Билим жолунда-42

Фракия университети

151309
Билим жолунда-42


«Акча ачкалыкты жоет, бактысыздыкты эмес. Тамак ашказанды толтурат, рухту эмес».
ТРТнын Түркия үнү радиосундагы «Билим жолунда» программасын улантабыз.
Бүгүнкү программабызды «Нобель» адабият сыйлыгынын ээси, ирландиялык жазуучу Жорж Бернард Шоунун сөздөрү менен баштадык. Рухубузду тойгузуу үчүн жол тартууну бирге улантабыз. Ар дайым болуп келгендей эле 34 тилде эфирге чыккан «Билим жолунда» радиопрограммабызга кошумча түрдө ТРТ- Хоризон фейсбук барагында да видео репортаждарыбызга ортоктош болосуздар. Ошондой эле эл аралык окуучу жолугушууларына байланыштуу бул жол менен маселелериңизди бизге жеткире алаарыңызды эске салалы.
Бүгүн сиздерди Түркиянын башка аймагындагы, түндүк-батыш тарабындагы Фракия университети менен тааныштырабыз. Аталган окуу жай тууралуу сөз кылуудан мурда университет орун алган жана тарыхта да маанилүү калаа Эдирнеге кайрылалы.
Түркиянын Европа тарабында орун алган жерлерди Фракия деп атоо андагы шаарлардын байыркы заманда Орто Азиядан көчүп келген фракиялыктар тарабынан курулушу себеп. Фракия университети да дал ушул тарыхый аталышка ээ.
Эдирне Фракиянын абдан маанилүү шаары. Тарыхы байыркы заманга барып такалган калаа өз маанисин жана баалуулугун жоготкон эмес. Фракиялыктардан кийин Александр Македонский бул жерлерди өз империясынын учу-кыйырсыз аймагына кошкон. Андан соң римдиктер ээлик кылышкан бул жерлер 395-жылы Рим империясынын экиге бөлүнүшү менен Чыгыш Византиянын үлүшүнө өткөн.
1361-жылы Осмон империясынын ордосу катары түптөлгөн жана мындай макамга 1453-жылы Стамбул каратылганга чейин 92 жыл бою ээ болуп турган. 17-кылымда дүйнөнүн эң чоң шаарларынын бирине айланган Эдирне Осмон империясындагы университеттердин калаасы катары эскерилип келет.
Осмон империясы убагында мааниси жогорулаган жана империянын экинчи борбору болгон Эдирне, маданий мурастар эң көп кездешкен шаарлардан. Мечиттери, базарлары, көпүрөлөр, тарыхый үйлөр жана айтылуу архитектор Мимар Синандын «устаттык чыгармам» деген кереметтүү «Селимие» мечити менен менен даңазанып турат. Батыштан келгендер алгач туш боло турган чек арада жайгашкан шаар өзгөчөлүгүнө ээ.
Эдирнеде маданий иш-чаралар көп болуп турат. Архитектуралык жаңыланууларда шаардын түзүлүшү менен кошо келген, хат жана кооздоо искусствосунун керемет үлгүлөрүн көрүүгө болот. Көп сандаган медресселерге ээ. Ошондой эле медицинадагы алгачкы ийгиликтер да дал ушул калаада ишке ашырылган.
Учурда Эдирне Түркиянын Европага ачылган каалгасы болуп саналат. Анын борбору Грецияга 7 чакырым, Болгарияга 17 чакырым аралыкта турат.
Эдирне шаары тууралуу маалымат алдык. Эми кезек калаада жайгашкан университет студенттерге, өзгөчө чет жерден келген билим алуучуларга кандай шарттарды түзүп бергенине кызыгып көрөлү...
Фракия университетинин Балкан кампусунда орун алган ректордук имаратка барып, окуу жайдын жетекчиси, профессор Йенер Йөрүктөн маалымат алдык.

Ректор окуу жай тууралуу төмөндөгүлөрдү айтып берди:
«Чындап эле туура дарекке келдиңер. Түркиянын Балканга ачылган каалгасы милдетин аткарган Эдирнеде биз дагы көп жылдардан чет жерлерден келген студенттерге сабак берип, Фракия университетинде аларга экинчи үйүн тартуулап келебиз.
Университетибиз 1982-жылы курулгандан бери көптөгөн эл аралык иш-чараларды өткөрдү. Акыркысы тууралуу айта турган болсок 2014-жылдын 8-10-октябрь күндөрү орун алган «Маданияттар арасындагы кесилиште Болгария жана Түркия: Эл аралык тил, тарых жана адабият симпозиуму». Биз өткөргөн мындай иш-чаралар менен катар эл аралык студенттерибиздин маселесиз шайкештик процесси жана билим алуусунун жакшы жагдайлары биз үчүн абдан маанилүү. Университетибизде чет элдик студенттер менен иштей турган атайын кеңсебиз бар. Бул сырттан келген билим алуучулардын катарын арбытууда. Учурда 58 өлкөдөн 1801 студент окуп жатат».


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар