Түркия терезесинен Жакынкы Чыгыш - 20

Израилдиктердин көз карандысыздык кубанычы, палестиналыктардын Некбе (апаат) аза күтүүсү

499052
Түркия терезесинен Жакынкы Чыгыш - 20

Бир Некбе күнү болуп өттү. Жыл сайын 15 – май күнү палестиналыктар үчүн эскерүү жана аза күтүү күнү. Бул 1948 -  жылдан бери улантылып келет.

14 -  май болсо Израилдин көз карандысыздыгын жарыялаган күн. Израилдеги көз карандысыздыкты белгилөө күнү еврей календарына караганда жыл сайын өзгөрүшү мүмкүн. Бирок 14 -  майда Израиль жана дүйнө еврейлеринин абдан чоң бөлүгү үчүн «Кайтып келүүнүн» аныкталган күнү.

Күндөр бирөөсүнүн кубанычы, бакыты бирөөсүнүн кайгысы жана азасы боюнча түзүлгөндөй.  Некбе күнү  кайгыларды бөлүшүү күнү. Бир коомдун көз карандысыздыгынын башкасы үчүн жараткан апаат экендигин унутпоо күнү. Башкача айтканда апаат күнү.

Бул күндөрдө Израиль еврейлери өлкөнүн курулушунун 68 жылдыгын кубанычтуу майрамдап жатат. Израиль, Батыш Шериа, Газа жана дүйнөнүн төрт тарабына таркаган мекенсиз  калган палестиналыктар болсо Некбе же Апаат күнүн жашайт. 68 жыл мурда чыккан мекенсиздештирүү жана «улантылып келген Некбени» протест кылышат. Некбе күнү Израиль мамлекетинин 1948 -  жылы курулушу менен  Палестина жерлеринин жергиликтүү Палестина калкынан тазалануусуна карата белгиленген күн. Ал мезгилде Израилдин курулушу жарыяланган жерлерде жашаган жергиликтүү калктын 85 пайызынан ашууну айыл – кыштактарынан чыгууга мажбурдалган. Бошотулган отурукташуу жерлери жер менен жексен болгон. Мажбур чыгарылган кишилердин ордуна башка өлкөлөрдөн келген еврейлер жайгаштырылды. Акре жана Хайфа сыяктуу  өткөн күндүн тектүү Палестина шаарлары бошотулду жана артта эч нерсе калган жок. 700 миңден ашуун киши сүргүнгө айдалды.

Израиль мамлекетинин курулуусу үчүн аймактын палестиналыктардан тазалануусу көз карандысыздыктан мурда башталган. 30 -  март жана 30 -  май күндөрүнүн арасында 200гө жакын Палестина айылы басылып алынып жана ал жерде жашагандар мажбур түрдө чыгарылган. Ансыз да Израилдин көз карандысыздыгы жарыялангандан мурда калктын жарымы  мекенинен чыгарылган болчу. Израилдин бийлиги астындагы  жерлердин палестиналыктардан тазалануусу саясаты көз карандысыздыктын жарыялануусунан кийин да бүткөн жок. Израиль чектеринин ичинде калган жерлерден палестиналыктардын чыгарылуусу 1950 -  жылдардын акырына чейин улантылды. Ал жерден кеткендердин  кайтып келүүсүнө күч колдонуу жана укуктук жолдорду жабуу менен бөгөт болунду. 1956- жылга чейин үйүнө кайтып келүүнү каалаган 5 миң палестиналык Израиль коопсуздук күчтөрү тарабынан жасалган күчтүн курмандыгы болду. Чыгарылган жаңы мыйзамдар менен мекендеринен чыгарылган палестиналыктарга жарандык укугу берилген жок. Мүлк менен жерлери да колдорунан алынды. Палестиналыктар жыл сайын Израилдин расмий көз карандысыздык күнүндө жана 15 -  майда Некбе күнү менен жолугушат. Израилдеги митингдерге еврей адам укуктары активисттери да колдоо беришүүдө. Бирок «аймактагы бир гана демократия» катары билинген Израиль Некбе күнүн мыйзамсыз деп жарыялаган бир мыйзамды 2012 -  жылы кабыл алды. Израиль расмий билдирүүлөрүнө караганда бул эскерүү күнү Израилдин «Еврей мамлекети болууну тануу деген мааниге келет. Айрыкча кубаныч жана бактылуулук күнү болушу керек болгон бир күндү аза күтүү күнү катары белгилөөгө каршы чыгууда. Ачыкча ой эркиндигин бузган бул мыйзамга каршы Конституциялык сотко жасалган кайрылуу четке кагылды. Ошондуктан Израиль өкмөтү бул митингдердин өткөрүлүүсүнө тоскоол болуу үчүн колунан келгенди жыл сайын аткарууда. Тоскоол болуу менен жыл сайын окуялардын чыкканы, камоолордун болгону жана ал түгүл жаралануу менен өлүмдөргө себеп болгонуна күбө болуудабыз.

Некбе белгилегенибиздей  көптөгөн жылдардан бери улантылып келүүдө.  Себеби качкын болгон палестиналыктардын кайтып келүү талаптары  адамзаттык укугунун жыйынтыгы. Бүгүн БУУна катталган 5 миллиондон ашуун палестиналык качкын бар.

1967 – жылы болгон согуштан кийин 300 миңден ашуун палестиналык жерлеринен чыгууга мажбур болгон. Айрыкча Израилдин Батыш Шериа жана Чыгыш Иерусалимде мажбур түрдө жерлерди алуу жана үйлөрдү кулатуу саясаттары улантылууда. Палестиналыктардан тазаланган жерлерге жаңы отурукташуу жерлери курулуп кеңейтилүүдө. 1967 -  жылдан бери Израилдин 1949 – жылдагы чектеринин тышында курулган жаңы отурукташуу жерлеринде жашаган Израиль жараны еврейлердин саны 600 миңге жетти. Бул толугу менен палестналыктардын үйлөрү менен жерлеринин колунан алынуусу менен ортого чыккан абал. Батыш Шериа жана Газадагы Палестина коому азыр да курчоо жана аскердик башкаруунун астында жашоону улантууда. 2015 -  жылы сентябрь айынан бери болуп келе жаткан окуяларда 200дөн ашуун палестиналык каза болду. Жакынкы Чыгыш аймагынын жалпысы сыяктуу Палестина да кайгыга, өлүмгө, сүргүнгө тойду. Палестина тынчтыкты көрбөстөн аймактын да тынчтыкты көрүүсү кыйын ал түгүл мүмкүн эмес. Тынчтык болсо «улантылып келген Некбе» менен тактала турган абал эмес. Адилеттик жана адам укуктарынын негизинде теңдикке таянган макулдашуу боюнча түзүлө турган тынчтыктан башка чыга турган жолу жок. Жасалуусу керек болгон «улантылып келген Некбе» эмес, Некбенин соңуна чыгарылуусу.



Тектеш кабарлар