышасы Зевстин сүйүктүү монахинясы Иодон алган. Көрө албаган аялы Геранын каарынан корккон Зевс, сүйүктүүсү Иону бир уйга айлантып, сактап калууну каалайт. Муну билип калган Гера, Иону аңдыш үчүн топтошкон майда чымындарды уйга айланган Иого жөнөтүп салат. Ио болсо аны өлтүрүүнү каалаган майда чымындардан кутулуу үчүн качып дүйнөнү аралап кетет.
Ио жолунун соңунда Стамбулга жана Босфор кысыгына келет. Зевстин сүйүктүусү уйдай көрүнүшү менен Босфор кечүүсүнөн өткөндөн кийин анын элесине “Босфор”- мындайча айтканда “Уйдун кечүүсү” аты берилет. Мифологияга таянсак Стамбулдагы Босфор кысыгынын аты Уйдун кечүүсүнөн келген. Башкача айтканда ал жер “Стамбул-Босфор” кысыгы эмес, “Стамбул-Уй кечүүсү” деп аталат.
Биздин заманга чейинки 600-жылдардан баштап Византия аты менен байыркы Грецияга, андан кийин Рим мезгилинде борбор калаа болгон бул шаар 1453-жылы Осмон императорлугунун башкаруусунун алдында калган. Азыркы тапта 17 миллионго жакын жашоочусу бар жана жылына 10 миллион туристти кабыл алган шаар.
Стамбул чындыгында тарыхка бай шаар болуп эсептелет. Согуштар, жылдар бою өкүм сүргөн падышалар, түрдүү маданияттан түрдүү адамдар жашаган Стамбулга, сансыз чыгармаларды жана мурастарды калтырып кетишкен. Азыркы тапта метролор салынып жатканда казуулардан тарыхты алмаштыргыдай ар түрдүү жаңы нерселер табылган шаар.
Өзгөчө тарыхый жарым арал деген жер Стамбулдун эң маанилүү тарыхый буюмдарын камтыган аймак. Биринчилерден болуп көрө турган жерлер: Айя-София мечити, Топкапы сарайы, Жерастындагы суу сактагыч, Сулаймание мечити, Долмабахче сарайы, Галата мунарасы, Кыз мунарасы жана башкалар. Мындан тышкары кээ бир айылдарды да кыдырганда илгерки замандарга барып келгендей болосуң. Галата, Жихангир, Саматя, Балат сыяктуу райондор, болуп өткөндөргө күбө болгондой, башка жерлерге алып кеткендей, жомоктогудай жерлер. Мисалы, Балатда жайгашкан(Фенер Рум Патриархы) христиан дининин патриархы (Ортадокс чиркөөсү) православдык чиркөөнүн борбору тарыхы жана маданият жагынан маанилүү жер экендиги белгилүү.

Стамбул туризмдин гана эмес, геополитикалык жайгашуусунан улам көп жылдар бою соода-сатыктын да борбору болуп эсептелет. Бүгүн Капалычаршы базарында зергер буюмдар тармагында дүйнө жүзү боюнча эң жакшы үлгүлөрдү чыгарган жерлердин бири. Мындан тышкары Стамбул музыканын борбору болуп саналат. Мисалы, добулбасчынын колдонгон коңгуроосунун эң мыктысы “Стамбул” аттуу маркасы менен чыгат жана кол менен жасалгандары болуп саналат. Чыгармачыл адамдар эң эмоционалдуу ырларын Стамбулда жазышат.
Дүйнөдөгү эң таанымал артисттердин көбү жыл сайын Стамбулга концерт берүүгө келишет, бул концерттерге катышып калган бактылуу көрүүчүлөр да көпүрөнү, концертти көрүп эс алып кетишет.
Албетте Стамбулда кайсы бир инструментте ойногонду үйрөнгүңүз келсе курстарды дагы таба аласыз жана өзүнүн ишин мыкты билген музыканттардан сабак алсаңыз болот. Жогоруда айткандай музыка жалгыз гана бир мисал: Стамбул 24 саат бою чыгармачылык менен жашаган шаар!
Мындан тышкары Стамбул билим жагынан да укмуштуудай мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берет. Түркиянын дүйнө боюнча мыкты университеттердин көбү бул жакта болгондугун айта алабыз. Бул университеттердин студенттик шаарчалары да жакшы камсыздандырылган, сабактардын ортосунда өзүңүздү деңизди суктана карап турганыңызды байкай аласыз. Ошондой эле эл аралык студенттердин көп болгондугунан улам социалдашуу да, адамдар менен таанышууда да Стамбул жардамчы боло алат. Ошол эле учурда Түркиянын экономикасынын борбору болгондуктан Стамбулда бардык чоң ишканалардын борборлору жана офистери бар. Карьера жана тажрыйба алмашуу жагынан да, Стамбулда сансыз мүмкүнчүлүктөр бар.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар