Билим жолунда-26

Жүзүнчү жыл университети

129473
Билим жолунда-26

“Уча албасаң чурка, чуркай албасаң бас, баса албасаң жөргөлө. Бирок эмне кылсаң дагы алдыга жылууга милдеттүүсүң”.

ТРТ Түркия Үнү Радиосу аркылуу «Билим жолунда» программасындагы жолугушуубуз башталды! Жогорудагы сөздөр Мартин Лютер Кингге таандык. Албетте баарыбыз, 21-кылымдагы өнүгүүнүн жолу өзүбүзгө мыкты окуу жайын тандоодон башталаарын анык билебиз. Жада калса жогорку окуу жайларын тандоодо өлкөлөр ортосундагы чек аралар да тоскоолдук кылбай тургандыгын байкайбыз. Буга байланыштуу Түркиядагы жогорку окуу жайлары жана алардагы шарттар тууралуу маалымат берүүнү улантабыз.
Адаттагыдай эле биз бүгүн тарыхы биздин заманга чейинки 7000-жылдарга таянган бир шаарга сапар алабыз.

Бүгүн сиздерди Түркиянын чыгышында жайгашкан кең жана кооз шаар Ванга алып барабыз. Ван бир канча цивилизация жашап өткөн шаар болуп саналат. Урартулардын баш калаасы болуп турган учурда, бул шаар Тушпа деп аталган. Миңдеген жылдар мурун жашаган маданияттын издерин, Вандан азыр дагы көрүүгө болот. Бирок, бул тарыхый мурастардын ичинен эң көркөмдүүсү 3000 жыл мурун курулган Ван мунарасы.
Вандын өзгөчөлүктөрүн айтып берүүгө жетиштүү сөз таба алган жокпуз жана жергиликтүү тургундарга, “Эмне үчүн чет элдик студенттер Ванга келиши керек?”-деген суроону узаттык. Анда эмесе алынган жоопторго көңүлүңүздөрдү буруңуздар:
Шаардын чек арага жакын аймакта жайгашышы жана Ван көлүнүн баардык мезгилде күнөстүү жана серүүн климатка ээ болушу, өзгөчө ысык аба ырайын самаган жаштар үчүн өтө ылайыктуу.
Кайталангыс кооздугу, даңазалуу имараттары, бир күндө жети түскө өзгөргөн Ван көлүнүн таасирдүүлүгү жана унутулгус из калтырган күндүн кечки көрүнүшү менен Ван аймагы билим алууну каалаган жергиликтүү жана чет элдик студенттерди дайым өзүнө тартып турат.
Эндемикалык түрлөрдөн болуп саналган Инжи Кефали балыгы, аппак жүндүү, көздөрү эки башка түскө ээ Ван мышыгы, фламинголор, саздак жерлерде таралган куш түрлөрү жана түркүн өсүмдүктөрү менен бул аймак саякатчыларды кызыктуу сезимдерге бөлөйт. Деңиз деңгээлинен бийик жерде орун алган кайталангыс касиети бар көлү менен катар маданий жана экологиялык туризмдик шарты конокторго ырахат тартуулайт.
Сөздүн аягында жергиликтүү калктын студенттерге карата көрсөткөн меймандостугун да айтып кетүүгө болот.

Эмки сөз бул кооз шаарда жайгашкан ийгиликтүү жана аты көп айтылган университет тууралуу болсун. Вандагы Жүзүнчү жыл университетинин аты Мустафа Кемал Ататүрктүн жүз жылдыгына карата коюлган. Бир жылдык кечигүү менен 1982-жылы билим берүү ишин баштаган. Азыркы учурда окуу жайда магистратура жана докторантура программасында окуган студенттер менен бирге жалпысынан 24 миңге жакын студент билим алууда.
Студенттерге түзүлгөн шарттар тууралуу Жүзүнчү жыл университетинин окутуучуларынан сурап көрөлү, эмнелерди айтышаар экен:

“Шаар борборундагы жеке жатаканабыз менен кошо, студенттерибиздин жашоо муктаждыгы Кредиттик Жогорку Билим Берүү жана Жатакана кеңеши тарабынан каржыланат. Бул кеңештин университет кампусунун ичинде 8 миңге жакын мекемеси орун алган. Мындан тышкары университетибизге таандык шаар сыртындагы жогорку кесиптик мектептерибиздин жана университетибиздин 5000 орундук жатаканасы да бар. Ошондуктан студенттердин муктаждыгын 90% га аткарган кампуска ээ университет катары белгилүү”.

Ал эми стипендия берүү шарттары кандай болот?
“Университетибизде башкаруу кеңешинин чечими менен, жашоо шарты начар, бирок жакшы окуган студенттерге кайтарымсыз стипендия таратылат. Ал эми 1200 кишиге бекер тамак берилет. Кээ бир фирмалар менен келишим түзүп, мезгил-мезгили менен баардык студенттерге кийим-кечектен жардам кылабыз. Университетибиздин ичинде 115 ке жакын студентке иштө мүмкүнчүлүгү түзүлгөн”.

“Билим жолунда” программасы аркылуу Вандагы Жүзүнчү жыл университеттерине багыттаган сапарыбызды уланта бермекчибиз. Аймакта студенттерге дагы кандай шарттар түзүлгөндүгү тууралуу билгиңиз келсе, дароо университеттеги социалдык жашоону иликтөөгө алабыз:
Жүзүнчү Жыл университети; жабык спорт залы, атлетикалык машыгуу аянттары, стадиону, теннис корттору, спорттук килемдери, суу спорттук борборлору баштаган ар түрдүү спорттук мүмкүнчүлүктөрү менен бирге жаштарды спорттук жашоого үндөгөн университет.
Маданий борборлору, конференция залдары, театр жана концерттик аянттары, социалдык мекемелери, ашканалары, кафетериялары, ресторандары менен кампустагы социалдык турмушту көрккө бөлөгөн мыкты окуу жай. Студенттик топтордун аракети менен мүмкүнчүлүктөргө ылайык, жыл ичинде көптөгөн фестивалдар, концерттер, конференциялар жана башка ушул сыяктуу жаштардын өнүүгүсүнө салым кошкон иш чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлүүдө.
Акыркы 5 жылда 3600 социалдык жана маданий иш-чаралар болуп, Жүзүнчү жыл университетинде жыл сайын өткөн жылга салыштырмалуу эселеген социалдык, таанып-үйрөнүү жана спортко багытталган салтанаттар уюштурулуп турат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар