Билим жолунда-63

273869
Билим жолунда-63


«Эч эс албайм деп жолго чыккандар эч качан чарчашпайт».
Саламатсыздарбы урматтуу угармандар. Бүгүн «Билим жолунда» программабызды Түркия Республикасынын куруучусу Улуу жол башчы Мустафа Кемал Ататүрктүн сөздөрү менен баштадык. Биз дүйнөнүн келечеги жаштарга аманат кылынганын билебиз. Ошондуктан эч чарчабастан өзүбүздү өркүндөтүүнү жана дүйнөнү өнүктүрүүнү улантабыз.
Эл аралык билим берүүгө карай сапарыбызда бүгүн кайда бараарыбызга кызыгып жатсаңыздар керек. Бүгүн сиздерди Чыгыш Жер Ортолук деңиз аймагынын кооз шаары Мерсинге алып барабыз. Мерсиндин жаштарга тартуулаган билим берүү мүмкүнчүлүктөрүнө токтолоор алдында бул шаарды тааныштырып сиздерди Мерсин портунан башталган сапарга чыгарабыз...
Мерсин- тарыхы, маданияты, кооз жаратылышы, өнөр жайы, соода-сатыгы, айыл-чарба жана туризми менен ылдам өскөн порт шаары болуп саналат. Ошондой эле Чыгыш Жер Ортолук деңизинин дүйнөгө ачылган каалгасы. Чукурованын берекелүү талаа жана өнөр жай продукциялары Мерсин портунан экспорттолууда.
Мерсиндин борбору Түркиянын эң кыймылдуу шаарларынын бири болуп эсептелет. Мерсиндин ашканасы абдан бай жана деңиз продукцияларынан тартып ар түрдүү тамак аштар тартууланат. Бул шаар 321 километрдик жээк тилкеси менен Түркиянын маанилүү жээк шаары болот. Мерсин жээктеринин 108 километрдик бөлүмү табигый пляждардан турат.
Маанилүү тарыхый жана туристтик жайларга ээ болгонунан улам туризм тармагында акыркы жылдарда бүткүл дүйнөнүн кызыгуусун тартууда.
Алахан монастры, Бейиш жана тозок чуңкурлары, Кыз чеби, Аяш, Юмуктепе, Соли-помпеиполис, Эсхабы Кехф үңкүрү, Анемуриум тарыхый калдыктары, Клеопатра каалгасы сыяктуу туризмде кызыгуу жараткан жайларды камтууда.
Белгилүү пляждары болсо Анамур, Кыз чеби, Сусаноглу жана Аяш. Папа Бенедикт XVI 2008-жылды «Saint Paul жылы» деп жарыялагандан кийин Мерсиндин Тарсус району христиан туристтердин кызыгуусун тартты. 2008-жылы Мут районунда жайгашкан Алахан монастыры менен Тарсус районундагы Сент-Пол кудугу жана Эстелик музейи ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген.
Анда Мерсин жогорку билим берүү мүмкүнчүлүктөрү жагынан жаштарга эмнелерди тартуулап жатат? Эми сиздерге Мерсин университети жөнүндө айтып берели.
1992-жылы курулган Мерсин университетинде 14 факультет бар. Бул факультеттердин ичинде Изилдөө жана ишке ашыруу ооруканасы менен кызмат көрсөткөн медицина факультети да орун алууда. Айрыкча бүгүндөн тарта Мерсин университетинин карамагында 12 кесиптик окуу жай бар.
Университетте Социалдык илимдер институту, Так илимдер институту жана Медицина илимдери институтуна кошумча түрдө Билим берүү илимдери институту менен көркөм өнөр институту да магистратура жана докторантура деңгээлинде билим берүүсүн баштаган. Ар башка тармактардагы изилдөө борборлорунун саны да барган сайын көбөйүп 23кө жетти.
Мерсин университетинде айрыкча жалпы билим берүүдөн тышкары билим берүүнүн мөөнөтүнөн жана жайынан көз карандысыз түрдө жүрүп жаткан, компютер үйрөнүү, доклад окуу жана байланыш элементи катары колдонулган, билим берүү модели болгон Алыстан билим берүү модели 2002-2003- окуу жылдарында ишке аша баштаган.
Мерсин университети Европа Биримдигинин жогорку билим берүү келишими болгон «Эразмус декларациясына» 2004-жылы кол коюлган. Ушул келишимдин негизинде студенттер орток университетте билим алып, эл аралык долбоорлордо орун ала алышат.
«Эразмус» программасынын алкагында ушул учурга чейин 65 даана эки тараптуу келишимге кол коюлган. 2004-жылдан бери ар кайсы бөлүмдөрдөн студенттер «Эразмус» студент алмашуу программасынын алкагында чет өлкөдөгү ар башка университтерде билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Ушундай эле түрдө чет өлкөдөн көптөгөн студенттер келишкен жана окутуучулар да бул алмашуу программасынан пайдаланышкан.
Айрыкча кыскача «Фараби алмашуу программасы» деп каталган Түркиядагы жогорку билим берүү мекемелеринин арасында студент жана окутуучу алмашуу программасынын алкагында Мерсин университетинин ар кайсы университтер менен жүргүзүп жаткан өнөктөштүк иштери да уланып жатат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар