Түркия терезесинен Жакынкы Чыгыш-44

Египет: Кыйраган экономика жана мыйзамдуулук кризиси

601586
Түркия терезесинен Жакынкы Чыгыш-44

Бүгүнкү күндө Египет калкынын 27 пайызы расмий жакырчылык чегинин астында жашоодо. Бирок айлык кирешеси 50 доллар деп белгиленген бул чектин канчалык чындык экендиги да өзүнчө бир тема. Жогорку Египет аймагында жакырчылык чегинин астында жашагандардын катнашы 60 пайызга жетет. Египеттин саясий ырааттуулукка жетиши, экономикалык маселелердин чечилиши менен болот. Бирок кыйырда бул багытта оң өнүгүү көрүнгөн жок. Тескерисинче абалдар экономикалык жана финансылык маселелердин дагы да тереңдей турганын көрсөтүүдө. Ошондуктан болуп жаткан экономикалык жана финансылык кризис, Абдүлфеттах эл-Сиси бийлигинин саясий мыйзамдуулук кризисин да күүлөп жатат.

2011-жылы Евгипетте эл, массалык түрдө Мүбарек режимине каршы көчөгө чыкканда үч талапты коюшкан: «Нан, эркиндик жана социалдык адилеттик». Өлкөнүн шайланган алгачкы президенти Мухаммед Мурсинин сокку менен бийликтен кулатылышынан кийин кызматка келген Эл-Сисинин бийлиги учурда Мүбарек мезгилин дагы издеткидей абалга келди.

Көрүнүп турган картина экономикалык жактан алганда да ичти жылытпайт.

2015-жылдан баштап Египеттин экономикасы айрым оң белгилерди бере баштаган. Инфляция салыштырамлуу көзөмөлгө алынган, жумушсуздук аз да болсо төмөндөтүлгөн жана өсүү ылдамдыгында жогорулоо катталган. Ошол эле 2015-жылдын ичинде электр энергиясынын өчүрүлүшү чоң өлчөмдө азайган. Бирок бул оң абал калктын жалпысына чагылдырыла алган жок.

Ал эмес аз кирешеси болгондордун абалдары дагы да начарлады. Иштин чындыгы 2013-жылдагы төңкөрүштөн кийин Египеттин олуттуу экономикалык жана финансылык кыйроого дуушар боло турганы күтүлгөн. Булуң өлкөлөрүнөн келген финансылык жардам Эл-Сисинин авторитардык режимин жеңилдетти. Бүгүнкү күндө болуп жаткан экономикалык кыйынчылыктын бир жагы эми бул жардамдардын түбүнө түшүлгөн болушу.

2011-жылы 11-февралда аскердик консей бийликти колго алганда Америка доллары 5,8 Египет лирасына тете болчу. Бүгүн болсо доллар 15 Египет лирасына барабар. Египет лирасы үстүбүздөгү жылдын ичинде 40 пайызга баасын жоготту.

2011-жылы Египеттин борбордук банкындагы валюта резервдери 36 миллиард доллардын айланасында болчу. 2016-жылдын август айында болсо Египет тарыхынын эң төмөнкү деңгээлине түштү; 5,15 миллиард доллар. Бул абалды дагы да жаман кылган башка бир жагдай болсо; 2013-жылдагы төңкөрүштөн кийин Египеттин Булуң өлкөлөрүнөн алган жардамы 50 миллиард долларга жеткен. Мындайча айтканда Борбордук банктагы резервдерден кеткен орто эсеп менен 20 миллиард долларга кошумча акча да каржалган абалда.

Египеттин тышкы карызы да күн өткөн сайын көбөйө баштады. 2015-жылдын акырында 48 миллиард доллар болгон тышкы карыз 2016-жыл бүтө электе 55,7 миллиард долларга жетти.

Анда каржалган акчалар кайда кетти? Ортодо Египет коомун тынчтанта турган олуттуу экономикалык түзөлүү жок. Бирок акчалар жаңы курулган абактарга, митингдердин бастырылышына, «коопсуздук чара көрүүлөрүнүн арттырылышына» жана «байланган мамлекеттин» күчтөнүшү үчүн сарпталууда. Албетте андан башка эч качан алды алына албаган коррупциялар өлкөнүн акча каражаттарын ылдам түрдө ээритип баратат.

Бул терстиктерге Египеттин улуттук кирешесинин 10 пайызын түзгөн туризм секторунун кыйраганын да кошо алабыз. Египетте валюта киришинин орто эсеп менен 20 пайызы туризм сектору аркылуу болчу.

Бул терстиктердин баардыгын чыдагыс абалга келтирген абал күнүмдүк турмуштун барган сайын дагы да татаалдашуусу. Акчанын баасынын төмөндөшү жана улам көбөйгөн инфляция менен бирге негизги кардар материалдарынын баалары жогорулап бартат. Египет калкынын маанилүү бөлүгү жалгыз гана негизги кардар материалдарын ала алгыдай кирешеге ээ. Бирок шекер, күрүч, суу май, балдардын быламыгы жана дары-дармек сыяктуу негизги кардар материалдарын баалар жогорулаганына карабастан табыш кыйын. Мурда болгону сыяктуу субсидияланган баадан бул товарлардын сатылышы мүмкүн болбой калышы кирешеси төмөн жана жакыр атуулдардын жашоо үчүн күрөшүүсүн дагы да татаалдаштырууда.

Ноябрь айынын ичинде Египет өкмөтү менен Эл аралык Валюта Фондунун ортосунда 12 миллиард доллардык насыя келишимине кол коюла турганы такталды. Бул келишимдин алкагында Египет өкмөтү үнөмдөө саясаттарын ишке ашырууну кабыл алды. Бирок Египет өкмөтү экономикалык ырааттуулук чара көрүүлөрүн ийгиликтүү ишке ашырса дагы, элдин көпчүлүгүнүн жашоосу дагы да татаалдашат.

Келишимдин алкагында Египет өкмөтү кошумча нарк салыгын киргизет.  Мунай зат баалары жогорулайт жана субсидия жоюлат. Жаңы девальвациянын жүзөгө ашырылышы да шарт. Бул үч жагдай негизги кардар товарларынын бааларынын кайрадан жогорулашын кошо ала келет.

Тилекке каршы Египет өкмөтүнүн кутулуу жолу катары көргөн структуралык шайкештик саясаты жана аны менен кошо ишке ашырыла турган экономикалык чара көрүүлөр элдин чоң катмары үчүн жашоону дагы да татаалдатат. Бул абал көрүнүп тургандай Эл-Сиси режиминин мыйзамдуулук кризисин тереңдетет. Ушундай радикалдык структуралык шайкештик саясаттарынын Египет сыяктуу өлкөлөрдө демократиялык чөйрөдө аткарылганынын тарыхта үлгүлөрү да көп эмес. Ошондуктан авторитардык режимдин бул саясаттарын ишке ашырыш үчүн дагы көп күч колдонууга кайрыла турганын айта алабыз. Улам күчөгөн зомбулук менен катмарлашкан авторитардыктын мыйзамдуулук кризисин чече алгыдай болуудан толугу менен алысташы абдан узак ыктымалдуулук сыяктуу көрүнбөйт.



Тектеш кабарлар