Билим жолунда-80

«Мевлана» алмашуу программасы аркылуу келген Бейза Хандын баяны

380916
Билим жолунда-80


Саламатсыздарбы урматтуу окурмандар. Жай айынын ортолоруна жакындап калганда биз да эл аралык билим берүү жөнүндө кабардар кылууну эч тыныгуу бербестен улантабыз.
Өткөн жумада сиздерге бир убада берип жатканда «Мевлана» алмашуу программасы жашоосунун бурулуш жери болгонунан сөз кылган бир студенттин баянын сиздер менен бөлүшөөрүбүздү айткан элек. Бул жумада да убадабызды орундатып, «Мевлана» алмашуу программасын кыялдарын орундатуучу көпүрө катары колдонгон Бейзанын сөздөрүнө кулак салалы:
«Саламатсыздарбы. Мен Жакынкы Чыгыш техникалык университетинин саясий илимдер жана коомдук башкаруу бөлүмүнүн бүтүрүүчүсүмүн. Менин атым Бейза Хан. Сиздерге маданияттар аралык байланыш жөнүндөгү үйрөнгөндөрүмдү түшүндүрүп берүүгө аракет кыламын. Эл аралык тармактагы алгачкы иштерим экология жана жаштар боюнча иш жүргүзгөн жарандык коомдук уюмда ыктыярдуу болушум менен башталды. Бул коомду Европа Биримдигинин жаштарды алмашуу программасында Украинада өкүлдүк кылдым. Бир жума бою 10 башка өлкөдөн келген 25 киши менен кызыктуу күндөрдү өткөрдүк. Учак билетим жана саякат каржылоолорум камсыздалгандыктан бул семинарлар үчүн акча сарптоо сыяктуу маселем болгон жок.
Андан соң Түркия Республикасынын жаштар жана спорт министрлигинин 1-Балкан жаштар поездине кошулууга жолдомо алып Македония, Хорватия, Босния-Герцеговина, Сербия, Румыния, Греция жана Венгрияга барып келдим. Андан кийин ушул тажрыйбаларымды жаюу максатында коомдун ар түрдүү жыйындарына катыштым жана оюма бир суроо келди. Бул мүмкүнчүлүктөрдү эмне үчүн дагы көп адамга жеткирбей элебиз? Бул суроонун негизинде коомубузду өкүлдүк кылып Түркиянын чакан жана кооз шаары Малатияда Eurodesk жаштарды маалыматтандыруу желесинин компания башкаруусу сабагына катыштым».
«Ал эми Мевлана алмашуу программасы аркылуу барган Америкадагы жашоомду жаш студенттер, өзгөчө чет өлкөдө билим алгысы келген студенттер менен бөлүшө кетишим керек. Үй-бүлөмдөгү жакшы шарттардан улам бөлүмүмдө эң мыкты студенттердин арасында алдыңкы беш кишинин арасында орун алганыма карабастан «Эразмус» аркылуу чет өлкөдө билим алуу мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдалана албадым. Үмүтүм үзүлүп баратканда Жакынкы Чыгыш техникалык университетинин Эл аралык байланыштар кеңсесинин интернет барагында «Мевлана» алмашуу программасын көрдүм. Каражаттарын камсыздай албайм деп ойлонуп жатканда Питцер колледж аттуу окуу жай 2 студентти тандап бардык каражаттарын камсыздагандарын көрдүм. Алар учак билетинин акысы, медициналык камсыздоо каражаттары, китеп үчүн 500 доллар накталай акча жардамы, жатакана акысы, окуу жай акысы жана тамак акысы. Дароо кайрылдым жана тил сынагына кирдим, анткени «Мевлана» алмашуу программасынын системасы Эразмуска аябай окшош. Орточо баанын жарымы жана тил баллынын жарымы эсептелип кезекке тургандардын арасынан тандалат. Мен да бул тизмелөөнүн жыйынтыгында АКШда башкача маданий тажрыйба алуу үчүн жолдомо алдым. Ошентип «Мевлана» алмашуу программасынын студенти катары Лос-Анжелес шаарына барып, Клермонттун эң белгилүү университтеринин бири болгон Питцер колледжде билим алдым. Окуу жайда ар бир семестрде 25 улуттан студенттер билим алууда жана маданияттар аралык бөлүшүү Питцер колледжинин алдыңкы миссияларынын бири. Ар түрдүү маданий иш-чараларда өлкөмдү, университет жагынан болсо дүйнөлүк масштабда маанилүү ийгиликтерге жетишкен Жакынкы Чыгыш техникалык университетин тааныттым. Ал эмес студентик шаарчада жумуш таптым. Визамдан улам студентик шаарчада гана иштей алдым жана чет элдик студенттерге түзүлгөн жумуш мүмкүнчүлүктөрү өтө чектелүү эле. Ар мүмкүнчүлүктө көшөрүп кайрылдым жана студентик шаарчанын ичинде жумуш таба алган биринчи Питцер колледжинин студенти болдум. Албетте академиялык жактан да өзүмдү жетилтпей койгон жокмун.| Адистешким келген тармак болгон Шайлоочунун мамилеси жаатында 25 барактык диссертация жаздым. Бул диссертация көз карандысыз изилдөө диссертациясы катары бааланды. Көз карандысыз изилдөө долбоору болгондуктан абдан көп окудум жана бул баскычта Питцердин бай китепканасы абдан пайдалуу болду. Шаарчанын ичинде жатаканада жашаганым үчүн ар дайым академиялык чөйрөдө болгондуктан академиялык англисчемди да өнүктүрдүм. Кайткандан кийин магистратура үчүн Англиянын ийгиликтүү университеттеринен London School of Economicsке кайрылдым. Бул билим алуумду каржылай алыш үчүн «Jean Monnet» стипендия программасына кайрылдым. Айрыкча Fulbright стипендия программасынан маектешүүгө чакырылдым. Кошумчалай кетчү нерсе иштегим келген тармак жөнүндө Питцерде жазган диссертациям жана диссертация мугалимимден алган реферанс көз жаздымда калтырыла албайт. Мына ушул себептен «Мевлана» алмашуу программасынын жашоомду башка бир нукка буруп, кыялдарымды аткарууга мүмкүнчүлүк түзүп бергенин чөйрөмдөгү бардык жаштарга түшүндүрүүдөмүн.
Саясий илим окуучусу болгонум үчүн эл аралык тажрыйба алуу мен үчүн абдан маанилүү болчу, бирок кайсы тармакта билим алсаңыз да маданияттар арасындагы үйрөнүү тажрыйбасынын турмушуңузга эмнелерди кошконун көргөндө сиздер да таң каласыздар».


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар