Түркия терезесинен Жакынкы Чыгыш - 29

Чилкотин отчету ортого чыгарган чындыктар

532507
Түркия терезесинен Жакынкы Чыгыш - 29

13 жыл мурда Британия АКШнын жол башчылыгында ишке ашкан бир кийлигишүүнүн экинчи чоң элементи катары Ирактын басылып алынуусунда маанилүү жоопкерчиликти алды. Бул кийлигишүүгө мыйзамдуулукту алып келүү үчүн АКШ менен Британия жаңылыш далилдерге таянышты.

Ал мезгилдин Британия премьер – министри Тони Блэр тышкы саясат максаттарына жетүү үчүн консерваторлор көп болгон Жорж Буш башкаруусундагы Америка башкаруусу менен бирге кыймыл кылууну тандады. Бул чечимди чыгарып жатып Блэр өз партиясынын ичинен берилген эскертүүлөр менен коомдук пикирдеги тескери ойлорго көңүл бурган жок. Британия Американын жол башчылыгындагы басып алуучулукка 30 миңден ашуун аскер менен катышты. Бул согуш 179 англис аскеринин каза болушуна себеп болду. Мезгилдин оппозиция лидерлери жана бийликтеги Жумушчу партиясынын кээ бир депутаттары Британиянын Ирак согушуна кошулуу процессин тергөөгө алуу талабын билдиришти. Тони Блэр кызматын таштагандан кийин бийликке келген Гордон Броун өкмөтү беш кишилик териштирүү комиссиясынын курулушуна чечим чыгарды. Жон Чилкотин  жетекчилигиндеги комиссия 2001 – 2009 – жылдардын арасындагы окуяларды иликтеди. 10 миллион стерлингге чыгым болгон комиссиянын иш алып баруусу учурунда окуяларды мурунку премьер – министрлерден Тони Блэр, Гордон Броун, кээ бир министрлер жана мезгилдин жогорку мартабалуу аскердик жана чалгындоо кызматкрелери да болуу менен 150дөн ашуун киши суракка алынды. 150 миңден ашуун расмий документ да иликтөөгө алынды. Бир жылдын ичинде жарыялануусу күтүлгөн отчеттун билдирилүүсү жети жылга созулду. Отчеттун жарыялануусунун узун убакытка созулушунда англис тышкы иштер министрлигинин Буш менен Блэрдин ортосундагы телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүнүн жарыялануусуна уруксаттын берилбешинин да таасири болду.

Териштирүү комиссиясынын төрагасынын  фамилиясынан алынган Чилкотин отчету деп аталган отчет бул чындыктарды ортого салды. Британиянын Ирак саясаты толугу менен  жаңылыш кабарларга таянган. Британия үчүн Иракта аскердик кыймылды тандоо акыркы жол эмес эле. Согушту чыгаруудан мурда  бардык тынчтыкчыл жолдорду издөө керек болчу. Ушул себеп менен Британиянын согушка кирүү себептери канааттандыраарлык эмес.

Аскердик кыймыл кийинки баскычтарда сөз болмок. Бирок 2003 -  жылдын шарттарында Саддам Хүсейин бир коркунуч туудурган эмес. Ирактын массалык кыруучу куралдарынын  тобокелчилигине байланыштуу сөздөрдүн чындыгы жок болчу. Кийлигишүүдөн кийин болгондор Британиянын жана анын артынан кеткен АКШнын басылып алынышынан кийинкиси үчүн план жана даярдыктардын жетерсиз экендигин көрсөткөн.

Согуштан кийин Иракка ырааттуулук келген эмес жана тескерисинче террордук окуяларда күч алуу болду. Иракта  кийлигишүүдөн кийин ошол мезгилде боло турган жарандык согуш жана Аль Каиданын аймакта активдүү болуу ыктымалы мезгилдин премьер – министрине сунушталган.

Тони Блэр согушта эмне болсо болсун АКШнын жанында согушка кирүүдө чечкиндүү экендигин Бушка билдирген. Иракта басып алуу менен жүз миңдеген ирактык каза болуп жана миллиондогон киши жерлеринен чыгып кеткен. Ортого салган чындыктар менен Чилкотин отчету басып алуудан мурда тынчсызданууларды билдиргендердин жана басып алууга каршы чыккандардын туура экендигин ортого чыгарды. Бүгүн Ирак хаос ичинде жана ийгиликсиз мамлекет көрүнүшүн берип жатат. Ошол эле учурда бардык Жакынкы Чыгыш кан көлүнө айланды. 2003 -  жылы башталган террорго каршы глобалдык согушка карабастан аймак  дагы көп террордук уюмдашуулардын кыймыл аянтына айланды. Ирактын басылып алынуусу Аль Каиданын аймакта тамыр жаюсуна мүмкүнчүлүк түздү. Ошону менен бирге ДЕАШтын ортого чыгуусуна себеп болду. ДЕАШ бир гана аймактык зомбулук уюму катары эле калган жок. Акыркы Париж кол салуусунда да көргөндөй эми дүйнө өлчөмүндө террордук кыймылдарга кол койгон түзүлүш болду. Ирактын  басылып алынышы бир гана Иракты эле эмес, аймакка форма берүүгө аракет кылган мамлекеттерди да террордук коркутууларга учуратууда. Чилкотин отчету бизге келген маалыматтардын чалгындоо документтери менен толукталгандыгын айтууда. Бүгүн Аль Каида жана ДЕАШ сыяктуу уюмдардын чыныгы жаратуучуларынын ким экендиги дагы так түрдө ортого чыкты. Укуктун жогорулугу принцибинин бир гана батыштык демократиялык өлкөлөрдүн өз ички тартибинин өзгөчөлүгү болуудан чыгышы керек жана эл аралык тармакта да өзүн сездирүүсү керек. Мунун жолу Аль Каида жана ДЕАШ сыяктуу түзүлүштөрдүн чыныгы жаратуучуларынын сот алдына чыгарылышынан өтөт. Кан  көлүнүн эсеби суралышы керек.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар