Түркия терезесинен Жакынкы Чыгыш – 27

Йеменде кыйын Рамазан күндөрү

523848
Түркия терезесинен Жакынкы Чыгыш – 27

Йемен араб Жакынкы Чыгышынын эң жакыр өлкөсү. Бул өлкөдө 14 айдан бери коомдук жыйынтыктары абдан маанилүү болгон согуш болууда. Йемендиктер бул рамазанда абдан кыйын абалга дуушар болду. Апрель айында башталган жана эки айга жакын созулган ок атууларды токтотуу кыйынчылыктардын жоюлушуна кичинекей да болсо  мүмкүнчүлүк түзүлгөн болчу.  Бирок БУУнун Йемен атайын өкүлү тарабынан сунушталган жол картасында кайсы баскычтын алдыда турары жагдайында келишпестиктер болду.
Негизинен атайын өкүл Вилд Шейх Ахмеддин сунуштарын тараптар оң кабыл алышты. Сунуштарынын арасында көтөрүлүшчүлөрдүн башкача айтканда хусилер жана союздашы мурунку мамлекет башчысы Али Абдуллах Салихке караштуу аскердик бөлүктөр Сана да 2014 -  жылдан бери басып алган жерлерден чегинүүсү, куралдуу күчтөрдүн оор куралдардан тазалануусу жана биримдик өкмөтүнүн курулушу сыяктуу шарттар бар. Бирок хусилер биринчи кадам катары убактылуу биримдик өкмөтүнүн башына бир консенсус төрагасынын дайындалуусун каалашты. Эл аралык коом кабыл алган Йемен өкмөтүнүн лидери Абд Раббух Мансур ел Хадинин өктөөл өкмөтүнүн да башында болушу шартында катуу турушту. Бирок Ел – Хадинин эки жылдык мөөнөтү толгон болчу. Айрыкча азыркы учурдагы кризистин ортого чыгышында өткөөл мезгилдеги ийгиликсиз башкаруунун абдан чоң салымы болду.

Кошумча катары Ел – Хади  тарабы хусилердин жана союздаштары басып алган шаарлардан чегинүүсүн жана куралсыздануусун да биримдик өкмөтүнүн курулушунан дагы көп алдыңкылык берилгендигин белгилешти. Эки айлык убакыттан кийин кагылышуулар кайрадан башталган болду. 14 айдан бери болуп келе жаткан Йемендеги согуш азыркы учурда олуттуу бир адамзаттык кризиске айланды. Согуштан мурда да калкынын көпчүлүк бөлүгү абдан кыйын турмуштук шарттарда жашап жаткан. Азыр болсо абал абдан маанилүү абалда. Көптөгөн жерде 40 градустан ашкан ысыктык, узун мөөнөттүү электр үзгүлтүктөрү, суу үзгүлтүгү жана жалпы эле жокчулук  рамазан айында йемендиктерди абдан кыйнады. Балдардын өлүмү менен жыйынтыкталган эпидемия оорулары Йеменде күнүмдүк турмуштун бир бөлүгү болду.

2015 -  жылдын  апрель жана 2016 -  жылдын май айларынын арасында Сауд Аравиянын жол башчылыгындагы араб коалициясынын операцияларынын натыйжасында 9, 136 жаран каза болду.Булардын 18 пайызын аялдар, 24 пайызын да балдар түзүүдө. Жаралуулардын саны болсо 16 миңден ашуун.

Көптөгөн жол, көпүрө, аэропорт, оорукана жана мектеп кол салуулардын айынан колдонулбай турган абалга келди. 325 миңден ашуун үй жашабай турган абалда. Бул  бомбалоо жана кагылышуудан улам 2,8 миллион киши жашаган жеринен көчүп кетти. Башта эл аралык амнистия уюму болуу менен көп сандаган жергиликтүү жана глобалдык жарандык коом уюмдары араб коалициясынын колдонулуусуна тыюу салынган бомбаларды колдонулгандыгын айтышууда.

15 миллионго жакын киши азык – түлүк коопсуздугу маселеси менен бетме – бет келип турат.

