Түркия терезесинен Жакынкы Чыгыш - 19

Атылып жаткан Халеп эмес, адамзаттык!

494704
Түркия терезесинен Жакынкы Чыгыш - 19

«Халепте табыт жетишпей жатат»,- дейт  сириялык дарыгер Усаме Эбу Ел Эзз. Канкорчо кол салуулардын айынан каза болгондор үчүн табыт жетишпей жатат. Халепте оппозициячылдардын текшерүүсү астындагы аймакта жашоо өлүм менен бирге жүрүүдөн айырмасы жок. Кээ кишилер бул шаардан кутулуу үчүн эртерээк өлүмдүн  келиши үчүн дуа кылып жаткандай. Орусия жана Асад режими тарабынан жасалган акыркы бомбалоо  абдан күчтүү болду. Дарыгер Эбу Ел Эззенин айтымына караганда  эми таштар да от алып күйүп жатат.

Дүйнөнүн алдыңкы адамзаттык укуктарын коргогон Эл аралык мунапыстык уюму кыска убакыт мурда бир отчет жарыялады. Бул отчетко караганда Орусиянын жана Асад режиминин аба күчтөрү атайын жана билип туруп системалуу түрдө ооруканалар менен клиникаларды бутага алып жатат.Эл аралык мунапыстык уюму бул жыйынтыкты ок атууларды токтотуудан мурунку абадан кол салууларга карата баа берген.

Түндүк Халепте ок атууларды токтотуу соңуна чыккандан кийин кайрадан абадан кол салууларын баштаган Асад режимине жана Орус аба күчтөрүнө таандык учактардын биринчи иши оорукана жана клиникаларды атуу болду. Эл аралык мунапыстык уюмунун кызматкери Тирана Хассандын оюна караганда саламаттык сактоо мекмелери менен кызматкерлерине карата жасалган бул кол салуулар жырткычча жүргүзүлгөн согуштук стратегиянын бир бөлүгү.

Ооруканалар, электр станциялары жана иче турган суу комплекстери орус жана Асад режиминин кол салууларынын буталары болду. Бул жердеги максаттын кол салууга дуушар болгон шаардын жашоочуларын аймактан чыгууга мажбурлоосуна шек жок. Качкындар кризисинин жаратылуусу согуштук стратегия катары жактырылгандай көрүнүүдө. Адамдарды дарылай турган саламаттык сактоо кызматкерлеринин калбашы, бардык нерселерге карабастан жашап калууга аракет кылган шаар тургундарын жашаган аймакты таштап кетүүгө түртктөн эң негизги себептердин арасында орун алууда.

Халептин оппозициячылдардын текшерүүсү астындагы аймакта Кудүс ооруканасы да Орусия жана Асад режиминин акыркы күндөрдөгү кол салууларынын бутасы болду. Бул кол салууда аймактагы бир гана балдар дарыгери болгон Мухаммед Весим Муаз каза болду. Дарыгер Муаз эл үчүн күрөшкөн жана оорулууларын абдан жакшы караган киши эле. Эл үчүн иштегендиктен ооруканада жата баштаган. Кол салууларда каза болгондордун бирөөсү да Халепте калган акыркы 10 тиш дарыгеринин бирөөсү Мухаммед Ахмед болду. Кесиптештери менен калкын сүйгөн киши эле. Ыктыярдуу түрдө балдар үчүн өткөрүлгөн иш чараларга катышчу. Балдарга согуш шарттарында тиштерин кантип сактоо керектигин үйрөткөн. Акыркы беш жылдын ичинде Сирияда жүздөгөн дарыгер каза болду. Адам укуктары үчүн дарыгерлер аттуу мекеменин бир эмгегине караганда  Сирияда акыркы беш жылдын ичинде  эң аз 730 дарыгер каза болду.

Эл аралык Мунапыстык Уюму да белгилегендей ооруканалар жана саламаттыкты сактоо кызматкерлерине жасалган кол салуулар  жаңылыштык менен болгон окуялар эмес. Кудүс ооруканасынын бомбалануусунан бир күндөн кийин айда 2 миңден ашуун кишиге кызмат кылган саламаттык сактоо борбору да кол салууга учурады.

Март айында ишке кирген ок атууну токтотуу кагылышуулардын соңуна чыгуусуна мүмкүнчүлүк түзө алган жок. Бирко жалпы өлкөдө аз да болсо азыркы учурда Халеп да болуу менен ок атууларды токтотуу өлкөнүн көпчүлүк бөлүгүндө соңуна чыгып, кол салуулар кайрадан башталды. Жакынкы убакта да бир келишимдин түзүлүшү болбой тургандай. Бирок ок атууларды токтотуунун Түндүк Халеп да болуу менен кайрадан түзүлүшүнөн эч шек жок. Мындан сөз болуш үчүн  АКШ Орусия тууралуу бардык күчүн жана козрларын колдонууга мажбур. Албетте орустардын да Асад режимине кысым жасоосу керек. Орустардын бомбалоону токтотуусу жана Асад режимин да мажбурлоо менен жалпы өлкөдө  ок атууларды токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн оңой өтүүсү жана кишилердин каза болушун азайтууга мүмкүнчүлүк түзөт.



Тектеш кабарлар