Билим жолунда-81

«Мевлана» алмашуу программасы студенттерге жана окутуучуларга кандай мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүдө?

323042
Билим жолунда-81

«Жамгырдын жытын сезбеген, лотос гүлүн түшүнбөй карайт»
«Билим жолунда» программабызды бүгүн акын Поль Элюардын сөздөрү менен баштадык. Жашоодогу өзгөчөлүктөрүбүздү арттырып, жашоону жакшы өткөрүү үчүн колубуздан келген аракетти жасайбыз.
Өткөн жумада «Мевлана» алмашуу программасы жашоосунун бурулуш жери болгонун сөз кылган Бейза Хандын баянын сиздер менен бөлүшкөн элек. Бул жумада болсо дагы бир студенттин баянын айтып беребиз. Анда «Мевлана» алмашуу программасы студенттерге жана окутуучуларга кандай мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүдө?
«Мевлана» алмашуу программасы аркылуу ар башка өлкөлөрдө билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон студенттер, эл аралык тармакта өздөрүн көп багыттуу жана аналитикалык көз карашка ээ болгудай түрдө жетилте алышат. Программанын алкагында чет өлкөгө барган бул студенттер, академиялык тажрыйбасы менен катар ал өлкөлөрдүн маданиятын жакындан таануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушууда. Ошондой эле жаңы курбулар менен таанышып, чет тилин өнүктүрүп жатышат.
Бул студенттер академиялык жашоолорунун бир бөлүгүн чет өлкөдө өткөрүп, алган тажрыйбаларын карьера пландарына жеткирүү процесстеринде да маанилүү мүмкүнчүлүккө ээ болушууда. «Мевлана» алмашуу программасы аркылуу Түркияга келе турган окутуучулар болсо чет өлкөдө сабак берүү менен катар ар башка академиялык көз караштарынын негизинде иш алып баруу өзгөчөлүгүнө ээ болушат.
Алар академиялык кызматташууну өлкөлөрүнө кайтып барганда да улантып ар түрдүү конференция, долбоор жана семинарлар менен эки тараптуу таасирлешүүнүн улантылышын камсыздоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушууда.
Эми Мевлана программасынан пайдаланган дагы бир студенттин баянына кулак салалы.
Алгач өзүңүздү тааныштырып кетсеңиз?
Менин атым Асел Замирбекова. 1994-жылы Кыргызстандын Ысык-Көл аймагынын Чолпон-Ата шаарында туулгам. Ал жерде чоңойдум, мектепти бүтүрдүм андан соң Бишкекте Кыргыз Түрк Манас университетинде окуй баштадым. Мевлана алмашуу программасы аркылуу 2014-жылы Гази университетинин байланыш факультетинин эл аралык байланыш бөлүмүндө билим ала баштадым. Мен учурда 3-курстун студентимин.
Анкара жактыбы?
«Алгач келгенимде Анкараны Бишкекке окшоштурдум. Анкара мага аябай жакты. Экинчи үйүм сыяктуу болду. Студенттер үчүн кымбат шаар деп ойлобоймун бирок бул жердеги университеттер мага жагат, эң мыкты университтер ушул жерде. Жакынкы Чыгыш техникалык университетин, Хажеттепе университетин, Анкара чебин кыдырдым. Өзгөчө бул жердеги музейлер менин тарыхка болгон кызыгуумду арттырды. Мындан тышкары Стамбул, Кападокия жана Эгей аймактарына барып келдим, аябай кооз жерлер экен. Магистратура үчүн Измирге кайрылсамбы деп жатам».
Гази университетин сунуштайсызбы?
«Гази университети мага аябай жакты, ал көп жылдык университет болуп саналат. Тилекке каршы менин факультетим борбордук кампуска алыс, ошондуктан социалдашуу мүмкүнчүлүгү жок. Билим берүү жагынан мыкты жана тажрыйбалуу окутуучулар эмгектенүүдө, ошондуктан Гази университетин сунуш кыламын».
«Мевлана» алмашуу программасы тууралуу кайдан маалымат алдыңыз эле?
«Мен окуп жаткан университеттин келишими бар эле, интернет барагынан кайрылдым. Орточо баасы жогору болгондор кабыл алынат. Кайрылууда кыйынчылык жаралды. Алгач стпендия менен жатакана бериле турганы айтылды, бирок берилген жок. Бирок менин кыялым эле, үй-бүлөмдүн колдоосу менен келдим. Чынын айтсам бираз кыйынчылык тарттым. Кыргызстандан келген бир канча кыз чогулуп, бир үйдү ижарага алдык».
Окутуучулар менен мамилеңиз кандай?
«Мугалимдер бизге аябай көп жардам көрсөтүштү. Кыргызстандан келгенимди уккан мугилимдердин бары жардам беришти.
Мевлана алмашуу программасын башка студенттерге эмне деп сунуштаар элеңиз?
«Түркиянын маданиятын, билим берүүсүн, тилин үйрөнүү үчүн абдан маанилүү программа. Ошондуктан пайдаланууларын сунуштаймын. Түркияга жаңы келгенде үй-бүлөдөн алыс жүрүү бул жерге көнүү кыйын эле, кайра кетким келген. Мугалимдерим мага биринчи семестрди бүтүр, андан кийин кааласаң кайтасың деп айтышты, бирок бул жерге көнүп алганда бардык нерсе жакшы болду, жактырдым жана 2-семестрди да уланттым.
Программага кайрылгысы келгендер эмне кылышы керек?
«Кайрылууларды тынымсыз карап турушу керек жана баасынын орто эсебин жогору кармоосу керек, андан башка сабак тандоодо кылдат болушу зарыл. Анткени айрым курбуларым мурда окуган сабактарын кайра тандап алып окуп калышты».
Урматтуу достор бир канча жумабызды «Мевлана» алмашуу программасына бөлдүк. Дагы бир нерсени кыстара кетели кайрылуулар жана кеңири маалымат алуу үчүн mevlana.yok.gov.tr интернет адресине кире аласыздар.
Университет тандоо процесси ылдам уланып жатканда Түркиянын ар башка шаарларында орун алган бир топ университет туурасында кызыккан көп нерсе бар экенин билебиз. Ошондуктан алдыбыздагы аптада сиздерди башка бир шаардагы атактуу университети менен тааныштырабыз. Аны эмитеден айтпай, сиздерди кызыктыралы...


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар