Түркиянын жаңы көз карашы-22

Өзгөргөн дүйнөдө Түркиянын жаңы көз карашы

502219
Түркиянын жаңы көз карашы-22

Социология - өзгөрүүнүн илими деп да айтылат. Ал эми  өзгөрүүнүн динамикалары ар бир коом үчүн ар башка. Бул өзгөрүү доорго жана убакытка жараша ар башка формада өтөт да, кандай  коомдо болбосун  уланып келет.  Социологдор өздөрү да өзгөрүүнүн динамикалары бойунча  бирдей пикирде эмес. Анткен менен эмненин кандай өзгөргөнүн  баарыбыз байкап турабыз.

    Бүгүнкү күндө дүйнөдөгү өзгөрүүлөрдөн эң көп таасир алган тармактардын бири - үй-бүлөлөр. Үй-бүлөнүн түзүмү менен формасында  өзгөрүүнүн башка  маселелерин  да ичине камтый турган  чоң таасир бар. Мисалы, үй-бүлөдө   болуп жаткан өзгөрүүлөр эң оболу турак жай муктаждыгын өстүрүүгө себепчи болгон. Ошол эле учурда бул абал турак жайдын курулуш формасын да өзгөрүүгө алып келген. Адамдар өмүр бойу өзү   каалаган турак жайга ээ болгусу келген. Ал эми учурда дүйнөнүн ар башка жериндеги адамдар  өз үйүнө ээ болууну каалайт  жана ал үчүн  керектүү өлчөмдө акча каржылашы керек.

Түркияда,  балким башка көп  өлкөдөн айырмаланып, үйгө ээ болуу  талабы көбүрөөк. Турак үйгө берилген маани да чоң жана терең.

Анадолуда абдан жайылган сөз бар; «Дүйнөдө турак жай, акыретте иман» деген. Мындайча айтканда бул дүйнөдө бир турак жайга ээ болуу, тиги дүйнөдө бейишке жеткендей эле бакубаттык берүүчү нерсе.

Түркияда бул талаптын негизинде  тыгыз шаарлашуу болуптур жана болуп жатат.  Ошол эле учурда бул турак жай талабы, көпчүлүк учурда жер титирөө жана ушул сыяктуу табигый кырсыктардан  коопсуз болбогон  жагдайларга  да себеп болгон.

   Ошондуктан  Түркиянын шаарлашуу саясаты да бул теманын айланасында формаланышы керек.  Мунун максаты - адамдардын

турак жай муктаждыгын камсыздоо жана  коркунучтарды  жойуу же үйлөрдү бышыктоо болушу керек.

Адамдардын үйгө ээ болуу талаптарын ылайыктуу  чечиш үчүн түзүлгөн мамлекеттик мекеме бар. Ал Топтуу түрдө турак жай менен камсыздоо башкармалыгы (ТОКИ).

Топтуу түрдө турак жай менен камсыздоо башкармалыгы эки багытта иш алып барган мекеме болуп саналат. Мурда сөз болгондой,  адамдардын турак жайга муктаждыгын канааттандыруу, экинчиси болсо араң турган  үйлөрдү кайра куруу.

   АК Партия бийлигинен мурда адамдар  бир үйгө ээ болуш үчүн өмүр бою  иштешчү. Үйдүн ижарасы орто кирешелүү кызматкердин айлыгынын жарымындай болуп,  үй-бүлө бюджетинин эң чоң бөлүгү батирдин ижарасына кетээр эле. Мен жаңы эле илимий кызматкер болуп турганда 60.000 лира айлык алаар элем. Үй ижарам болсо 25.000 түрк лирасы эле. Адамдардын  көпчүлүгү үй ээси үчүн иштеп жаткан сыяктанчу. Бул болсо адам чыдагыс абал эле.

Бул айлампаны АК Партия ТОКИ менен сындырды. Абдан чоң долбоорлор менен бекем жана ылайыктуу баада үйлөрдү салдырды. Адамдардын турак үй муктаждыктарынын маанилүү бир бөлүгү камсыздалды. Эми болсо ТОКИден андан да көбү күтүлүп жатат.

Эң төмөнкү муктаждыктар камсыздалгандан кийин, заманбап жана атайын түзүлүштөргө, коомдук баалуулуктар менен цивилизациянын талабына ылайык үйлөрдүн салынышы боюнча саясат иштелип чыгышы керек.

 Эми турак үй куруунун мазмунун жана анын саясатынын  өзгөрүшү керектигин коомдогу бардык мүчөлөр сөз кылышы керек. Академиктер да, саясатчылар да, эл дагы...

Эң акырында муну атайын баса белгилей кетким келет. Ар бир цивилизациянын, ар бир адамдын жана маданият аянтынын өзүнө таандык шаар планы жана архитектурасы бар.

Түркиянын да өз ишеничине, маданиятына жана цивилизациясына ылайык пландоолорду жасашы талкууланып жатат.

Мен, шаар социаологиясы, шаардык пландоо жана архитектурасы менен академиялык деңгээлде жакындан алектенген бир адисмин. Эгерде биз да кудум эле башка коомчулуктар сыяктуу өзүбүзгө таандык шаар планын же моделин иштеп чыгып ишке ашырбасак, бул дүйнөдөн арманда кетемин.

Европада өзгөчө он бешинчи жана он алтынчы кылымдарда идеалдуу геометриялык формада курулган шаарларга суктануу менен караганымды жана ошол эле учурда кызганганымды моюнга алышым керек. Биз да өз шаарыбызды, шаарларыбызды кура алабыз. Мусулмандар жашаган бир шаар кандай болушу керек деген суроону сурап, жообун турак үйдө бере ала тургандай бир шаар болсо дейм.

Коньядагы Каратай университетинин Адам жана коомдук илимдер факультетинин социология бөлүмүнүн окутуучусу проф.др Мазхар Баглынын  турак- жай темасына байланыштуу  ойлорун окудуңуздар.



Тектеш кабарлар