Билим жолунда-65

Мерсин университети

231322
Билим жолунда-65


Түркияда билим берүүчү мекемелердин саны барган сайын көбөйүп баратат жана бул мекемелер ар бир тармакта жогорку сапатка ээ болуп кылдат иш жүргүзүшүүдө. Билим берүүдөгү максат, заманбап өзгөрүүгө шайкеш келе алган, бардык тармакта жоопкерчилик алуудан коркпогон жана заманбап дүйнөнүн талабы боюнча мыкты жаштарды тарбиялоо болуп саналат.
Эми Мерсин университетинин ректору проф. др. Ахмет Чамсары менен болгон маектешүүнүн экинчи жана акыркы бөлүмүнө кулак салалы.
Мерсин университетинде билим алып жаткан жаштар кандай социалдык мүмкүнчүлүктөрдөн пайдалана алышат?
«Университетибиз билим берүү иштери менен катар спортко жана спорчуларга колдоо көрсөтүүдө. Студенттерибиз баскетбол, тхэквандо, футбол, волейбол, бадминтон, теннис, жаа атуу, атлетика, степ, салса сыяктуу ар башка спорттук тармактарда чоң ийгиликтерге жетишип университетибиздин атын өлкөбүзгө жана дүйнөгө таанытууда.
Спорттук жайларыбыз жабык спорт залдары, гимнастика залдары, теннис корттору, футбол, баскетбол жана волейбол аянттары, атлетика аянттары жана беш миң кишилик олимпиада стадиону, мини-гольф аянты, эс алуучу аянттар жана жабык олимпиада бассейнинен турат.
Мерсин университетиндеги медицина тейлөөлөрү студенттерибиздин саламаттык маселелеринде алгач кайрылган борбор катары кызмат кылууда. Керек болгон учурда студенттерге дарылануу үчүн толук жабдылган Медициналык изилдөө жана ишке ашыруу борборунда (Медицина факультети) кызмат көрсөтүлөт.
Мерсинде университетибизге, студенттерди жатакана менен камсыздоочу мекемелерге жана жеке менчик ишканаларга таандык жатканалар бар. Айрыкча арзан шаар болгонунан улам студенттер оңой эле өз бюджеттерине ылайыктуу ижаралык үйлөрдү таба алышат.
Университетибиздеги муктаждыгы бар студенттердин билим алуу процесстерин жеңилдетүү максатында Студенттерге социалдык жардам көрсөтүү долбоору жүргүзүлөт. Мерсин университетинин Бүтүрүүчүлөр коому тарабынан жүргүзүлгөн долбоор аркылуу университетибиздин академиялык жана админстративдик кызматкерлери менен бүтүрүүчүлөр ай сайын өз каалоосу менен камсыздаган финансылык колдоонун негизинде студенттерге стипендия берилет. Айрыкча университетибизде билим алып жаткан муктаждыгы бар студенттерге эртең мененки тамак үчүн стипендия берилет. Жалпы 1500 студентке берилген эртең мененки тамак жуманын беш күнү борбордогу жана райондордогу окуу жайларыбызда таратылууда. Студенттерди насыя жана жатакана менен камсыздоочу мекеменин башкы директорлугу менен Премьер-министрлик тарабынан жыл сайын каалаган студенттерге берилген насыя жана стипендиялар үчүн иш-чаралар Студенттик иштер департаменти тарабынан жүргүзүлүүдө».
Урматтуу ректордон Мерсин университетинде уюштурулган эл аралык иш-чаралар жана студенттердин эл аралык ийгиликтери жөнүндө сурай кетели:
«Университетибизде жыл сайын өзгөчө Дүйнөлүк маданияттар коому уюштурган жана Түрк тилин окутуу борбору да салым кошкон пикник, маданият күндөрү, саякат жана концерттер болуп турат. Салттуу түрдө жыл сайын жаз мезгилинде Түрк тилин окутуу борборунун жетекчилигинде жазгы пикник иш-чарасы өтөт.
Өзгөчө Мамлекеттик консерваториялар өз тармагында университетибиздин атын алыска угузууда. Мисал үчүн консерваторияда скрипка бөлүмүндө окуп жаткан студентибиз дүйнөнүн эң престиждүү классикалык музыка сынактарынан бирөө болгон «Чайковский» атындагы 7-Эл аралык жаш музыканттар жарышында биринчиликти алса, ар түрдүү эл аралык конкурсттарда да башка студенттерибиз пианино сыяктуу тармактарда чоң ийгиликтерге жетишишти. Айрыкча Мерсин университетинин Академиялык камералык оркестри, жаш жана динамикалуу түзүлүшү ошондой эле кызыктуу программалары менен шаарыбызда өткөрүлгөн көркөм өнөр иш-чараларында алдыңкы планга чыгууда.
Студенттерибиздин ийгиликтери албетте Мерсин университетинин ар бир илим тармагындагы күчтүү академиялык тобу жана базиси менен параллелдүүлүк көрсөтүүдө».
Эми Мерсин университетинин ректору проф. др. Ахмет Чамсарыдан чет элдик студенттерибиз үчүн кыскача чакырык сала кетүүсүн өтүнөлү:
«Чыгыш Жер ортолук деңиз аймагынын маанилүү порт шаары Мерсинде орун алган жогорку окуу жайы Мерсин университетинде өз тармактарында мыкты окутуучулар бар. Университетибиз жогорку деңгээлде илимий иш-чараларды жана изилдөөлөрдү жүргүзүп, маалымат жана технология өндүрүп бул өндүрүшүн коомчулуктун пайдасына сунуштап аймактык жана эл аралык тармакта өнүгүү, туруктуу өнүгүүгө салым кошуу максатында иш алпарган университет.
Университетибизде өз тармагында мыкты билим алган студенттерибиздин арасында сиздердин да орун алуусу маанилүү. Бул кооз шаар Мерсинде жана Мерсин университетинде сиздерди арабызда көрүү бизди кубантат».


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар