Билим жолунда-71

Мустафа Кемал университети-2

283383
Билим жолунда-71


«Алдыга чыккан кыйынчылыктар канчалык чоң болсо, буларды ашып өтүү ошончолук сыймыктандыруучу болот»
«Билим жолунда» уктуруубузду бүгүн грек философ Эпиктетостун сөздөрүнөн бир үзүндү менен баштадык. Биз да алдыбызга чыга турган кыйынчылыктарды ашып өтүүгө даярбыз!
Эми болсо өткөн жумада сиздерге берген убаданы орундатып Хатайда Мустафа Кемал университетинин ректору проф. др. Хасан Кая менен болгон маектешүүнүн уландысын сиздер менен бөлүшөбүз.
Чет элдик студенттер эмне үчүн Антакияны тандашы керек?
«Өлкөбүздүн козмополит шаарларынын бири болгон Хатай жүздөгөн жылдардан бери чогуу жашаганды үйрөнгөн этникалык тектери жана диндери ар башка болгон көптөгөн коомчулукту баш калкалаткан. Көп маданияттуу түзүлүшүн тарых бою сактап келген бул областыбыз ар башка дин жана секталар ынтымактуу жашаган үлгү болуучу шаар болуп саналат.
Айланасындагы шаарларга салыштырмалуу климаттык шарттары жылуу болгон Антакияда аба-ырайы өтө ысык эмес. Анткени салкын жел согуп турат. Кыш айлары жамгырдуу бирок жылуу өтөт. Бул шарттар экономикалык жактан да пайдалуу.
Шаарыбыздын деңизге жакын жайгашышы пляждарга бат жетүү мүмкүнчүлүгүн түзүүдө. Дүйнөдөгү эң узун пляждарынын бирине ээ болгон Самандаг районуна каттоо 30 мүнөткө созулат. Дүйнөнүн эң чоң мозаика музейи Хатай шаарында орун алган. Дүйнөгө таанымал Сен-Пьер чиркөөсү жана Анадолунун биринчи мечити болгон Хабиб-и Нежжар Жами ушул шаарда. Шаардын дээрлик бардык районунда тарыхый жана маданий баалуулуктар бар».
Мустафа Кемал университети чет элдик студенттерге кандай мүмкүнчүлүктөрдү тартуулоодо?
«Университетибизде колледж, жогорку окуу, докторантура программаларынын алкагында узун мөөнөткө келген 21 башка өлкөдөн жалпы 172 студент бар. Эразмус студент алмашуу программасынын алкагында 2014-2015 академиялык жылында Румыния, Словакия, Литва менен Чех Республикасынан жалпы 12 студент билим алуу жана тажрыйба алуу максатында университетибизге келишти. Университетибиздеги чет элдик студенттер билим берүүгө, социалдык жана маданий тармактарга бирдей катыша алышат б.а бардык студенттерибиз пайдаланган мүмкүнчүлүктөрдөн алар да пайдалана алышат. Университетибизге Эразмус студент алмашуу программалары боюнча келген студенттерге көңүл бөлүү жана ар бир темада жардамчы болуу процессинде, студенттер келе жатканда эле аэропорттон тосулуп жашай турган жерлерге алынып барылат. Хатайдан кетээрде да аэропортко чейин жеткирилет. Студенттик жатаканага бараардын алдында жашай турган жери бөлүнөт, эгер студенттер ал жерди өзү карап көрүп тандагысы келсе, бөлүнө турчу жер такталганга чейин конок үйүбүздө конок боло алышат. Студенттер келгенден көп өтпөй эле шаарды кыдыруу саякаттары жүргүзүлөт жана студенттердин шаарга көнүүсүнө жеңилдик түзүлөт. Антакия кыдырылгандан кийин башка райондорго жана жакын шаарларга да кийинчерээк бир күндүк саякаттар уюштурулат. Чет элдик студенттер үчүн тамак берилген жыйындар өткөрүлүп алардын маселелери бар же жок экени суралат. Эразмус студенттери Эл аралык байланыштар бөлүмүндөгү бир жооптуу кызматкер менен каалаган убакта телефон аркылуу байланышып жардам сурай алат. Академиялык жактан болсо тишийтүү бөлүмдүн Эразмус координатору жана бөлүм башчысы менен катар бардык окутуучулар студенттердин академиялык чөйрөгө шайкеш келүүлөрү үчүн аракет кылышууда.
Университетте кандай эл аралык иш-чаралар өтүп турат?
«Университетибизде жылына эки жолу Эразмус кызматкерлер жумалыгы өтүп турат. Ушул жуманын ичинде болгон коктейл, доклад окуу, семинарлар сыяктуу иш-чараларга Эразмус боюнча келген студенттерди да чакырабыз. Европанын ар башка өлкөлөрүнөн келген кызматкерлер өз университтеринин таанытуу иштерин да жүргүзүшүүдө. Ушунун негизинде өз студенттерибиз жана Эразмус студенттери да ал жуманы жакшы маанайда өткөрүшүп Европадагы университеттер тууралуу маалымат алышууда. Келген кызматкер шаарыбыздын тарыхый жана маданий жерлерин кыдыруу, Хатай ашканасынан даам татуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушууда. Эразмус жумалыгынын аягында жүргүзүлгөн сурамжылоолордун жыйынтыктары да түрк меймандостугубузду кемчиликсиз көрсөткөнүбүз белгилүү болууда.
Университетибиз Түркияда 31 университет гана ээ болгон 2012-2015-жылдарды камтыган Европанын кредит кторууу системасы этикеткасы сыйлыгына, муну менен бирге ушул эле мезгилди камтыган димлом тиркемесинин этикеткасы сыйлыгына ээ. Бардык бүтүрүүчүлөрүбүзгө дипломдору менен бирге англис тилинде даярдалган Диплом тиркемеси берилүүдө».


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар