Билим жолунда-82

Думлупынар университети

326309
Билим жолунда-82

«Билим жолунда» программабызда бүгүн Күтахья шаары жана эл аралык деңгээлдеги ийгиликтерди багынткан Думлупынар университети менен тааныштырабыз. Анда эмесе убакытты текке кетирбей Күтахья шаары менен тааныша баштасак.
Күтахья, Туркиянын Батыш Анадолу аймагындагы Эгей районунда жайгашкан.
Бул шаар кооз фарфорлору менен дүйнөгө атагы чыккан. Өзгөчө кол өнөрчүлүккө кызыккан жана бул тармакты өздөштүрүүнү каалаган студенттерди өзүнө тартып турган ажайып кооз шаар.
Айрыкча 14-кылымдан бери сакталып калган “Күтахья фарфор музейи” жана ичи- тышы фарфор менен кооздолгон «Фарфор мечити» шаардын эң маанилүү символдорунун катарына кирет. Тарыхы тээ алыска барып такалган бул шаардын алгачкы ээси Фригдер болгон. Андан соң бул шаарга Рим, Византия, Гермияногуллары жана Осмон империясы үстөмдүк кылып, өздөрүнүн тарыхый изин калтырган. Алардын бирөөсү Фриг өрөөнүндө жайгашкан Рим империясы доорундагы эң чоң шаарлардын бири болгон Айзаной байыркы шаары.
Думлупынар Университети дегенде эле оюңузга биринчи эмне келет? Албетте университеттин аты эмнеге Думлупынар деген суроо туулат.
1922-жылы 30-августта Күтахьянын Думлупынар аймагына жакын жерде согуш болгон. Бул согуш «Башкы командирлик майдан согушу» деп аталып калган. Согушту башкы командир Мустафа Кемал жетектеген. Бул согуш түрк элинин улуттук боштондук күрөшүнүн жеңиши менен аяктоосун камсыз кылган. Дал ушул күн жыл сайын Түркияда «Жеңиш күнү» катары белгиленет.
Думлупынар университети тууралуу дагы кененирээк маалымат алуу максатында аталган окуу жайдын ректору профессор, доктор Ремзи Гөрен менен маектештик.
Урматтуу ректор университет жөнүндө азыноолак маалымат бере кетсеңиз?
«Думлупынар университети Туркиянын жаңы курулган университеттерине үлгү боло алат. Селчук- Осмон жана заманбап архитектуралык түзүлүшкө ээ. Ичиндеги жасалма көлдөр жана көздүн жоосун алган кооздуктар көргөн адамды суктандырбай койбойт. Окуу жайдын архитектурасы, лабораториядагы жабдуулар, коомдук, маданий жана спорт тармактарында студенттердин ар түрдүү муктаждыктарын канааттандыра алат».
Думлупынар университетинин студенттерди жатакана менен камсыздоо мүмкүнчүлүктөрү кандай?...
«Гермиян студенттик шаарчасына жакын жайгашкан 2514 адамга ылайыкталган Окуучуларды жатакана менен камсыздоо мекемесинин жатаканасы бар. Ал эми «Эвлия Челеби» кампусунда болсо 1200 орундуу 5 жылдыздуу мейманкандай эле жатаканабыз бар.
Мындан тышкары университетибиздин студенттерине 500 кишилик Докузлар жатаканасы менен 500 орундуу кыздар жатаканасы курулган. Райондордо дагы Окуучуларды жатаканалар менен камсыздоо мекемеси студенттерге кызмат көрсөтүүдө. Өзгөчө шаар жана райондордо студенттерге ар түрдүү мүмкүнчүлүк жана шарттары бар көптөгөн жеке менчик үйлөр бар. Думлупынар университетинде чет өлкөлөрдөн келе турган студенттер кыйналбайт. Себеби жеке менчик жатаканалардын ижара акысы да студенттер үчүн ыңгайлуу».
Коомдук иш-чаралар тууралуу айтсаңыз?
«Биздин окуу жайда коомдук иштерге активдүү катышкан студенттерибиз арбын. Активдүү студенттердин кружоктору түзүлүп, алар ар кандай коомдук иш-чараларды уюштуруп турушат. Алардын бири чет өлкөлүк студенттерден түзүлгөн «Бир тууган өлкөлөр» студенттик тобу.
Студенттерибиз кружоктор тарабынан уюштурулган ар түрдүү иш-чараларга, саякаттарга бара алышат. Альпинизмге кызыккан студенттерибиз машыгуучу дубалында эстен кеткис көз ирмемдерди өткөрө алат. Ван жана Симав жер титирөөлөрүндө манилүү иштерди жасаган Издөө-куткаруу жамааты менен бирге иштешип өздөрүн өнүктүрө алышат. Университетибизде ар түрдүү спорт жана маданий иш-аракеттердин жасалышына мүмкүнчүлүк берген системалар бар. Спорт талаасында футбол, баскетбол жана волейбол турнирлери өткөрүлөт. Ошондой эле маанилүү мелдештерди уюштурган 2500 жана 1000 кишилик жабык спорт залдарыбыз бар. Студенттерибиз жабык спорт залдарында фитнес жана пилатес менен машыга алышат. Университетибиздин ичинен чыккан арашан суусунан жасалган Олимпик бассейни, Термалдык сүзүү бассейни, Түрк мончосу жана саунасын студенттерибиз кеңири колдонот.
Көл үйү рестораныбызда даамдуу тамактарды татуу менен бирге Күтахья шаарын, көлдү жана жапжашыл тоолорду көрүүгө болот. Конок үйлөрүндөгү студенттер жана үй бүлөлөр дагы ресторанда тамактана алышат. Думлупынар университети өткөргөн иш-чаралары жана академиялык эмгектери боюнча да мыкты экени талашсыз...».
Академиялык эмгектерден да сөз кыла кетсеңиз?
«Ооба, жыл сайын университетибизде бир канча конферанция, диспут, көргөзмө, курултай, фестиваль өткөрүлүп турат. 2014-жылы 293 иш-чара өткөрүлгөн.
Ал эми 2014 жылы, университетибиздин академиялык мүчөлөрү 195 эл аралык макала ,7 эл аралык конгресс, 10 эл аралык чогулуш, 11 эл аралык конференция ; жалпысынан 233 эмгек жарыяланган.
Көптөгөн эл аралык сыйлыктарыбыздын арасынан, өзгөчө жаштардын көңүлүн өзүнө бурган сыйлык Мультфильм- Анимация тармагында болду.
Анимекс 2015- Анимация жана компьютер Оюндары Эл Аралык фестивалында «Эң мыкты каарман» анимациясы сыйлыгына биздин университет ээ болду».


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар