Түркия терезесинен Жакынкы Чыгыш - 28

Түркия – Израиль жакындашуусу менен Палестина чындыгына кароо

528956
Түркия терезесинен Жакынкы Чыгыш  - 28

Өткөн жуманын акырында Түркия менен Израиль түзгөн макулдашуунун акырында араларында алты жылдан бери саясий келишпестик соңуна чыкты. Бул келишим албетте Газада жашаган палестиналыктар үчүн да бир топ жыйынтыктарды алып келди. Эми Газага карата белгилүү чектөөлөр улантылуу менен бирге Түркия тарабынан дагы көп гуманитардык жардам жеткириле алмак. Бирок бул келишим эң көп Түркия – Израиль карым – катнаштары үчүн мааниге ээ болууда. Ошондуктан негизинен Палестина маселесин чечүү келишими эмес. Палестина маселеси бул келишимдин ичине батпай турганчалык чоң маселе.  Ушунун негизинде Газа жана Батыш Шерианын Израиль текшерүүсү астына кирген 1967 -  жылдагы Араб  -  Израиль согушунун 49 -  жылында Палестина чындыгына кароодо пайда бар.

Чыгыш Иерусалим да болуу менен Батыш Шериа жана Газа тилкеси 1967 -  жылдан бери Израиль аскердик текшерүүнүн астында. Бул жерлердин Израиль тарабынан басылып алынышынан кийин 300 миң палестиналык мекенинен чыгууга мажбур болду жана көпчүлүгү кайтып келди. 1967 -  жылы Израиль бир топ отурукташуу жерлерин палестиналыктардан тазалап жок кылды.  Израилдик жетекчилердин Чыгыш Иерусалимде биринчи кылган иштеринин бирөөсү Муграби мааласынын 135 үйүн кулатып жана 600 маала тургунун алыстатуу болду. Кулатылган үйлөрдүн ордуна Батыш Дубалы Плазасы курулду. Батыш Шериадагы биринчи мыйзам тышы отурукташуу жери Жумушчу партиясы өкмөтүнүн жардамы менен 1967 -  жылы сентябрь айында курулду. Ушул  жана мындан кийин курулган жана 1949 -  жылдагы чектеринин тышында калган бардык отурукташуулар эл аралык укукка тескери жана Төртүнчү Женева келишиминин бузулушу деген мааниге келет. Бир жашыруун меморандумда Изриаль  өкмөтүнүн укук кеңешчисинин да бул мыйзам бузуучулукту кабыл алганы көрүнүүдө.

1974 – 1975 – жылы Изриаль Иерусалимдин чыгышында Батыш Шериа жерлерине курулган эң чоң отурукташуу өзгөчөлүгүн сактаган Маале Адумимди курду. Бүгүн Батыш Шериа жана Чыгыш Иерусалимде өкмөт тарабынан бекитилген 125 отурукташуу жерлери бар. 100гө жакын да өкмөт тарабынан бекитилбеген отурукташуу жерлеринин бар экендиги сөз болууда. Бул отурукташуу жерлеринин баарында 600 миңге жакын мыйзам тышы отууркташуучу жашап жатат. Акыркы 10 жылдын ичинде БУУнун берген сандарына караганда израилдик отурукташуучулар тарабынан палестиналыктарга карата 2, 598 зомбулук кыймылы болду.

1980 -  жылдардын ортосуна чейин Батыш Шериада палестиналыктарга  таандык дыйканчылык аянттардын көлөмүндө 40 пайыздык катнашта азаюу болду. 1991 -  жылдан баштап Израиль басылып алынган жерлерде жашаган палестиналыктардын Израилге киришин жеке уруксатка байланыштырды.

Батыш Шериада палестиналыктардын кыймыл эркиндигине бөгөт болгон 500дөн ашуун текшерүү жери же башка бөгөттөр бар. 2003 -  жылы Израиль Батыш Шериа менен Чыгыш Иерусалимдин ортосунда Бөлүнүү дубалын курду. 2004 -  жылы да Эл аралык адилеттик кеңеши бул дубалдын эл аралык укукка тескери экени тууралуу көз карашты билдирген.

Газа тилкесинде 1,8 миллионго жакын палестиналык жашап жатат. Булардын 70 пайызы БУУна катталган качкын статусунда жана 1948 – жылдагы согушта жерлеринен алыстатылган палестиналыктардан турат. 2005 -  жылы Газадагы отурукташуу жерлери менен полициялык пункттар жоюлду. Бирок аймактын басылып алынуусу улантылууда.

1967 -  жылы Израиль, Иерусалим шаарынын чектерин кеңейткендигин жарыялады жана 1967 -  жылдагы согуштан кийин текшерүүгө алынган жерлердин бир бөлүгүн шаардын чектерине кошту.  Бул ачыкча жер эрежелерин бузуу деген мааниге келүүдө. Иерусалимде  жашаган палестиналыктардын чоң бөлүгүнүн жарандык статусу жок. Белгилүү шарттарга байланыштуу жашоо уруксаты бар. Израиль бийлиги кээ кээде шарттардын орундатылбагандыгын айтуу менен бул уруксаттарды жоюп жана ал кишилерди Иерусалимден алыстатууда. 2014 -  жылы булардын саны 107 киши болгон.

Айрыкча Израиль жетекчилери палестиналыктарга карата бөлүүчү суу саясаттарын да жүргүзүүдө. 1967 -  жылдагы согуштан кийин текшерүү астына алынган жерлерде Израиль эки тараптуу сот системасын ишке ашырууда. 600 миң израилдик отурукташуучуга жарандык соттор кызмат кылып, калкынын саны 4,5 миллион болгон палестиналыктардын доосу аскердик соттордо каралууда. Аскердик соттордо доолордун 99, 74 пайызында добогерлер күнөөлүү болуп чыкты. Израилдик жетекчилер бул аймакта камоого алган палестиналыктарды эч кандай күнөөлөө болбостон же сотко чыгарбастан алты ай камоо укугу бар. Алты айдан кийин да кайра алты ай узарта алышат. Бүгүн 7 миңден ашуун палестиналык кылмышкердин 715ши ушундайча камоого алынган кишилерден турат.

1967 – жылдан бери Израиль жетекчилери бир коллективдик жазаландыруу жолу катары палестиналыктарга таандык жүздөгөн үйдү кулатты. Палестиналыктарга таандык көптөгөн үй да уруксатсыз деген негиз менен кулатылды. Бир тараптан палестиналыктар курулуштарды улантуу үчүн кайрылып, кайрылуунун 95 пайызы четке кагылды. 2016 -  жылдын биринчи беш айында үйү изриаль бийлиги тарабынан кулаган палестиналыктардын саны да 625 киши болгон. Биринчи Интифада учурунда 20 пайызы балдар болуу менен миңден ашуун палестиналык каза болду. 2006 – 2014 -  жылдардын арасында Изриалдин алты Газа кол салуусунун акырында да 1, 097 бала каза болду.

1990 -  жылдардын ортолорунда кол коюлган Осло келишимдеринин акырында Палестина башкаруусу курулду. Бул башкаруу 1967 -  жылдан кийин Израиль башкаруусуна кирген Палестина отурукташуу бөлүктөрүнүн бир бөлүгүндө белгилүү темаларда палестиналыктарга кызмат кылууда. Бул келишимдерге караганда Израиль текшерүүсү астындагы жерлер А, Б, В аймактары катары үчкө бөлүндү. А жана Б аймактары бири бирине жакын эмес. 227  башка аянттан турат жана ар башка даражаларда Палестина башкаруусунун текшерүүсү астында. Бирок Батыш Шерианын 60 пайызы толугу менен  жарандык жана аскердик жактан Израиль  текшерүүсү астында.

Керек болсо адам укуктарын изилдөө комитети сыяктуу түрдүү адам укуктары мекемелери, керек болсо кээ бир БУУму комитеттери Израилдин палестиналыктарга карата саясаттарын улуттук текке таянган бөлүүчүлүк деп баа беришти. Кыскача абдан баш – аламан болгон Палестина маселесинин чечилиши эл аралык коомдун темага олуттуу түрдө кароосу жана укуктук механизмдердин чечкиндүү түрдө ишке кирүүсү мүмкүн.



Тектеш кабарлар