Билим жолунда-43

Фракия университети

152426
Билим жолунда-43

Ар дайым болгонундай эле эл аралык билим алуу саякатындагы эң жакын жолдошуңуз болуп калган Билим жолунда программасы ТРТнын Түркия үнү радиосунда сиздерге кайрылууда!
Өткөн аптада сиздерди Эдирнедеги Фракия университетине алып барып, бул университеттин эл аралык иш аракетинен сөз кылган элек. Бул жумада да калган жерибизден бул университетти таанытууну улантып, урматтуу ректор профессор Йенер Йөрүктү маекке тартабыз.
«Университетибиз заманбап түшүнүк менен шаардын, аймактын жана өлкөнүн билим берүү жана маданий түзүлүшүнө салым кошкон университет болуп эсептелет. Биз географиялык абалынын талабы боюнча Балкан университетибиз жана эл аралык байланышыбызды да бул платформага жараша курдук. Ушул алкакта Балкан өлкөлөрү менен болгон карым-катнаштарга маани берип, Балкан өлкөлөрүндөгү жогорку өкүлдөр менен, университеттин ректорлору жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен илимий жана маданий кызматташтык жолугушууларын өткөрүп, маанилүү кызматташуу проекттерин өнүктүрүүдөбүз.
Илимий баалуулуктардын негизинде; аймагына, өлкөсүнө жана адамзаттыкка кызмат кылууну принцип кылып алган, рационалдуу ой-пикирди негиз кылып алган, абдан ийгиликтүү илимпоздорду жана окуучуларды чыгаруу, заманбап, илимий, технологиялык, маданий жана искусстволук өнүгүүгө салым кошо турган жогорку деңгээлдеги илимий эмгектерди жана изилдөөлөрдү жасап, буларды коомдун пайдасына сунуштоо миссияларын милдеттенген Фракия университети; учурда 13 шаарчада, 12 факультет, 6 техникум, 1 кесиптик техникум, 5 институт, 1 мамлекеттик консерватория, 22 лаборатория жана изилдөө борбору, 2 бала бакчасы менен 265 дипломдук программасында 39 миң 687 окуучуга билим берүүдө».

Ректорубуздан Фракия университетинин студенттерге сунуштаган социалдык мүмкүнчүлүктөрүн сурап, мындай жооп алдык:
«Студенттерибиздин кандайдыр бир маселеге туш болбошу жана жалгыз гана өз келечегинин түптөлүшүнө багытталышы биз үчүн абдан маанилүү. Студенттерибиздин билим алуу мезгилинде кандайдыр бир тоскоолдукка кабылбашы үчүн колубуздан келген бардык нерсени кылуудабыз.
Университетибиздеги студенттер үчүн маданий иш-чаралардан баштап ар түрдүү социалдык тейлөөлөрдү, спорттук иш-чараларды жана атайын тамактануусун камсыздап жатабыз. Борбордук шаарчабызда орун алган мамлекеттик жатакана менен катар шаар борборунда орун алган ар түрдүү жеке менчик жатаканаларда студенттерибиздин баш калкалоо муктаждыктары камсыздалууда. Студенттерибиздин баш калкалоо муктаждыктарын камсыздоо үчүн Мамлекеттик студенттерди жатакана менен камсыздоочу мекеменин 5500 орундуу жатаканасы бар. Ошол эле учурда бөлүмдөр орун алган област жана райондордо окуучуларга арналган апарт үйлөр жана жеке менчик студенттик жатаканалар бар. Фракия университетинде студенттердин спорт менен машыгууларын камсыздоо үчүн комплекстерибиз да бар. Мисал үчүн Балкан шаарчабызда орун алган Кыркпынар дене тарбиясы жана спорт техникумунда 2 даана үстү жабык спорт залыбыз, 2 даана үстү ачык спорт залыбыз бар. Аны менен бирге олимпиадалык үстү жабык бассейн, олимпиадалык спорт зал, топрак жана килем спорт аянтчалары, теннис корту, күрөш, гимнастика, машыгуучу залдары, баскетбол жана волейбол үчүн үстү ачык аянтчалар бар.
Студенттерибиздин кызыккан тармактарында өнүгүүлөрүнө мүмкүнчүлүк берген, ар башка бөлүмдөрдө окуган жолдоштору менен бирдей кызыгуу тармактарында жолугууларына мүмкүнчүлүк берген 42 даана студенттик кружокторубуз бар.
Бардык ушул мүмкүнчүлүктөр менен катар материалдык тармакта да окуучуларына жардам берүүгө аракет кылган университетибиз «Окуучубузду колдойбуз» проектинин алкагында муктаждыгы болгон студенттерибизге кайтаруусуз материалдык жардам берилүүдө».
Эл аралык студенттер Фракияга өзгөчө Эдирнеге эмне үчүн келишин каалайсыз?
«Университетибиз курулгандан тартып эле маданий мурасыбыз көп кездешилген Эдирнеде студенттерибизди баарынан мурда түрк маданияты күтүүдө. Айрыкча даамдуу Фракия ашканасы, студенттерибиз жеңилдей турган жашыл аянттар, жасалма көлмө, табигый чөйрөсү менен атактуу Караагач аймагы... Студенттерибиз Сарос булуңуна жээктеш болгон Эдирнеде жай айларында деңизге түшүп эс алуу мүмкүнчүлүгүн таба алышат. Университетибиздин Энез социалдык комплекстеринде жолдоштору менен бирге көңүлдүү убакыт өткөрө алышат.
Эдирне жана бүтүндөй Фракия аймагы үй-бүлөлөрүнөн алыста жашаган студенттер үчүн коопсуз жер болуп эсептелет бир эле убакта. Транспорт маселеси болбогон архитектуралык жана табигый кооздуктарга бөлөнгөн Фракия аймагы, студенттерибизге үйлөрдө жашоонун да ырахатын берет».

Ректорубуздан эң акырында бир канча сүйлөм менен чакырык жасоосун сурандык:
« Университетибиз жетилткен жаштарды, демократияны жактырган, глобалдуулукка жетишкен, тарыхын жана өз баасын жакшы билген, илимдин жана акылдын үстөмдүгүн жактырган, сындоочу ой-пикир системасына ээ болгон, билимге маани берген, өндүргөн, келечекти көрө алган, ой-пикирди сыйлаган, өлкө маселелерине кайдыгер карабаган, окуган, изилдеген, заманбап инсандар катары көрүү биздин чын дилден каалообуз.
Акылдын жол баштоосу жана илимдин айдыңында бирге кыймыл кылып келечекке тамгасын басыргандардын арасында боло турганыбыздан шегим жок.
Көпчүлүк шаар тургундарынын Балканда болгону сыяктуу, Балкан тилдери сүйлөшүлгөн ынтымактуу, тарыхка толгон, үч дарыя бириккен бул маданий шаар, тарых жана илим шаарында болуу, бул шаарда билим алуу...
Кана эмесе Фракия университети сиздерди күтүп турат».


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар