Түркия терезесинен жакынкы чыгыш-36

Чоң апааттын босогосунда турган-Йемен.

566588
Түркия терезесинен жакынкы чыгыш-36

Азаптуу Рамазан айын өткөргөн Йемен, Курман айтка карай бараткан ушул күндөрдө бир апаатты көздөй тоголонуп бараткансыйт. Бүгүнкү күндө өлкөдө элдин чоң көпчүлүгүн айтылып бүткүс кыйынчылыктарга түшүргөн жарандык согуш уланууда. Бул согуштун активдүү тараптарынан ар бири да ушул кыйынчылыктарда активдүү роль ойноодо. Өлкөнүн түндүк жана борбордук аймактарында, борбор калаа Санада козголоңчу Хусилер жана шериктеши мурдагы президент Али Абдуллах Салихти колдоого алган топтор үстөмдүк кылууда. Хусилердин курчоосу астындагы Таиз шаарында август айынан бери орто эсеп менен 90 миң кош бойлуу аял катталган. Бирок булардан 4 жарым миңдейи согуштун себебинен коркунучтуу кош бойлуулук тобунда. Йемендин үчүнчү чоң шаары Таизде жарандык согуштун алдында орто эсеп менен 20дай оорукана болсо, учурда абдан чектелген мүмкүнчүлүктөр менен ишин уланткан бир канча эле оорукана калды.

Айрыкча 2000-жылдардын башынан бери Йеменде жүргөн Аль-Каиданын күчү дагы да артты. Шиит Хусилерди өзүнүн табигый душманы катары көргөн Аль-Каида да учурдагы кагылышууларга катышты. Бул абал 18 ай мурда хусилер тарабынан Санадан четтетилген, эл аралык аренада таанылган өкмөт ички жана тышкы шериктештеринин колдоолорун көрө алган жок. Бул абал Аль-Каиданын түздөн-түз айрым отурукташкан борборлордо бийликти колго алышына алып барды. Акыркы күндөрдө хусиге каршы фронттун бул абалдын опурталдуулугун байкап Аль- Каидага каршы кыймыл аракетке өткөнүн көрүүдөбүз.

ДЕАШ өлкөдөгү баш аламан абалдан пайдаланган башка бир түзүлүш болду. 28-август күнү бул уюмдун өлкөнүн экинчи чоң шаары жана таанылган өкмөттүн убактылуу борбору Аденде кылган кол салуусунда 71 киши каза тапты. Бул акыркы кол салуудан мурда да бул уюм ушуга окшогон кол салууларын улантып келген.

30-августта БУУнун адам укуктары боюнча жардам координатору Жейми Мак Голдрик, Йеменде 18 айдан бери уланып жаткан жарандык согуштан кийин эң аз 10 миң кишинин каза болгонун жарыялады. Бул абалды жакындан байкагандар жагынан чындыгында бул абдан консервативисттик божомол, анткени жалгыз катоого алынган жоготууларды камтыйт. Көп сандаган байкоочу жалгыз эле жарандык жан жоготуулардын 10 миң кишиден ашканын божомолдошууда.

Мак Голдриктин жарыясына караганда 3 миллион йемендик жеринен ажыраган абалда. Булардан 200 миңи өлкө тышына чыгып кеткен. Айрыкча 26 миллион калктын жарымынан көбү азык-түлүккө муктаж абалда. 7 миллион киши болсо азык-түлүк кемчилиги маселесине дуушар болгон. Ошондуктан жарандык уюмдар тарабынан жасалган ачыктоолор калктын 80 пайызынын азык-түлүк жардамына муктаждыгы болгонун жана 15 миллион кишинин да азык-түлүк тең салмаксыздыгы маселесине туш болгонун белгилеген.

Ал эмес Йемендеги абал миллиондогон адамды ачарчылык жана жакырчылык апаатына алып барды. Учурдагы шарттарда 320 миңден ашуун бала тамактын жетишсиздигинин азабын тартууда. Колдо так сандар болбосо да көп сандаган маалымат булактары жаңы төрөлгөн көп баланын согуштун себебинен, саламаттык сактоонун кыйрашынан жана жетишсиз тамактануунун себебинен чарчап калып жатканын билдирүүдө. Жакында эле Йеменде азык-түлүк, суу жана дары-дармек жетишсиздигинин себебинен массалык өлүмдөр болгону көп сандаган байкоочулар тарабынан көздөлүүдө.

Йемендин ачарчылык кыйынчылыгын тартышы жаңы абал эмес. Йемен көп убактан бери Адамдардын Өнүгүшү индексин тизмелөөдө эң астыңкы катмарда орун алган өлкө. Ошондой эле көп жылдардан бери уланган жаман башкаруу менен катар 2011-жылдан кийин болгондор учурда маселени мурдатан көрүнбөгөн өлчөмгө жеткирди. 2011-2014-жылдардын арасында болгон саясий ыраатсыздыктан кийин башталган жарандык согуш абалы салмагын салды. Кагылышуулардын себебинен болгон күйүүчү майдын тартыштыгы жана импорт чектөөлөрү, негизги керектөөчү материалдарынын 90 пайызын өлкө тышынан камсыздаган өлкөдө олуттуу маселе катары көрүнүүдө.

Ошондой эле болуп жаткан ачарчылык жана жакырчылык маселесинин белгилүү болушуна таасир эткен эң чоң фактордун азык-түлүктүн курал же согуштук элемент катары колдонулганын айта алабыз. Учурдагы кагылышууга ушул жагынан караганда кагылышуунун тараптарынын болуп жаткан маселеде түздөн-түз жоопкерчилиги жана үлүш ээси болгонун көрүүдөбүз.

Хади өкмөтүн колдогон аймактык коалиция Йемендин бардык башкы портторун курчап алган абалда. Курчоонун себебинен күйүүчү май, тамак аш жана дары-дармек сыяктуу заттар Йемен калкына убагында жана тартиптүү түрдө жеткирилбей жатат. Айрыкча базарга бир товар келип калса дагы согуштун себебинен жогорулаган баалардан улам калктын чоң катмары сатып алгыдай эмес. 2010 жылдын көрсөткүчтөрүндө Йемен калкынын үчтөн бири жакырлык чегинин астында жашачу. Учурда калктын 80 пайызынын бул чектин астында болгону белгиленген. Курчоо менен катар Хади өкмөтүн колдогон күчтөрдүн эл аралык жардам мекемелеринин Хуси үстөмдүк кылган аймактарга гуманитардык жардам жеткиришине тоскоол болгондору көрүнүүдө. Айрыкча бул уруксатка жетилсе да башка маселелер да бар. Жардамды жеткирүү үчүн колдонула турган багыттардагы көпүрөлөрдүн орто эсеп менен 90 пайызы жарактан чыккан.

Хуси-Салих коалициясынын да болуп жаткан маселеде үлүшү бар. Шаардан чыгарылуудан мурда Аденде жана учурда курчоодо турган Таизде, курчоонун себебинен элдин күйүүчү май, суу жана тамак ашка жетиши мүмкүн эместей.

Эгерде кагылышуулар тез арада токтотулуп йемендиктердин негизги азык жана саламаттык сактоо муктаждыктары камсыздалбаса, 21-кылымдын алгачкы чоң ачарчылык жана жокчулуктан келип чыккан апаатына күбө болуп калышыбыз мүмкүн. Ушул себептен эл аралык коомчулуктун бул маселеде кагылышкан тараптардан биринин жанында жана башкасынын алдында орун алуу сыяктуу позиция белгилөөдөн башка кыймыл кылышы керек. Тараптар тез арада сүйлөшүү үстөлүнө олтуруп, белгилүү орток пайдаларда жолугушуусунун камсыздалышы убакыт өткөрүлбөстөн аткарылышы зарыл.



Тектеш кабарлар