Билим жолунда-61

Кавказ университети-2

257167
Билим жолунда-61


«Эң чоң кемчилигибиз баш тартуу. Ийгиликке жетүүнүн так жолу- жок дегенде дагы бир ирет жасап көрүү».
Урматтуу окурмандар бүгүн «Билим жолунда» программасын 20-кылымда маанилүү эмгектерди ойлоп таап дүйнөлүк тарыхка атын алтын тамгалар менен жаздырган илимпоз Томас Эдисондун накыл сөздөрү менен баштадык. Биз да ийгиликке жетүүчү жолдо баары эле жайында боло бербесин, көптөгөн терс жагдайларга дуушар болушубуз мүмкүн экенин билебиз. Бирок ошондой болсо да баш тартпайбыз жана кыялдарыбызды ишке ашыруу үчүн аракет кылабыз!
Өткөн жумада сиздерди маданият мозаикасына бөлөнгөн шаар Карска жана «Дүйнөгө ачылган илим каалгасы» урааны менен атагы алыска угулган Кавказ университетине алып барганбыз. Бул жумада да Кавказ университетинин профессору доктор Сами Өзжан менен болгон маектешүүнүн экинчи бөлүмүнө кулак салалы:
Кавказ университетинде кандай эл аралык иш-чаралар өтүп турат?
«Университетте пикир жагынан дагы жаңы калыптанып ишке аша баштаган «Эл аралык күн» аттуу иш-чаралар өтүп турат. Бул иш-чаралардын негизинде бир гана университеттеги студенттер эмес, эки тараптуу кызматташтык келишимдерибиз бар же эл аралык аренада келишимдерибиз бар университеттерден да студенттер чакырылып, эки жумага созулган мөөнөттө студенттерге ар башка таанытуучу жана билим берүүчү иш-чаралар уюштурулуп турат.
Келген студенттерге өлкөбүздү, аймагыбызды, университетибизди жана маданиятыбызды тааныткан ошондой эле саякаттар, тил курстары сыяктуу программаларды камтыган иш-чараларды жүргүзүүдөбүз.
Иш-чаранын аягында болсо ар башка өлкөлөрдөн келген студенттерге университетибиздин ичинде маданий жолугушуу иш-чарасынын алкагында стенддерди куруп студенттерибиздин принциптерин, университеттерин, маданияттарын, тамактарын, тилдерин тааныткан эл аралык жолугушуу күнүн уюштуруудабыз. Бул иш-чара баарына жана университетибизге ачык өткөрүлөт.
Белгилүү болгондой жогорку билим берүү системабызда Болонья процессинин алкагында жакшыртуулар жана айрым өзгөрүүлөр болгон. Ушул процесстин негизинде университеттерге да сапат жана аккредитация жаатында кээ бир кызмат жана жоопкерчиликтер түшкөн. Кавказ университети ушул жагынан милдетин мыкты орундаткан ийгилигинен улам эл аралык сыйлык менен сыйланды. Университетибиз билим берүүдө сапат жана ачыктыктын көрсөткүчү болгон Дипломдун тиркеме этикеткасын алуу үчүн талап кылынган критерийлерди орундатып Европа комиссиясына кайрылды жана 2013-жылдын декабрь айында бул сыйлыкка татыктуу көрүлдү. Бул эмнеге жарайт?- деп сурай турган болсоңуздар, эми университетибиз берген диплом бүткүл дүйнөдө таанылат, ошол эле учурда университетибизди бүтүргөн студенттерибиз да дүйнө жүзүндө каалаган жерде критерийлерди аткарганда магистратура жана доктарантурага кайрыла алышат. Башкача айтканда дипломубуз кандайдыр бир таанылбоо же ушуга окшогон маселелеге дуушар болгондо дипломдун тиркеме этикеткасы менен чечүүгө болот.
Чет элдик студенттер Кавказ университетин эмне себептен тандашы керек?
«Жогоруда айтканымдай университетибиз ар башка өлкөдөн келген студенттер ынтымактуу билим алып жатышкан, эл аралык аренада таанылган университет болуп саналат. Ушул алкакта бизди тандаган жергиликтүү жана чет элдик студенттерибизге өз үйлөрөндө жүргөндөй сезе турган чөйрө тартуулайбыз. Ушундай чөйрөдө алар чоң үмүттөр менен келечекке карай умтулушат».
Акыркы сурообуз катары урматтуу ректор профессор Сами Өзжанга сиз чет элдик студенттерди эмне деп чакыраар элеңиз деген суроо узаттык:
«Сиздер аркылуу бардык чет элдик студенттерге чакырык сала кетейин. Бардык студенттерди маданият мозаикасына бөлөнгөн шаар Карстагы Кавказ университетине чакырамын».


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар