Түркия терезесинен Жакынкы Чыгыш - 40

Шайлоо, кол салуу жана экономикалык кыйынчылык: Иорданияда кыйын учурлар

582860
Түркия терезесинен Жакынкы Чыгыш - 40

Израиль, Сирия жана Ирак менен коңшу болгон Иордания Жакынкы Чыгыштын үч негизги маселесин билет. Калкынын жарымынан ашыкчасы палестиналыктардан турган өлкө жана Палестина түздөн түз байланыша алат. 2003 – жылдан кийинки Ирактагы абалдар жүз миңдеген ирактыктын Иорданияга баш калкалоосуна себеп болду. 2011 -  жылдан кийин Сирияда болгондор болсо бир миллионго жакын сириялык качкындын Иорданияга келишине жол ачты. Аймактык маселелер менен бирге Иордания ичкериде да олутту маселелер менен бетме – бет эле. 20 -  сентябрда болгон шайлоо, 25 -  сентябрда журналист Нахид Хаттердин өлтүрүлүшү жана болгон экономикалык кыйынчылык Иорданиянын кыйын бир сынактан өтүп жаткандыгынын так далилин берип жаткан.

Христиан тектүү Нахид Хаттер динге ишенбей тургандыгын жарыялаган солчул көз караштагы жана Асад жактоочусу журналист болгон. Бир канча убакыттан бери алган коркутуулардан улам Ливанда жашап жаткан. 25 -  сентябрда фейсбукта бөлүшкөн бир карикатурадан улам ачылган доонун сотуна катышуу үчүн Амманга барганда өлтүрүлдү. Кылмыштан кийин Иорданияда түрдүү митингдер өткөрүлдү. Кол салуу жана каршы чыгуу митингдери болуп жатты. Көпчүлүк учурда Амманда күч алган секулярдык элита чөйрөлөрү Хаттерге карата кол салууну өздөрүнө карата кол салуу катары кабыл алышты. Бул чөйрөдө курган бир саясий партия болгон Маан акыркы жалпы шайлоого атышты. Лаицизмди камтыган саясий программага ээ болгон Маан партиясы Амманда бир канча депутат чыгарууга жетишти. Маандын парламентке кирүүсү алдыдагы мезгилде секулярист – динчил чөйрө аркылу саясаттын кызый тургандыгынын кабарчысы.

25 -  сентябрда болгон депутаттар парламенти шайлоосуна Иордания королу Абдуллах өлкөнүн келечеги үчүн бурулуш жери катары баа берди. Шайлоо кээ бир жерлерде маселелер болгонуна карабастан жалпысынан жай баракат өттү. Бирок   жаңы шайлоо мыйзамы жана өткөн күндөргө салыштырмалуу дагы так шайлоо болгонуна карабастан шайлоого болгон кызыгуу абдан аз болду. Шайлоонун мааниси тууралуу жарандардын аң – сезиминдеги түшүнүк королдун түшүнүгү менен дал келген жок. Мусулман бир туугандар негизин түзгөн Исламдык иш алып баруу фронту партиясынын бойкотуна карабастан мурунку жалпы шайлоого катышуу катнашы 50 пайыздан жогору болгон. 25 -  сентябрдагы шайлоого катышу катнашы Исламдык иш алып баруу фронту партиясынын катышканына карабастан 37 пайыз гана болду.

