Билим жолунда-60

Кавказ университети.

247474
Билим жолунда-60

Дүйнөгө бир жолу келгенибизге караганда өз жолубузду табуу жана өзүбүздү мүмкүн болушунча өзгөчө сезүү эң табигый укугубуз! Мына ушундан улам кыялдарыбызды ишке ашыра турган эл аралык билим берүү мүмкүнчүлүктөрүнө жакын байкоо салышыбыз керек.
Бүгүн сиздерди Түркиянын түндүк-чыгышында орун алган кооз шаар Карска алып барабыз. «Дүйнөгө ачылган илим каалгасы» урааны менен атагы алыска угулган Кавказ университетинин ректору профессор доктор Сами Өзжан менен жолугушуп олтурабыз. Сами Өзжанга биринчи сурообуз албетте ушул кооз шаар тууралуу болмокчу.
Чет элдик студенттер Карстын эмнесине кызыгып келиши керек?
«Билим берүү жана маданият шаары болгон Карс-тарыхый аймак болуп саналат. Суроону тарыхый мааниси жагынан карай турган болсок Карс деген аталыш түрк уруусу болгон карсактардан келип чыккан. Бул шаарда хурриттер, урартулар, скифдер, парфяндар, сасаниддер, римдиктер, византиялыктар, грузиндер, селжуктар, аккоюндуктар, каракоюндуктар жана осмондуктар сыяктуу ар башка цивилизациялар жашап келишкен. Тарыхы б.з.ч 13-14- кылымдарда башталган бул шаар кудум эле маданият мозаикасы болуп саналат. Ушундай чоң жана ар башка көрүнүштөрдү камтыган шаарга келген чет элдик студенттер да ушул мозаиканын ичинде өз түстөрүн жана цивилизацияларынан бираз да болсо тарыхый табылга таба алышат.
Суроону заманбап мааниде карай турган болсок Карс Түркиянын алгачкы пландалып курулган шаары болуп саналат. Бул шаар транспорт жана жашоо шарттары жагынан ыңгайлуу заманбап шаар десек жаңылышпайбыз».
Урматтуу ректордон эми бизге Кавказ университетин тааныштырып кетүүсүн өтүндүк.
«Кавказ университети билим берүү жана маданият шаары болгон Карстын борборунда 1992-жылы ачылган жана 2011-жылы Кавказ университетинин борбордук кампусу мүнөзүндөгү Пашачайыры аймагына көчүрүлгөн болчу.
Кавказ университетинде тиш доктурлук, ветеринария, медицина, так илимдер, теология, билим берүү, искусство, экономика жана башкаруу илимдери, курулуш-инжинердиги жана Сарыкамыш туризм факультеттери, мамлекеттик консерваториялар, дене тарбия жана спорттук болуп формалдуу түрдө төрт жылдык жогорку билим берилет.
Дени-сак адамдын аң-сезими күчтүү болот дегендей спорттук мүмкүнчүлүктөрдөн сөз кыла кетели.
Университетте спорттук клубдардын жана Спорт биримдигинин алкагында жүздөгөн студент спорт менен машыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууда. Ар башка командалар университетти улуттук жана эл аралык деңгээлде өкүлдүк кылып жатышат. Кавказ университетинде студенттер пайдаланган 5 миң кишилик стадион, спорт залдары, теннис корттору, ачык асман астындагы волейбол жана баскетбол аянттары сыяктуу спорттук жайлар бар. Жыл сайын уюштурулган спорттук иш-чараларда болсо ар кайсы тармактарда жүздөгөн студенттер катышкан мелдештер өтүп турат.
Ал эми медицина мүмкүнчүлүктөрү жагынан болсо университеттин студенттери Пашачайыры жергесиндеги Кавказ университетинин медициналык изилдөө жана ишке ашыруу ооруканасынан пайдаланышат. Ооруканада ар түрдүү диагноз жана дарылоо кызматтары бар».
Университет чет элдик студенттерге кандай мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берет?
«Кавказ университети катары эл аралык деңгээлге жетүүгө аракет кылуудабыз. Ушул аракеттерибиздин негизинде учурда чет элдик студенттердин саны 600дөн ашты.
Чет элдик студенттерди биздин жергиликтүү студенттерден бөлбөстөн өз үйлөрүндө жүргөндөй сезе тургандай түрдө коноктоого аракет кылып жатабыз. Биринчи жолу келген студенттер үчүн Карс шаарыбызды жана университетибизди таанытуучу жыйындар, ориентация программаларын уюштуруп адаптация мөөнөтүн жеңилдетүүгө аракет кылуудабыз.
Бир тараптан бизди тандаган бирок түркчө сүйлөй албаган студенттерге болсо тил үйрөтүүчү борборлордо түрк тили үйрөтүлөт.
Университетибизди тандаган ар башка цивилизациялардан жана улуттардан студенттер бар. Мисал үчүн Германиядан Өзбекстанга чейин, Орусиядан Бурундиге чейин ар башка өлкөлөрдөн келген студенттерге билим берилүүдө. Шаардын пландуу курулушу, транспорттук жеңилдик жана студенттер үчүн ыңгайлуу шаар экени темасында чет элдик студенттер бирдей пикирде. Университеттеги мыкты окутуучулар менен сапаттуу билим берүүнүн да чет элдик студенттерден толук баа алганын айта алабыз».
Урматтуу окурмандар Кавказ университетинин ректору профессор доктор Сами Өзжан менен болгон маекти келээрки жумада да улантабыз.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар