Түркия терезесинен Жакынкы Чыгыш - 32

Жаш Тунис демократиясынын маанилүү милдети

549385
Түркия терезесинен Жакынкы Чыгыш - 32

Араб жазы чыккан Тунис абдан кыйын бир мезгилден өттү. Өлкө абдан олуттуу маселелер менен бетме – бет. Зейнел Абидин бин Али элдин көтөрүлүшү менен кулатылган 2011 -  жылдан бери беш жылдын ичинде  өлкөдө алты премьер – министр алмашты. Коопсуздук, ырааттуулук, жогорку инфляция жана жумушсуздук маселелери олуттуу өлчөмгө жетти. Экономиканын өсүү ылдамдыгы да араб жазынан мурунку абалга келди. Бул жылдын биринчи чейрегинде өсүү ылдамдыгы 1 пайыздан ашкан жок. Тунис  динары доллардын алдында баасын жоготуп, жумушсуздук катнашы 15 пайыздан ашты. Тунис экономикасынын негизги элементи туризм да 2015 -  жылдагы террордук кол салуунун натыйжасында алган жаракаттарын айыктыра алган жок.Айрыкча 2011 -  жылдагы төңкөрүштөн мурдагы мыйзамсыздык маселелери азыр да улантылууда. Араб дүйнөсүнө модель болгон дүйнөнүн эң жаш демократияларынын бирөөсү болгон Тунисте  маселелердин демократиялык режимдин ичинде калуу менен чечилүүсү өлкөнүн жана Жакынкы Чыгыш аймагынын келечеги үчүн абдан чоң мааниге ээ болууда. Өлкөнүн ичинде  болгон кыйын абалдардан улам премьер – министр Хабиб Ессид өкмөтү акыркы эки айдын ичинде ишин таштоосу жактан олуттуу кысымдарга дуушар болду. Премьер – министр менен бир партиядан болгон президент Ел Бажы Каид ел Себсинин июнь айында өкмөттү сынга алышы жана жаңы бир улуттук биримдик өкмөтүнүн курулушун сунуш кылуусунан кийин өкмөт үчүн артка саноо башталган. 31 – июлда Тунис парламентинин 118 мүчөсү Ессид өкмөтүнө ишенимсиздик добушун берди. Бир канча күндөн кийин да президент Ел Себси дагы өз партиясынан жана Ессид өкмөтүнүн министрлеринен Юсуф Ел Шахидди  жаңы өкмөттү куруу менен милдеттендирди.

Негизинен Ес Себсинин партиясы Нида Тунис  партиянын ичинде келишпестиктердин негизинде 22 депутаттын арызын берүүсү менен парламенттеги көпчүлүк добушун жоготту. Азыркы күндө мусулман дүйнөсүнүн алдыңкы саясий ойчулдарынан болгон Рашид Ганнушинин партиясы Нахда кыймылы азыркы учурда парламентте эң көп депутат санына ээ. Бирок Нахда партиясы өлкөнүн ичиндеги шарттардан улам премьер – министрдин өз партиясынан шайланбашына маселе катары карабайт. Демократиянын отурукташуусун жана саясий бийликтин түзүлүшүнө алдыңкылык берет. Нахда тажрыйбалары менен кыймыл кылууда.

Премьер – министрлик кызматтын өз партиясына таандык бир депутатта болбошуна каршы чыкпаган Нахда кыймылы да улуттук биримдик өкмөтү пикирин колдоп жатат. Дагы көп саясий партияны ичине ала турган бир өкмөттүн шайкеш келүүсүнүн дагы кыйын болору да  чындык: бирок муну башка мүмкүнчүлүктөрү бар.  Өкмөттүн чыгаруусу керек болгон радикал реформа чечимдерине бериле турган кенен колдоо маанилүү. Ишке ашуусу керек болгон радикал реформалар үчүн кенен макулдашуу пайдубалынын түзүлүшү бир зарылчылык катары өзүн көрсөтүүдө.

Жаш Тунис демократиясы азыр да мурунку авторитардык тартиптин мекемелери түзгөн негизде жашап калууга аракет кылууда. Бирок мурунку мезгил мекемелеринин реформасы жана  бул мекемелердин улантылуусунан пайдасы болгон бөлүктөрдүн каршы чыгуусун бастыруу оңой эмес. Бирок ичинде болгон ырааттуулуктун коопсуздук, жогорку инфиляция жана хроникалашкан жумушсуздук меселелери жараткан мажбурдуулуктун натыйжасында түзүлгөн улуттук биримдик өкмөтү мындай абалдан чыга турган жолду таба алат.

Айрыкча өкмөттүн абдан кенен жайылышы президенттин партиясы жана түзүлө турган коалициянын негизги актеру Нида Тунисте жараткан терстиктерге карата токтотуучу күч түзөт. Нида Тунистен чоң бир группанын бөлүнүү менен башка бир партия курушунун эң негизги негизин президенттин партияны үй – бүлө мүлкү сыяктуу карагандыгы жана уулу Хафыз Кады Ел Себсинин партия ичинде барган сайын салмактуулугунун артканы  тууралуу сөздөр чыгууда. Президенттин өкмөттү куруу менен милдеттендирген Юсуф Ел Шахиддин да алыстан тууганы болушу тууганчылык ойлорун кайрадан күн тартибине алып келди. Бирок партияда бул багытта айтылган сөздөрдүн улуттук биримдик өкмөтү менен дагы оңой курчутула аларын айтууга болот. Себеби абдан кенен жайылган өкмөттүн жашоосунун узун мөөнөттүү болушу жана ийгиликтүү болушу үчүн чоң өлчөмдө коалициянын негизги партиясынын терстиктеринин алдына өтүлүүсүнөн өтүүдө. Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африканын келечеги, Араб Жакынкы Чыгышында бир демократия модели катары жашоосун уланткан Тунис демократиясынын келечектеги саясий ырааттуулугуна жана укуктун жогорулугуна таянган бир режимдин курулушуна караштуу. Ушул жактан кичинекей бир өлкө болгон Тунистин желкесинде абдан чоң жүк бар. Тунистик саясатчылардын бул жүктү билүү менен кыймыл кылуулары Тунистин жана Жакынкы Чыгыштын келечеги менен Европанын коопсуздугуна түздөн түз таасир берет.


 

 

 



Тектеш кабарлар