Түркия терезесинен Жакынкы Чыгыш - 25

Максат Феллужени куткаруу эмес ага ээ чыгуу болушу керек

517743
Түркия терезесинен Жакынкы Чыгыш  - 25

 

Эл аралык террордук уюм болгон ДЕАШ АКШнын жол башчылыгындагы эл аралык коалициянын Иракты басып алуусунда жараткан хаос менен жаралган. Басып алуу жана андан кийин Ирак саясатында сөз ээси болгон элементтердин суннит арап калкы күчтөндүргөн саясаттар менен аткарган иштери ДЕАШтын оболу тамыр салуусуна мүмкүнчүлүк түздү. Сирияда  болгон хаос да ДЕАШтын Ирак чектеринин тышындагы аянттарга жайылуусуна жол ачты. 2014 -  жылдын биринчи айларында Батыш Ирактагы шаарларда жана Ирактын эң негизги шаарларынан Мусулда өкүмдүк кылуусу ДЕАШ үчүн бурулуш жери болду. Өзүн мамлекет катары жарыялаган террордук уюм Самарра жана Тикрит шаарларына да жайылды. Түндүк Иракта күрт аймактык башкаруусун жана Керкүк шаарларын да коркута баштады. Багдаттын ДЕАШка каршы чыга албашы Америка башкаруусун аракетке өткөрдү. АКШнын жол башчылыгында түзүлгөн эл аралык коалиция 2014 -  жылдын жай айларында уюмга каршы операцияларын баштады. 2016 -  жылдын январь айында ДЕАШ Иракта текшерүүсү астындагы аймактардын 40 пайызынан чегинген. Ирактын борбор шаары Багдатта уюм тарабынан жасалган бомбалуу кол салуулардан кийин ДЕАШка карата операциянын бутасы катары Феллуже шаары алдыга чыкты. Ирактын премьер – министри Хайдар ел Ибадинин 23 – майдагы маалыматынан кийин Феллужеге карата операцияларды баштаган болду. Ирак армия бөлүктөрү менен бирге шиит Хашди Шаби куралдуу күчтөрү, Ирак полициясы жана суннит урууларынан турган ыктыярдуу бөлүктөр да операцияларда орун алды. 18 -  июнда Ел Ибади Феллуженин шаар борборуна киришкендерин жана шаардын куткарылгандыгын жарыялады. Бирок бүгүндөн баштап шаардын түндүктөгү маалаларында кагылышуулар улантылууда. Акыркы күндөргө чейин калктын көпчүлүгүнүн шаарда болушу операцияны кыйындаткан элемент болду. Айрыкча казылган чуңкурлар, сансыз бомбалуу тузактар жана жарандык калктын  калкан катары колдонулуусу сыяктуу абалдар да операцияга тоскоол болууда. Бир жума мурункусуна чейин шаардан кеткен жарандардын саны бир канча миң киши менен чектүү эле. Бирок ДЕАШтын күчүнүн кеткенине карабастан кагылышуулардын улантылуусу, Феллуже жана жакындарындагы отурукташуу борборлорунан жарандардын чыгуусун кошо ала келди. БУУнун адамзаттык карым – катнаштар координациясы офисинин билдиргенине караганда 18 -  июнь күнү сандар 83 миң кишиге жеткен.

ДЕАШ Феллужеден тазалангандан киийн Багдат үчүн негизги маселе 2003 -  жылдан бери болгон окуялардан улам дайыма жаман абалда калган аймактын тургундары менен курула турган байланыш формасы болот. Шиит Хашид Шаби куралдуу күчтөрүнүн ичиндеги ашыкча элементтердин шаарды таштап кеткен жарандарга карата мамилеси өткөн жумаларда күн тартибине келген. Анбар башкаруучусунун билдиргенине караганда 50гө жакын жаран өлтүрүлгөн жана 650сү да жоголгон. Ирак армиясынын бул күнөөлөөсүнө олутуу кароо менен кээ бир кишилерди камоого алгандыгы жана териштирүү баштаганын көрүүдөбүз. Бирок расмий өкмөттүн жана армиянын ашыкча куралдуу күчтөргө каршы таасиринин жок экендиги белгилүү. Феллуже калкынын өткөн күндөрдө да учураган ушуга окшогон абалдар шаардын Америка басып алуусунун биринчи жылдарында абдан маанилүү каршы чыгуу борбору болушун кошо алып келген. Айрыкча ДЕАШтын жол башчысы катары Аль Каиданын Ирактагы уландысы да бул шаарда өзүнө ылайык чөйрө тапкан. Аль Каиданын зулумчулугуна каршы аймак калкы уюмга каршы күрөшкө жардам берип жана анын сиңдирилүүсүндө роль ойногон. Бирок борбордук өкмөттүн аймакты унутуусу жана калкына карата бөлүүчүлүк кылган саясаттарын улантуусу 2014 – жылы ДЕАШтын аймакта жайгашуусуна жол ачкан абал болду. ДЕАШтан куткарылуусу кааланган Феллуже калкы куралдуу күчтөр менен байланышууну каалабай жатат. Ушул себептен Анбар аймагы жетекчилерди Багдаттан Феллуже калкынын Хашди Шаби куралдуу күчтөрү менен бир байланышта болбошуна мүмкүнчүлүктүн түзүлүшүн каалап жатышат. Андан башка ДЕАШтан куткарылгандан кийин куралдуу күчтөр менен эч качан шаарга кирүүсүнө уруксаттын берилбешин талап кылышууда. Санааркаткан башка бир абал да Тикрит сыяктуу ДЕАШтан куткарылган суннит отурукташуу бөлүктөрүнө, кагылышуудан мурун шаардан кеткен калктын кайтуусуна алигиче уруксат берилбей жатат. Бул абал шаарлардын демографиясы менен ойнолот деген санааны ойготууда.

Феллуже калкы үчүн борбордук өкмөттүн шаарды ДЕАШтан куткаруусу чыныгы мааниде куткаруу эмес. Багдаттын максаты Феллужени куткаргандан башка ага ээ чыгуу болсо керек. Бул бир топ жактан абдан маанилүү.

Шаар Багдат үчүн стратегиялык абалда. Багдаттан 70 километр гана алыс. Шаардын калкынын Багдат тарабынан режимден алыстатылган суннит калктан турушу режимге каршы элементтердин ал жерде жардам бериши да баш калкалай турган жер табуусуна мүмкүнчүлүк түзүүдө. Ошондуктан Багдаттын коопсуздугу, Феллуженин чыныгы тынчтыкка жетишүүсүнө байланыштуу. Ушул алкакта Феллуже куткарылгандан кийин Феллуже калкынын өзүн ишенимдүү сезүүсү үчүн тартип жоопкерчиликтин жергиликтүү бөлүктөрдүн колунда болушунан башка альтернатив жок. Экинчи болуп ылдам түрдө кайрадан куруу иштерине киришүү керек. Ушул алкакта аймакта жумушсуздукту да азайта тургандай проектилердин ишке кирүүсү абдан чоң мааниге ээ болууда. Акыркы болуп күч уюмдарынын идеологиясы күрөшүү үчүн жергиликтүү суннит дин адамдарынын кызматташуусуна муктаждык бар. Кыскача Ирак борбордук өкмөтүнүн алдындагы сынак Феллужени кайрадан куткаруу эмес. 2003 – жылдан бери аткара албагандарын аткаруусу маанилүү. Багдат Феллуже калкынын көңүлүн алууга мажбур.



Тектеш кабарлар