Билим жолунда-27

Жүзүнчү жыл университети

140638
Билим жолунда-27

Дүйнө өтө тездик менен өзгөрүп барат жана биз ТРТ Түркия үнү радиосунда бул ылдамдыкка жетишип, дүйнөнүн кайсыл жеринде болбоңуз “Билим жолунда» программасында сиздер менен жолугушууну улантабыз.
Өткөн аптада сиздер менен Түркиянын чыгышындагы кооз Ван өрөөнү жөнундө маалымат бөлүшкөнбүз. Ван Жүзүнчү жыл университетиндеги шарттар жана стипендия мүмкүнчүлүктөрү менен бирге башка жергиликтүү социалдык иш-чараларды сөз кылганбыз. Албетте, бул университет жөнүндө айтылчу көп маалымат бар. Ошондуктан сиздерди кайрадан Вандагы Жүзүнчү жыл университетине алып барабыз.
Эл аралык Жүзүнчү жыл университетине абитуриенттер эмне үчүн тапшырышы керек деп университеттин мугалимдеринен сураганыбызда алар мындай деп жооп беришти:
“Жүзүнчү жыл университетинде окуучулардын жатаканада жатуу мүмкүнчүлүгү бар. Бул университетТүркиянын эң чоң Ван көлүнүн жээгинде орун алган. Ал жерде спорттун ар башка түрлөрү үчүн керектүү болгон бардык шарттарды кезиктирүүгө болот.
Улуттук жана эл аралык илимий жана социо-маданий иш-чаралар жогорку деңгээлде өткөрүлөт. Бул иш-чараларга студенттер активдүү катышышат.
Сыйкырдуу көрүнүшү, тарыхый архитектурасы, бир күндө жети түскө айланган Ван көлүнүн таасирдүүлүгү жана күндүн батышы менен унутулгус издерди калтырган Ван өрөөнүндө билим алуу, университеттин өзгөчөлүгүн тастыктайт”.

Жүзүнчү жыл университети чет өлкөлүк студенттерге каалгасын көптөгөн жылдар мурун эле ачкан. Окуу жайда 16 өлкөдөн чет өлкөлүк 274 студент билим алат. Түштүк Кореядан Кенияга, Палестинадан АКШга чейин дүйнөнүн төрт бурчунан келген студенттери бар. Анда студенттердин алмашуу программалары жагынан кандай жетишкендиктери бар?
“Жүзүнчү жыл университети жети өлкө жана 24 университет менен “Мевлана алмашуу программасы” боюнча келишимдерди түзгөн. “Фараби алмашуу программасы”боюнча 65 университет менен, “Эрасмус” программасы боюнча 25 университет жана 15 өлкө менен байланыш түзүлгөн.
Вандагы Жүзүнчү жыл университети URAP изилдөө лабораториясы тарабынан изилденген маалыматка ылайык 2013-жылдагы Түркиянын мамлекеттик университеттер арасында 26-орунда турат. Ал эми «Дүйнөнүн эң мыкты 2000 университети» тизмесинде 1359-орунда турат. Мындан тышкары илим, спорт жана маданият тармагында бир топ ийгиликтерге жетишти».
Бул шаар жана андагы адамдар менен коштошуудан мурун, Жүзүнчү жыл университетинин ректору профессор-доктор Пеями Батталга микрофон узатып, студенттерге кандай каалоо айтаарын сурадык:
“ Өз өлкөсүнүн тышында бакалаврият жана магистратура билимин алчу бардык студенттерди улуттук жана эл аралык платформада өзүн жогорку деңгээлде тааныткан Жүзүнчү жыл университетинде билим алууга жана үй-бүлөбүздүн бир бөлүгү болууга чакырам. Көл жээгиндеги өзгөчө сулуулукка ээ болгон кампустагы жашоосунда унутулгус тажрыйбаларды алуу үчүн аларды бул жерде күтөбүз”.
Ван- Анадолунун чыгышындагы 10 миң жылдык тарыхы жана маданияты бар шаар. Ар бир мезгилде аптаптуу жана жылуу климатка ээ болгон Ван көлү, тарыхый архитектуралары, Ван көлүнүн бир күндө жети түскө айлануусунун таасирдүүлүгү жана ажайып күндүн батышы... Булардын баарын көрүүгө болот.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар