Түркия терезесинен Жакынкы Чыгыш - 22

Улуттук макулдашуу өкмөтү жана Ливияда белгисиздик

502166
Түркия терезесинен Жакынкы Чыгыш  - 22

2016 -  жылдын апрель айынан баштап Ливияда үч өкмөттүү үчүнчү мезгилге кирилди. Триполи жана Тобрук парламент мүчөлөрү да катышкан Ливия саясий диалог сүйлөшүүлөрү өткөрүлдү. Сүйлөшүүлөрдүн акырында Улуттук Макулдашуу Өкмөтү курулду. Бирок Улуттук Жалпы Конгресс тарабынан дайындалган Триполи өкмөтү жана өкүлдөр парламентине караштуу Тобрук өкмөттөрү да улантылууда. Бул үч өкмөттүү жаңы кырдаал абалды белгисиз кылууда. Бирок жаңы мезгилдин саясаты мүмкүн боло турган кээ бир айырмачылыктарды да камтууда. Үчүнчү мезгилге кеткен жол БУУнун жол башчылыгында жүргүзүлгөн диалог жана сүйлөшүүлөрдөгү биримдик пайдубалынын негизинде ачылды. Сүйлөшүү процессинде Улуттук Жалпы Конгресс жана Өкүлдөр парламентинин башчылары процессти колдошпогондорун билдирген. Айрыкча сүйлөшүүлөргө катышкан мүчөлөрүнүн өз парламентинин өкүлү эмес экендигин белгилешкен. Ушуга карабастан сүйлөшүүлөр улантылды. Сүйлөшүүлөргө эки өкмөттүн көзөмөлүндөгү аймактардан түрдүү шаарлардын, уруулардын жана куралдуу күчтөрдүн өкүлдөрү да катышкан. Бардык тоскоолдуктарга карабастан БУУнун жол башчылыгындагы сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учураган жок. 2015 -  жылдын 17 -  декабрында бир макулдашуу тексти катары Ливия саясий келишимине кол коюлду. Бул макулдашуу эл аралык колдоонун саясында мүмкүн болду. Бул колдоо жаңы түзүлгөн Улуттук Макулдашуу Өкмөтүнүн Триполиге баруусунан кийин да маанилүү боло баштады.

2015 -  жылдын 17 -  декабрында Марокконун Сүхейрат шаарында кол коюлган LSA өкүмү  боюнча курулган Президенттик Кеңештин төрагасы жана Улуттук Макулдашуу Өкмөтүнүн төрагасы Фаиз Сираж 30 -  мартта Триполиге барды. Мындан кийин  Триполи өкмөтү жана Улуттук Жалпы Конгрессинин  ичиндеги макулдашуунун жактоочуларынын кыймылы келди. 135 кишилик Улутутк Жалпы Конгресстин 73 мүчөсү Ливия Саясий Келишиминин өкүмү боюнча  Улуттук Жалпы Конгресстин мамлекеттик кеңешине айланганын жарыялады. Жаңы түзүлгөн мамлекеттик кеңеш Улуттук Жалпы Конгресстин чогулган жерин эч кандай каршы чыкпастан текшерүүгө алды. Улуттук жалпы Конгресске караштуу өкмөттүн тогуз министрлигинде Улуттук Макулдашуу Өкмөтү менен кызмат орундуктары алмаштырылды.

БУУнун Ливия атайын өкүлү жана БУУнун Ливияны колдоо миссиясынын төрагасы Мартин Коблер ошол эле күнү Триполиге келди. Коблер 2014 -  жылы шаардан кеткен миссиянын кайтып келерин билдирди. Коблердин зыяратынан кийин 12 – 16 – апрель күндөрү Италия, Франция, Германия жана Британиянын тышкы иштер министрлери Триполини зыярат кылышып, финансылык жана коопсуздук боюнча жардам берүү убадасын беришти. Айрыкча БУУму жаңы түзгөн Ливия фондуна АКШ, Катар, Италия жана Германия багыш берүү убадасын беришти. Бул өлкөлөр Ливияда байланыш кура турган бир гана расмий мекеменин Улуттук Макулдашуу Өкмөтү экендигин билдиришти. Улуттук Макулдашуу Өкмөтү улуттук деңгээлде да колдоо алды. Улуттук Жалпы Конгресс өкмөтүнө караштуу 10 муниципалитет Улуттук Макулдашуу Өкмөтүн тааныды. Ливия инвестиция башкаруусу, Ливия Борбордук Банкы жана Улуттук Нефть фирмасы сыяктуу маанилүү мекемелер да Улуттук Макулдашуу Өкмөтүн расмий бийлик катары кабыл алышты. Финансылык булактарга ээ болгондуктан өзгөчө ЛБМнин колдоосу абдан маанилүү эле. Улуттук Макулдашуу Өкмөтүнүн Триполиде кыска убакытта таасирин көрсөтүүсү жыйындын жетерлик санда эмес деген шылтоо менен ишеним добушун кечеңдеткен Тобруктагы Өкүлдөр Парламентинин кыймыл кылуу аянтын тарайтты. Өкүлдөр Парламентинин мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн Ливия Саясий  Келишими тарабынан өткөрүлүүсү керек болгон ишеним добушунда Улуттук Макулдашуу Өкмөтүн жактаган добуш берери көрүлдү. Ливия Саясий Келишимине каршы Өкүлдөр Парламентинин төрагасы Укейла Салихтин аракети менен ишеним добушун берүү ушул кезге чейин ишке ашкан жок. Кысымдар менен тоскоолдуктарга карабастан акыркы бир айдын ичинде Өкүлдөр Парламентинин ичинде макулдашууну жактоочулардын кыймылы акырындатылды. Кысымдардын натыйжасында 20 -  апрелде Өкүлдөр Парламентинин 102 мүчөсү Улуттук Макулдашуу Өкмөтүнө жактаган добуш бергенден мурда Ливия Саясий Келишиминин 8 -  беренесинин жоюлушун каалашты. Бул берененин жоюлушу Ливиянын батышында кааланбаган адам болгон Генерал Хафтердин Улуттук Макулдашуу Өкмөтүнүн  мезгилинде да башкы штабдын төрагалыгы позициясын улантуусуна мүмкүнчүлүк түзмөк.

Керек болсо Коблердин билдирүүлөрү, керек болсо батыштык өлкөлөрдөн берилген маалыматтар Улуттук Макулдашуу Өкмөтүнүн так түрдө расмий өкмөт катары кабыл алынганын көрсөтүүдө. Ливиядагы качкындарды качырууга тоскоол болуу үчүн көрүлө турган чаралар тууралуу Европа Биримдиги эми Улуттук Макулдашуу Өкмөтү менен байланыш түзүүдө.

Ошол эле учурда «Хафтер маселеси» да эки себептен улам чечилүүсү  керек. Биринчиден Хафтердин тыштан алган колдоосу. Франция, Египет, Сауд Аравия жана Бириккен Араб Эмирликтери Хафтерди колдогон негизги факторлор. Кошумча катары Хафтер чыгыштагы уруулардын негизги бөлүгүнүн колдоосуна ээ.

Эл аралык коом узун убакыттан бери Ливияга карата тышкы кийлигишүүнү мажбур катары көрүүдө. Кенен бир мыйзамдуулук пайдубалы менен түзүлгөн макулдашуу өкмөтүнүн чакыруусунун кийлигишүүнү мыйзамдаштырары ойлонулган. ДЕАШтын Ливияда болушу жана качкын  - адам качыруу маселеси Европаны жана эл аралык коопсуздукту коркуткан абал катары кабыл алынууда. Азыркы учурда аз санда болсо да Америка, англис жана француз атайын кыймыл командалары Ливияда. Бирок бул жетерсиз.  Сирия жана Иракта олуттуу жоготууларды жашаган ДЕАШтын Ливияга согушчандарды жиберүүсү күтүлүүдө. Бул ишке ашпастан уюмга каршы операция жүргүзүү ойлонулууда. Батыштык күчтөрдүн кийлигишүү үчүн сөзсүз чакыруу алуу шартын күтпөстөн даярдыктарды баштаганын көрсөтүүдө.

Кийлигишүүнүн Улуттук Макулдашуу Өкмөтүнүн олуттуу мекемелешүүнү ортого чыгарбастан ишке ашуусу сөз болууда. Бул процессте ливиялык жергиликтүү элементтер четке кагылбайт жана Улуттук Макулдашуу Өкмөтүн тааныган куралдуу күчтөр да операцияга кошулат. Бирок Улуттук Макулдашуу Өкмөтүнүн премьер – министри Сираждын чет элдик кийлигишүүгө караганда ливиялык күчтөрдөн турган союздаштыктын ДЕАШка каршы согушуусу күтүлүүдө. Бирок мунун мүмкүн эместиги да ачык. Генерал Хафтер жакындарда башка куралдуу күчтөргө тыюу салынмайынча Улуттук Макулдашуу Өкмөтүнүн буйругу астына кирбей тургандыгын билдирди. Азыркы учурда өкмөткө караштуу куралдуу күчтөр ДЕАШка каршы согушуу үчүн Сиртеге карай жолго чыкты. Иштин кызыктуу тарабы Хафтердин күчтөрү менен Улуттук макулдашуу өкмөтүнө караштуу мысраталык куралдуу күчтөр азырынча ДЕАШка каршы согуш баштабастан бир бири менен кагылышууга кирип жатат. Айрыкча кыска убакыттын ичинде мысраталык бөлүктөр эки жолу ДЕАШтын жан кечтилик кол салуусуна дуушар болду.

Жыйынтык катары Улуттук Макулдашуу Өкмөтүнүн Триполиде иш алып баруусу менен башталган мезгилдин кыска убакытта жаңы бир хаосту чыгаруусу мүмкүн экендигин айтууга болот. Бирок бул мезгилди мүмкүнчүлүккө айландырууга болот. Мүмкүнчүлүк жолунун ачылышы болсо Тобруктагы бөгөт болуучу лагердин тыштан жардам алуу үмүтүнүн жок болушунан өтүүдө.



Тектеш кабарлар