БУУнун Йемен адамзаттык координаторуна караганда Йемендеги абал азыркы учурда дүйнөдөгү эң маанилүү кризистердин бирин түзүүдө. Балдардын өлүмүнүн башка себеби да аз азыктануу жана ачкачылык. Кемчилик менен бирге кымбатчылык азык – түлүк маселесинин башка жагы. Көптөгөн үй – бүлөнүн сатып алууга күчү жетпегендиктен базарда болгон азык – түлүктөрдү сатып ала албайт. Калктын 80 пайызга жакыны түрдүү көлөмдөрдө гуманитардык жардамга муктаж.

         БУУ мүчө мамлекеттерге 2016 -  жыл үчүн Йеменге 1, 8 миллиард долларлык жардам берүүгө чакыруу салган. Бирок  ушул кезге чейин  бул көлөмдүн 17 пайызы гана камсыздалды. Андай болсо эмне себептен Йеменде согуш болуп жатат? Медиада бат – бат сөз болгон себеп 2014 -  жылдын сентябрь айында борбор шаар Сананы колго алган хуси куралдуу күчтөрүнүн Ирандын атынан согуштук өкүлчүлүктү бериши. Ошондуктан аларды Сауд Аравияга каршы Иран көкүткөн. Хусилер  Йемендин үчтөн бир бөлүгүн түзгөн шиит Зейди калкынын ичинен чыккан негизги аты Энсаруллах болгон бир диний – саясий кыймыл. Иран менен болгон байланыштары да сыр эмес. Бирок Ирандын Йемендеги таасирине маани бербеш керек. Хусилер бардык Зейдилердин колдоосун алган жок. Айрыкча зейдилердин баары да Иран жактоочусу эмес. Азыркы учурда хусилер менен кызматташтык түзгөн мурунку мамлекет башчысы Али Абдуллах Салих да Зейди бөлүгүнөн. Бирок Салихтин мамлекет башчылыгы мезгилинде негизинен саудиялыктар менен жакын мамилелер курулду. Саудиялыктардын жардамы менен өткөн күндө хусилерге каршы алты жолу согушкан. Хусилер менен Салихти бириктирген нерсе бир сектадан болушу эмес. Саясаттан четте калууну кабыл албаган Салих хусилерди өзүнүн кайрадан Йемен саясатында таасирдүү кыла турган каражат катары көрдү. Борбордук башкаруу тарабынан дайыма кысымдарга дуушар болгон хусилердин Сананы колго алышы да Ирандын багыттоосу менен болбоду. Хусилердин ансыз да бардык Йеменге ээ чыга турган күчү да жок. Өткөн күндөрдө Салих менен алты жолу согушкан группа катары ага да ишенишпейт. Хусилер эми өздөрүнүн негизги күч элементтеринин бирөөсү экендигин көрсөтүү үчүн коньюнктураны ылайык көрүштү.

Сауд Аравия үчүн негизги тынчтандыруучу жагдай Йеменде про  -  Иран бир режимдин жаралышы эмес. Өз текшерүүсүнөн чыккан Салихтин Иранга жакын эмес экендигин саудиялыктар абдан жакшы билишет. Сауд Аравиянын Санада Ел – Хади башкаруусунун кулашына катуу каршылык көрсөтүүсүнүн себеби Йемендин Хуси – Салих кызматташтыгы менен өз текшерүү аянтынын тышында калуусу эле. Стратегиялык маанисинен улам Йеменди дайыма Сауд Аравиянын текшерүүсү астында болушу сауд тышкы саясатынын эң маанилүү элементтеринин бирин түзүп жатат.

Бирок саудиялыктар үчүн маселенин Иран  - Сауд Аравия күч күрөшүнүн негизинде каралуусу эл аралык коомдун назарында колдоо алуусуна мүмүкнчүлүк түзүүдө. Ушул себеп менен саудиялыктар Йемендеги кийлигишүүлөрүн аймакта арткан Иран таасиринин негизинде кароону жана анын таасирин жок кыла турган кийлигишүү сыяктуу сунуштоону тандашты. Маселе болсо маңызында дагы көп жергиликтүү динамикалардын бутага алынышы эле.  



Тектеш кабарлар