Өлкөнүн эки чоң шаары Амман жана Зеркада катышуу катнашы 25 пайызга жакын болду. Иорданияда шаардык калктын үчтөн эки бөлүгүн палестиналыктар түзөт. Бирок Иорданияда саясий системада абдан чоң өлчөмдө сөз ээси болгондор аймактын  жергиликтүү урууларынан турган калк. Иордания парламенти конституция тарабынан өзгөртүүгө боло турган абалда эмес. Айрыкча парламенттин экинчи парламентин түзгөн сенат толугу менен король тарабынан дайындалган мүчөлөрдөн турат жана депутаттар парламентинин бардык жоопкерчиликтерине  ээ. Депутаттар парламентинин чоң өлчөмдө уруулардын өкүлү механизмин аткарат, жергиликтүү кызматтардын абалы жана үй – бүлө мүчөлөрүн жумуш менен камсыз кылуу максатында колдонулган каражаттан башка эч нерсе эмес. 2015 – жылы чыгарылган мыйзамдар менен Депутаттар парламентинин системадагы күчүнүн арттырылуусу жана саясий партиялардын уруулардын алдында күчтөндүрүлүшү максат кылынган. Бирок өзгөртүүлөр бул жыйынтыктарды жараткан жок. Аны менен бирге добуш берүү катнашы уруулар өкүмдүк кылган аймактарда жогору болуп, маанилүү шаар аймактарында абдан төмөн болгон. Шайлоодо Исламдык иш алып баруу фронту партиясы 25 пайыздык добуш алды. Бирок Депутаттар парламентинде  12  гана депутатка ээ болду. Жаңы депутаттар парламентинде 15 орундук менен эң чоң саясий партия блогун  Исламдык иш алып баруу фронту түзөт. Анын тышында башка 8 партиянын депутат саны 1 менен 15тин арасында өзгөрөт. Депутаттар парламентинин көпчүлүгүн сарайга жакын  уруулардын талапкерлеринен жана ишкерлеринен турган тизмелердеги шайлоочулар түзөт. Ошондуктан жаңы «реформа» мыйзамдары жана акыркы шайлоолор режимдин мыйзамдуулугун күчтөндүрүү жактан күчкө ээ боло алган  эмес.

Шайлоодон кийин король курула турган жаңы өкмөттүн экономикалык реформа, өсүү жана түрдүүлүккө токтолуу керектигин суранды. Королдук 2020 көз карашынын негизинде эки башка сценарийден турган кенен экономикалык өсүү пландарын даярдатты. Булардан кээ бирлери алдыдагы 10 жылдын ичинде Иордания экономикасынын 4,8 пайызга өсүүсүн күтүп жаткан болсо, 7,5 пайызы өсүүгө шарт түзүүнү максат кылууда. Бирок эки максат да Иордания үчүн реалдуу көрүнбөй жатат. Өлкөнүн эң негизги булагы ээ болгон стратегиялык абалы. Бул абалынан улам да аз да болсо экономикалык киреше алууда. Бирок Иордания мындан да көбүнө муктаж. Өлкөнүн эң негизги экспорт продукциялары калий, фосфат жана жумушчу күчү. Өлкөдөгү жумушчу күчүнүн 40 пайызын экспорттоодо. Өзгөчө өлкө суу кыйынчылыгын тартууда жана бул абал дыйканчылык секторунун өнүктүрүлүшүн кыйындатууда. Өлкөдө калган жумушчу күчү чоң өлчөмдө коомчулукта жумуш менен камсыз кылынууда. Мамлекеттик сектордо да айлык акы абдан төмөн. Өлкөгө карата түздөн түз инвестицияларда да 35 пайыздык төмөндөө болгон. Туризм өлкөнүн башка маанилүү бир киреше булагы. Бирок Ирак менен Сирияда болгондордун таасири менен өлкөгө болгон зыяратчы санында жана туризм кирешелеринде төмөндөө бар. 14,5 пайызга жакын болгон жалпы жумушсуздук 15 – 24  жаш үчүн 30 пайызга жакын.  Айрыкча бир бөлүгүн АКШдан алган жардам менен камсыз кылган өлкөнүн коопсуздук каржылоолорунда да абдан чоң артуу бар.

Иордания ичинде болгон абалдан ИМФден ала турган кредиттер менен оболу экономиканы оңдоо менен абалдан чыгуу пландарын түзүүдө. Бирок Жакынкы Чыгыш аймагында чыккан ар бир маселе жана ар бир өлкө бетме – бет келген маселелер бизди бул чындык менен бетме – бет алып келүүдө. Бул аймакта бир өлкөдө чыккан маселелерди аймактан көз карандысыз ойлоо менен чечүү мүмкүн эмес. Аймакта болгон маселелерди чечүү үчүн керектүү болгон нерсе жеке аймак өлкөлөрүнүн өз маселелерине аймак тышы актерлорду көп аралаштырбастан чечүүчү жол издөөлөрү керектигин түшүнүүлөрү.



Тектеш кабарлар