Билим жолунда-22

Газиантеп университети

91284
Билим жолунда-22


Саламатсыздарбы. Сиздерге Билим жолунда программасынан дагы бир жолу салам жолдойбуз. Өткөн аптада сиздерди Газиантеп шаарына алып барып, Газиантеп университетин таанытканбыз.
Газиантепте андан кийинки аялдамабыз ТӨМЕР болду. Жардамчы доцент Каан Бүйүкикиз агайыбызга барып, андан Газиантеп университетинин ТӨМЕРИ б.а. Түркчө үйрөтүү жана чет тил изилдөө жана ишке ашыруу борборунун курулушу туурасында сурадык:
« Биз Газиантеп университетинин ТӨМЕРИ катары 2010-жылы билим бере баштадык. 2010-жылдан баштап 20-25 окуучу менен улантылган билим берүүбүз учурда 39 башка өлкөдөн 252 окуучуну окутууда. Бул өлкөлөрдүн арасында Буркина Фасо, Чад, Кот-д Ивуар, Парагвай, Бразилия сыяктуу өлкөлөр да бар. Булардын катарында албетте Түрк тилдүү өлкөлөрдөн да бир топ окуучуларыбыз бар. Кыскасы дүйнөнүн ар тарабынан келген окуучулар билим алып жатышат. Билим берүү жана үйрөтүүбүздү Европанын орток кайрылуу текстти стандарттары тарабынан белгиленген; А1,А2,В1,В2 жана С1 деңгээлинде окуучуларыбызга билим берип, бул билим берүү аяктаганда сертификаттарын да тапшырабыз».
Сириялык конокторубуз аймактык жакындыктан улам көбүнчө Газиантепке келишет. Албетте алардын ар түрдүү муктаждыктары көрмөксөнгө салынбайт. Газиантеп университетинин ТӨМЕРи алардын эң маанилүү муктаждыктарынан бирин б.а. аларды конок кылган өлкө Түркиянын тилин, түркчөнү үйрөнүү үчүн абдан кеңири проектти аткарууда. Бул проекттин толугун да Каан агайыбыздан сурадык:
«Биздин Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы жана ЮНЕСКО менен биргелеше жүргүзгөн бир проектибиз бар. Проекттин биринчи бөлүмүн өткөн жылы ишке ашырдык. Түркиянын жалпысында 7 шаар, 14 лагерде лицейди бүтүргөн сириялык конок окуучуларыбызга түркчө үйрөтүү программасын жүргүздүк. Өткөн жылы апрель айында миң окуучу менен баштадык жана долбоорубуз сентябрь айына чейин улантылды.
Сентябрь айында 400 окуучуга «С1» деңгээлинде сертификат бердик. Учурубузда ал окуучуларыбыз Түркиянын ар кайсы университеттеринде ар башка бөлүмдөрдө окуп жатышат. Бул бир эле убакта жоопкерчилик, анткени алар биздин конокторубуз, алардын өлкөбүздө социалдык турмушка интеграция болуулары, маданиятыбызды үйрөнүүлөрү, тилибизди таануулары жана таанытуулары жагынан маанилүү милдетти аркалап жатабыз бул аймакта. Быйыл декабрь айында долбоордун экиничиси башталды. Өткөн жылы жети областта жүргүзгөн долбоор, быйыл 10 областта жүргүзүлүүдө. Булар; Адана, Мардин, Шанлыурфа, Хатай, Османиеде 2 миң окуучу менен билим берүүнү баштадык. Ушул убакта окуучуларыбыздын В2 деңгээлинде билим берүүлөрүн улантышууда»

Сириялык окуучулар ыраазы болушуудабы? Алар эмне деп жатышат?
«Албетте ыраазы болушууда. Анткени биз механикалык маалымат өндүргөн жерибиз жок. Алардын кайгыларын билип, алар менен чогуу болуп, аларга өлкөбүздү жана тилибизди таанытуу сыяктуу бардык жоопкерчиликтерибизди орундатууга аракет кылуудабыз. Алар дагы түрк тилин үйрөнүп жаткандыктан, Түркияда өзгөчө Газиантепте болгондору үчүн абдан ыраазы».
Түркчө билим берүүдөн ушунчалык сөз кылган соң, Газиантеп университетинин ТӨМЕРИнин июнь айынын ичинде аткарган маанилүү иштерине токтолбосок болбойт эле. Бул темада бизди маалыматтандырышы үчүн сөздү кайрадан окутуучубузга берели:
«Хажеттепе университети 9 жылдан бери Караманоглу Мехмет мырзанын жаркын элесине арнап бардык ТӨМЕРлер катышкан, өзгөчө чет элдик окуучулар катышкан сөз сүйлөө сынагын уюштурууда. Өткөн жылы тогузунчусу өткөрүлдү. Биз Газиантеп ТӨМЕРи катары өткөн жылы ал сынакка алгач ирет катыштык жана Түркия үчүнчүлүгүнө ээ болдук. Ушундан улам «Бул сынактын онунчусун биз өткөрө алабызбы?»,- дедик. Бул да Хажеттепе университети тарабынан чоң түшүнүк менен кабыл алынды. Быйыл 3-июнда Караманоглу Мехмет мырзанын эскерилиши үчүн уюштурулган түркчө сүйлөө жарышынын онунчусун Газиантеп ТӨМЕРи катары Газиантеп университетинде өткөрөбүз. Албетте бул жерде ректорубузга да ырахмат айтышыбыз керек. Проф. Др. Явуз Жошкун ТӨМЕРге жана чет тил окуучуларыбызга байланыштуу абдан аяр мамиле жасайт жана бул темалардагы бардык долбоорлорубузду колдоодо. Ага ыраазычылык билдирем».
Анын атынан ушунчалык маанилүү сынак өткөрүлгөн Караманоглу Мехмет мырзанын түркчө дегенде эмне үчүн биринчи эске түшкөн кишилерден бири болгонуна токтолбостон өтө албайбыз албетте. Караманоглу Мехмет мырза1277-жылы өкүмдарлыгы убагында түркчөнүн расмий тил катары жарыяланышына буйрук берген.
Бул буйрукта, «Бүгүндөн баштап кеңеште, коомдо, коломтодо, мажлисте жана аянтта түркчөдөн башка тил сүйлөнбөйт»,-деп айтып саясий жана аскердик эле жеңиш эмес маданий жеңишке да жетишкен. Түркчөнүн учурда сүйлөшүлгөн эң бай тилдерден бири болушунда Караманоглу Мехмет мырзанын мындан орто эсеп менен 800 жыл мурда айткан сөздөрүнүн мааниси чоң.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар